Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызча Уикипедиянын казынасы бөксө


Уикипедия интернет энциклопедиясынын кыргыз тилиндеги барагы
Уикипедия интернет энциклопедиясынын кыргыз тилиндеги барагы

15-январда интернеттеги акысыз Уикипедия энциклопедиясынын түзүлгөнүнө он жыл толду. Дүйнөнүн 271 тилинде маалыматтарды таап берген бул энциклопедиянын кыргызча бөлүмү макалалардын саны боюнча башка тилдерден кыйла эле артта калып келет.

Жергиликтүү адистер мунун себебин түшүнүктөрдү кыргызчага которууда жана макала жазууда бирдиктүү аракеттин жоктугу жана ыкшоолук менен байланыштырышат.


Уикипедияда кыргыз тилиндеги макалалар аз


Интернеттеги Уикипедия энциклопедиясынын орусча же англисче бөлүмдөрүнө кирип, кайсы бир түшүнүк жөнүндө издөө салсаңыз, жабалактатып көп маалымат таап берип, жайнатып койот.

Ал эми кыргызча Уикипедияда сиз издеген маалыматтын баары эле табыла бербейт. Себеби энциклопедияда кыргыз тилиндеги макала, маалыматтар абдан эле чектелүү.

Учурда Уикипедияда кыргыз тилинде 1317 гана макала бар. Казак менен өзбек тилинде жети миңдин тегерегинде маалымат топтолгон. Ал түгүл татарлардын Уикипедиясында кыргыз тилиндеги баракка салыштырмалуу беш-алты эсе көп макала жазылган.

Орусча 600 миңден ашуун, англис тилинде болсо 3 жарым миллиондой макала бар.

Жаныбек Жанызак
Интернетте бул энциклопедияга колунда бар маалыматтарын, түшүндүрмөлөрүн жайгаштырып турган эркин журналист Жаныбек Жанызак кыргызча Уикипедиянын казынасы минтип бөксө болуп жатканын акысыз макала жазууну каалаган адамдардын аздыгы менен түшүндүрүүдө:

- Мына бул Уикипедияны олуттуу караган кыргыз жок. Олуттуу карайын деген кыргыздар компьютерде иштегенди билбейт. Компьютерди билгендер олуттуу материал жаза албайт. Анын натыйжасында Уикипедиянын кыргыз бөлүмү таптакыр деп айтпайын, бирок негизинен жокко эсе. Эгерде ага жазган фамилияларды алганда деле ал жерде аз эле адам бар. Эгер чындап келгенде мындай бекер жерге жабыла отура калып, жабыла жазып салууга мүмкүнчүлүк бар эле.

Интернеттеги Уикипедия сайтында кеминде 270тен ашуун тилде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга маалымат жаза алат. Ошондой эле буга чейин жазылган макалаларга түзөтүүлөрдү киргизе алат.


Каалоо бар, кызыгуу аз


Байкоочулардын баамында, Кыргызстанда Уикипедияга кыргызча маалыматтарды жайгаштыргандар аз эмес. Бирок алар бирдиктүү, системалуу иш алып бара албай жатышат.

Мирсулжан Намазалиев
Мындан улам блогчу, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев Уикипедиянын казынасын көбөйтүү үчүн интернет колдонуучуларды кызыктыруу керек экендигин баса белгилейт:

- Бул тармакта иштегендер кичи топтор менен же жалгыз болуп аракеттенип жатышат. Бирок негизги, кеңири стимулдары жогору болуп жатат. Жазгандан кийин дагы окурмандар деле макалаларды көп окушпай жатышпайбы. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде муну мода катары жасаш керек да. Адамдар ал жакка макала жазып жатканда көп адамдар жооп жазып жатат. Мен да жазып жатам деген ойдо болушу керек. Так ушул максатка система же эмнеге жетишкибиз келип жатканын көрсөтүшүбүз керек.

Бирдиктүү аракеттин жоктугунан интернет ресурстарын кыргызчалоо иш-аракеттери чабал жүрүп жатканын Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов да четке какпайт.

Төрага белгилегендей, кезегинде өлкө президенти Роза Отунбаева да Уикипедиа сайтындагы кыргызча маалыматтарды көбөйтүү сунушун билдирген.

Азимжан Ибраимов
Ушул тапта Уикипедияга кыргыз тилиндеги энциклопедия китептериндеги маалыматтарды киргизүү иштери жүрүп жатканын Ибраимов да айтат:

- Мына ушул улуттук энциклопедиянын электрондук түрүн жайгаштыралы деп жатабыз. Бизде кыргыз тилинде илимий жана тарыхый мол материалдар бар. Аларды Уикипедиянын казынасына кошууну ойлоп жатабыз. Мындан тышкары көркөм адабияттан дагы бир аз берсекпи деп жатабыз. Ушинтип баштап көрөлү деп жатабыз. Бирок терминдер маселеси дагы эле бар. Ушул терминдерди биририктирүү, аны ырастап тартипке келтирүү өтө чоң маселе.

Бир катар адистер Уикипедиядагы кыргызча маалыматтарды көбөйтүү үчүн студенттерди, мугалимдерди жана окумуштууларды котормо иштерине тартуу керектигин белгилешет. Айрымдары бул жаатта керек болсо мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынышы керек дешет.

Жаныбек Жанызак интернет колдонуучуларга колдо болгон бардык кыргызча маалыматты интернеттеги энциклопедияга ыктыярдуу киргизе берүүнү сунуштайт.

Уикипедия сайты 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн.

Ушул тапта Уикипедиянын казынасында бардык тилдерди кошкондо 15 миллиондой макала бар.

Уикипедия сайты атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу түзүлгөн “Викимедиа” фонду тарабынан каржыланат.

Тасма. Бишкектиктер уикипедия тууралуу эмне дешет?

Уикипедия тууралуу кабарыңыз барбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00
XS
SM
MD
LG