Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Журналист Жаныбек Жанызак каза болду


Жаныбек Жанызак.
Жаныбек Жанызак.

Журналист жана көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак 69 жашында узакка созулган оорудан кийин 17-декабрда каза болду.

Бул тууралуу социалдык тармакка анын кызы Айпери Жанызакова жазды.

Жанызак 1990-жылдары жаңычыл, прогресске умтулган жазмакер, фотограф катары тааныла баштаган. Анын алгачкы китептери «Фото кыйынбы же оңойбу?», «Фотографияны кантип үйрөнүш керек?» (котормо) деп аталат.

Эгемендиктин алгачкы жылдары жыныстык тарбияга багытталган кыргыз тилиндеги алгачкы «Каттама» аттуу гезитин чыгарган. Кезинде басма сөз эркиндигинин карлыгачтары атыккан «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, коомчулукка тез жетип, көп окула турган темаларда жазган.

Акыркы жылдары жеке басмаканачылык, китеп басып чыгаруу менен алектенип келген. «Жанызак пресс» басмаканасынан миңдеген нуска менен чыккан китептер Кыргызстанда жана Орусиядагы мигранттар арасында сатылып келген.

«Мен өзү немис тили боюнча мугалиммин. Бирок мен немис мугалими болуп эле чектелип калган жокмун да. Мен компьютерщикмин, мен фотошабащникмин, гезит чыгаргыч, көп тармак. Мен ар балээмин» деген «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде.

Акыркы күндөрү Жаныбек Жанызак залалдуу шишик менен ооруп жаткан эле. Ал 1951-жылы 15-ноябрда төрөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG