Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Өз муунунун жаңыга чакырган өкүлү эле


Жаныбек Жанызак "Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүндө. 2009-жылдын 22-сентябры.
Жаныбек Жанызак "Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүндө. 2009-жылдын 22-сентябры.

Айтылуу кыргыз журналисти, интернетчи, википедиячы Жаныбек Жанызак дүйнө салды. Анын ары талаш-тартыштуу, ары талыкпай изденген чыгармачыл дүйнөсү тууралуу Т.Чоротегиндин блогу.

Дагы бир шамчырак бүлбүлдөп барып өчүп калган экен... Кайран Жаке, көзүңүз тирүү кезинде өзүңүз угууга үлгүрбөгөн жылуу сөздөр эми короодон жамырап чыккан козулардай болуп дарегиңизге жайнап кетет ко...

Менин чакан күндөлүк катым (блогум) да ошондой сөзгө жатат. Айла канча!..

Машаякчы

Айрымдар Сизди динин алмаштырды деп жаман көрүшчү. Сиз болсо “Теңирдин кыргызча динин – машаякчылыкты таптым, мен – семетейчимин!” деп жар салдыңыз. Жаңы дин нугу эне тилде сыйынууга уруксат берет экен, дедиңиз. Диний терминдерди кыргызчалатууга умтулдуңуз.

Кыргызстандагы медиа каражаттарында Ыйсаны пайгамбар катары жазган мусулман авторлорго машаякчылар үчүн ал кудай экенин дароо эскертип, Ыйса деп эле койгулачы деп жазып чыгаар элеңиз.

Бир чети, бул – диний сабырсыздыкты көрсөтүшү ыктымал. Экинчи чети, мусулман эмес кыргыздарга сөздү колдонууда орток нукту таап, сабырдуу болууга чакырык эле.

Тарыхчы катары айта кетсем, Кыргызстанда мүлдө кыргыз өздөрүн мурда мусулман деп гана саначу, ал эми XX кылымдын ичинде атеисттер, агностиктер, бара-бара башка да диний агымдарды колдогон майда топтор пайда болду. Ал эми дүйнөлүк алкактан алганда, ошол эле XX кылымдын башында тарыхый Жуңгариядагы (Тарбагатайдагы) кыргыздар бутпарас (буддизм) дининин ламачылык жолун тутуп келген, ал эми Түндүк Кытайдагы фу-йү кыргыздары, Шибер менен Алтайда калган далай боордошторубуз теңирчиликтин бир бутагы болгон шаманизмди дин тутушкан.

Жакем болсо жаңыдан баш көтөргөн кыргыз машаякчыларынын тобуна кирди. Ысык-Көлдө өзүнүн бул динге кирүү жөрөлгөсүн өткөрдү. Ошол эле учурда мусулман туугандарынын жана досторунун мусулмандык ырасымдарынын бардыгына катышып келди.

Айтматов таануучу

Жаныбек Жанызак кыргыз адабиятына ыймандай сыр айтуу жаатында нук салып кетти десек болот ко дейм. Ал эч ким батынып ачык айта албаган теманы – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүйүүсү темасын анын көзү тирүүсүндө жалтанбастан көтөрдү.

1990-жылдардагы ошол күрдөөлдүү учурда, бир ирет, эски өкмөт аянтынан Жакебизге карп-күрп жолугуп калдым. Аны менен учурашкан соң, саясатты талкуулап саал божурашып калдык. Ошондо ал аянттан чыгыш тарапка келе жаткан бир айтматов таануучуну көрө калып, дароо ага чап жабышты: “Минеге силер мен көтөргөн теманы ачык жазбай жатасыңар! Кана, айтчы, үнүңдү жаздырып калайын”, – деп өзү көтөрүп жүргөн оор үн жазгыч сандыкты сыйпалап калды.

