Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Чоробек Сааданбеков дүйнөдөгү мыкты википедиячылардын катарына кирди


Чоробек Сааданбеков.
Чоробек Сааданбеков.

Бүткүл дүйнөлүк көз карандысыз “Википедия” энциклопедиясынын түзүлгөнүнө бүгүн 15 жыл толду. Бул юбилейлик датага байланыштуу сайт дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 15 википедиячынын аты-жөнүн жарыялады. Мыктылардын арасына Кыргызстандан Чоробек Сааданбеков да кошулду. Ал википедиядагы кыргызча маалыматтарды көбөйтүү менен алектенет.

Чоробек Сааданбековдун айтуусунда, азыр википедиядагы кыргызча макалалардын саны 53 миң 125ке жетти. Алгачкы кыргыз тилиндеги маалымат 2011-жылы жайгаштырылган. Окурмандардын саны ай сайын бир жарым миллионго чамалайт. (SE)

XS
SM
MD
LG