Анан Жакебиз берки айтматов таануучуну ашатып сөгүп кирсе болобу!.. Айрым таластыктар эркин сүйлөгөн сөздөрдүн Калашников чыгарган автоматтай атылган бир боо бөлүгүн угуп, оозум ачылып калды... Берки киши жаныбыздан оолактап качканча шашты. Манасчы Саякбайды да кээде ачуусу келгенде богооз болуп кетчү дешет, Жакебиз да ошондой эле.

Жакебиздин бир өзгөчөлүгү – ушак-айыңдын деңгээлинде эмес, үнүн тасмага жаздырып, документти сүрөткө тартып, азыркынын тили менен айтканда, мултимедиалык далилдерди топтоп иш аткарчу. ... Так далили бар, кыргызча да, орусча да өз оюн ташка тамга баскандай жеткирген мындай калемгер менен соттошуу да кыйынга турмак.

Анын бул маанилүү мултимедиалык дарек топтоо саамалыгын ошол кезде айтматов таануучулар менен жалпы эле фолкьлор таануучулар жана тарыхчылар колдонгон болсо, анда XX кылымдын далай тарыхый окуяларына жана инсандарына карата жекече көз караштар ар тараптуу чагылдырылып калмак болчу...

Ал эми кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзү Жаныбек Жанызакка каршы чабуулдардын отун суу сепкендей өчүрдү... “Жаза берсин!” деди Чыкебиз. Ошол күлгүн доордогу сүйүүсүнөн эч баш тартпастыгын тастыктады Чыкебиз. Соттук доо далалаттарын токтотуп салды Чыкебиз.

Мезгил өткөн соң калыс сереп салсак, Жаныбек Жанызак залкар жазуучуга да мурдагы коммунисттик цензура жоюлган тапта өз тагдырына байланыштуу ичиндеги күйүттүү ойлорун ачык айтууга жана жазууга мүмкүндүк ачып берген экен... Кийинчерээк Ч.Айтматовдун өзү казак акыны, досу Муктар Шаханов менен баарлашуусунда бир кезде “табу” жарыяланган ушул темага ээн-эркин кайрылып, далай күдүк жаратышы ыктымал болгон биографиялык маселелерди ачыктаган.

“...Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”, – деп айтуудан Чыңгыз Айтматовдун залкарлыгы бөксөргөн жок, ар пенде сыяктуу ыймандай сырын айтуу мүмкүнчүлүгүн пайдалангандыгы менен бейнеси ого бетер ажарланды. Ч.Айтматовдун жанында чарк көпөлөктөй айланып жүргөн көшөкөрлөрү эмес, дал ушул Жаныбек Жанызак улуу жазуучуну аялуу темада ачык кеп салууга түрттү.

Интернетчи, википедиячы

Жаныбек Жанызак агай Кыргызстанда эне тилде интернет маалыматын жайылтууда да опол тоодой салым кошту. Ал кыргыздын далай оң жак, сол жакка жиктелген басылмаларына өкмөттүкү, оппозицияныкы дебестен, орток платформа түзүп берди. Дүйнөнүн чар тарабында жашаган кыргыздар Ала-Тоодогу басылмалардын улам жаңы сандарын интернеттен окуп, оңуп эле жатып калышты.

Бир ирет кайсы бир эркин гезиттин кийинки саны интернет барагында жок болуп чыгып, Жаныбек агайга “ошону качан жарыялайсыз” десем, ал басылманын жетекчисин сөгүп жатып калды: “Же мага жаңы санынын маалыматын бербейт же өзү кыйратып интернет барагын ачпайт!..”.

Чын эле, Жаныбек Жанызакка өз гезитинин материалдарын бергенден кызганган редакторлор жана гезит ээлери да болгон... Алардын гезити катуу кетсе 2 миңден 10 миң нускага чейин жетчү, интернет болсо XXI кылымдын алгачкы жылдары улам он миңдеп көбөйгөн, кийинчерээк миллиондогон кишилерге жетип жаткан.

Дагы бир маселеде Жаныбек Жанызак саамалыкчы болду... Ал – ачык жана универсалдуу Википедиянын” кыргыз тилиндеги вариантынын пайдубалын түптөөгө салым кошту. 2011-жылы “Кыргызстан Сорос” корунун көмөгү менен кыргыз википедиячылары бир катар жыйындарды өткөрүп, алардын бирине Жаныбек Жанызак агабыз өзү да катышты.

Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.
Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.

Мен жыйында Жаныбек агайдын дарегине да ыраазычылык билдире кеттим, кийин да бул ыраазычылык сөзүмдү улам кайталап айтып келдим.

Бир кезде он чакты гана сөздүктүк макала болгон, анан жүзгө жеткен, анан 2011-жылы кыргызча “Википедиянын” кампасы миң сөздүктүк макаладан ашып калган кези эле.

“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү туураруу жадыбал. Түзгөн – Т.Чоротегин. 28.3.2011.
“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү туураруу жадыбал. Түзгөн – Т.Чоротегин. 28.3.2011.

Бир гана нерсеге Жакебиз эч муюган жок. Нааразылыгын мага айтты:

– Муногунун бир жери жакпады эй!

– Эмнеси, байке?

– Көрүнгөн киши оңдой берет экен да, анын алгачкы вариантынын ишпалдасы чыгып, автору ким экендиги таанылбай калат экен!

– Ошонусу кызык да, байке!

– Э койчу, ушуну! Мунусу эч жакпай атыр...

Азыркы тапта (2020-жылдын 18-декабрынын таңына карата) кыргызча “Википедияда” 80 741 сөздүктүк макала бар. Бул – мурдагыдан кыйла жакшы, бирок... бери дегенде 100 миңге жеткен сөздүктүк макала жаза албаган, сүйлөсө тили жанган, бирок интернеттеги “кара жумушту” “шайтандын шапалагындай” көргөн жалкоо “илитасы” бар эл экенбиз!..

Азыркы тапта “Википедия” 341 тилде түзүлгөн. Кыргызча вариант 76-орунда араң келе жатат. Өзбек тили 59-, казак тили 43-орунда, эгемен мамлекети жок татар боордоштор 41-, чечендер 33-орунда турат. Ал эми 101,928 сөздүктүк макаласы бар тажик тили 68-орунга чыкты (бир кезде кыргыз тилиндеги вариантка куйрук улаш жүрчү).

Бир ирет мени “кыргызча Википедияны баштаган киши” катары макташканда, апырылган ал баадан жаа бою качтым: дал ушул атакка бизде өзгөчө татыктуулардын алдыңкы сабында Жаныбек Жанызак турат. Мен ал кишиден кийин бир нече жыл өтүп гана бул агымга кошулганымды азыр да тастыктайм.

Интернеттеги ачык энциклопедия – байлык. Анткени уюкфонду ачкан окуучу балдарыбыз жалаң гана интернеттеги оюндарга кызыкпастан, айдыңдык маалыматты ар тараптуу алышы үчүн, руханий жактан дүйнөсү байышы үчүн аларга интернет аркылуу эне тилде мол маалымат жабдып коюшубуз абзел.

Интернеттеги ачык жана бекер энциклопедиялар жана башка маалымат кампалары окуучуларга салыштырма маалыматтарды өз алдынча табуу аркылуу заманбап окуу китептеги мултимедиалык өксүктөрдү жеңип чыгууга мүмкүндүк берет. Интернет байланышы ырааттуу жолго коюлса, Лейлекте, Ат-Башыда, Ак-Шыйракта, Чаткалда туруп эле жеткинчек балдарыбыз ар кыл тилдердеги билим ресурсуна Бишкектеги балдардан кем эмес ээ болот.

Дал ушул өңүттө Жаныбек Жанызактын кыргыз интернети аркылуу таалим берүүдөгү салымы эбегейсиз зор болду.

Сөз таануу

Жакебиз менен сөз этимологиясы, сөз которуу жана сөз жаратуу жаатында кыйла талаш-тартыштар болду. “Азаттыктын” 2009-жылы 22-сентябрда башталган “Сөз таануу” шеринесине Жакебиз алгачкы жылдары өзгөчө белсенип катышты.

Ал кыргыз терминдерине мындайча жаңылыктарды киргизди (аларды мен дайыма колдонуп келем):

Тергич – клавиатура (муну “ариптакта” деп да сунуштаган элек);

Уюк – сотовый; сотка;

Уюкфон – сотовый телефон;

Эсепкер – компүтер, ж.б.

Анын кээ бир сунуштары кабыл алынбады, айрымдары азыр деле “ырайым күтүп жатат”.

Өзүнүн далай муундаштары эсепкер менен иши жок аш-тойдо жүргөн чакта, Жакебиз жаш муундар менен кээде катуу айтышып, кээде жумшак талкуулашып, айтор, кайдыгер эмес агай катары технологиялык терминдерди кыргызчалоо жаатында жол көрсөтүп жатты.

Азамат Алтай жана СССР жаатында сөз

Албетте, Жаныбек агай менен бардык жактан эле пикирдеш болдук деп эч айта албайм.

Анын көз карашын терең сыйлоо менен бирдикте, ага каршы өз пикиримди айткан учурларым да болду.

Маселен, бир ирет Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин чоң жыйын залында ыраматылык Азамат Алтайды (1920–2006) эскерген маданий иш-чара өткөрүп калдык.

Арткы сол тараптагы катарлардын биринде Жаныбек Жанызак агай отурганын көрүп турдум (мен да төрдө аларга бетмаңдай отурган элем). Улам-улам кол көтөрүп коёт. Кээде Жакебиз ордунан туруп кол көтөрүп коёт... Оболу чакырылган аксакалдарга сөз берилип жатты.

Алып баруучу мага шыбырады: “Жаныбек Жанызак улам сөз сурап жатат, ага бербей эле коёлучу, ар кайсы нерсени чаргытып айтып салчу эле”.

“Жок, берели. Азамат Алтай да сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн”, – дедим. Албетте, анын эмне деп айтаарын алдын-ала туюп турган элем.

Жакебиз төрдөгү тик орундукка (кафедрага) чыгып, муруту да кыймылдап, өзү да кээде оң колунун сөөмөйү менен залды сайып көрсөтө жалындуу сүйлөй баштады. Ток этер жерин айтканда, ал ыраматылык Азамат Алтайды “СССРдин чыккынчысы” деп айыптады, өтүп жаткан жыйындын уюштуруучуларын да сындады.

Анан ал ич күптүсүн чыгарып алып, ордуна кайра отурганда, кезектеги сүйлөөчү төргө чыгып келгенге чейин мен өзүмдүн оюмду айтууга үлгүрдүм.

Сөзүмдүн маңызы мындайча болду: биз совет доорунда кимде-ким советтик коммунисттик режимге каршы чыкса эле, дароо “чыккынчы”, “эл душманы” деп эсептечүбүз, анын көз карашы менен эч ишибиз болгон эмес. Мурдагы басмачыларды да ошенткенбиз. Бирок алар элге эмес, тоталитардык советтик мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыгышкан, демек, муну кыргыз элине, Кыргызстанга каршы чыгуу деп эч качан түшүнбөшүбүз керек. Азамат Алтай Кыргызстандын эгемендиги, демократиялуу болочогу үчүн күрөштүн жарчысы болгон, ал эч качан кыргыз элине, Кыргыз өлкөсүнө душман болгон эмес. Тоталитардык мамлекеттеги күнкордук сезимден, СССРдин иши кылып жактоочусу (апологети) болуу өнөкөтүнөн арылышыбыз керек.

Ушуларды айтып, Жаныбек Жанызакты карасам, жүйөмө баш ийкегендей болду. Албетте, өз оюнда эле калды... Бирок өзү да жеңилдеп бугун чыгарып алды, өзүнө каршы да пикирди укту.

Андан кийин деле Жакебиз менен ар кыл коомдук жайларда далай ирет жылуу-жумшак учурашып жүрдүк.

“Каттама” окуясы

Жаныбек Жанызак элдик фолькордогу эротика темасы сыяктуу жалпы калайыктан көз жаздымда жашап келген өңүттү 1990-жылдарын алгачкы жарымында кыргыз тилиндеги басылмаларда көтөрүп чыккан “тентектерден” болду.

Анын “Каттама” деп аталган эптеп-септеп чыгарылган гезити кеңири жайылып жатты.

Бир күнү (мен “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун башчысы элем) мага кайсы-бир молдоке чалып калды.

“Ушу кантип болсун! Баланча атада “Каттаманын” мынчанчы бетинде үстүнөн санаганда мынчанчы сабында төлөнчө деп жазылып турат айланайын! Ушу кантип болсун! Деги абийир деген барбы!” – деп алиги молдоке ачуулана опурулуп жатты.

“Кызык экенсиз, аксакал! Мен ал гезитти эч сатып албайм! Өзүңүз ага кызыгат турбайсызбы!” – деп алиги молдокени жоошуттум.

Ал кезде Ак үйгө журналисттер 7-кабатка чейин кирип кете берчү. Бир ирет маалымат жыйыына катышуу үчүн ошол жакка басып баратып, Киев көчөсүндөгү гезит саткан күрккөдөгү эжеден сурап калдым:

– Эжеке, Ак үйдөгү аткаминерлер кайсы гезиттерди көбүрөөк сатып алышат?

– Расмий гезиттерден тышкары алар “Асаба”, “Республика”, “Кыргыз руху” сыяктуу гезиттерди алышат. Анан көзүн башка жакка ала качып туруп, колу менен сайып, “мына бу гезитти да кошуп коёсузбу” дешет, – деп алиги эжеке мага жылмайып, “Каттама” гезитин көрсөткөнү алигиче жадымда турат.

Адалсынып, башкаларды түз жолго чакырып, өздөрү тестиер кыздарга зомбулук көрсөткөн айрым өзүн “такыба динчи” санагандарга караганда, Жаныбек Жанызак алда канча аруу болчу деп ойлойм.

Кош бол, Жаке!

Жаныбек агайдын сааты келип, эми жалган делген дүйнөнү таштап кетиптир...

Ал – ким эле? Жакшы киши болчу...

Кызы Айпери Жанызакова, уулу Жолдош Жаныбек уулу өздөрүнүн "Фейсбуктагы" барактарында суук кабарды тастыкташты. "Мен сени жакшы көрөм, Атаке!" деген сөзүм өзүң уккан акыркы сөз болду, - деп кызы Айпери муун бошотуп жазды. 2020-жылдын 17-декабры.

"Журналисттер" коомдук бирикмеси 2020-жылы 18-декабрда журналист, жазуучу Жаныбек Жанызактын каза болгонуна байланыштуу жакындарына көңүл айткан билдирүүнү "Фейсбук" аркылуу таркатты.

Анда: "Жаныбек Жанызак жаңычыл, иштерман, өзгөчөлүү журналист эле. 1990-жылдардан кийин ал компьютер, интернет иштери менен алектенип, кыргыз тилиндеги көпчүлүк гезиттердин материалдарын “Кыргыз айылы” аттуу интернет-сайтка жайгаштырып, гезиттердин коомчулукка таралышына салым кошуп келген", - деп айтылат.

Ушул дүйнөдө Жакебиз бар күчү, бар ниети менен өз чындыгын издеп, анысын ачык айтып жүрүп өттү.

Кыргыздын дагы бир таланттуу, мээнеткеч, изденгич уулу арабыздан кетти...

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Алыстан жазган ушул күндөлүк катым аркылуу үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга көңүл айтам. Элесиңиз эч качан өчпөйт!

XS
SM
MD
LG