Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:13

Вики: Ачык энциклопедия сабаттуу ыктыярчыларды күтөт: Wikipediaнын айрым көйгөйлөрү


Ыктыярчылар Жусуп Баласагын атындагы КУУдагы кыргызча Википедияга арналган жыйын маалында. 31.3.2011.

Эркин, ачык интернет энциклопедияларынын бири – Википедиянын кыргызча варианты улам тамыр жаюуда. Бирок анын да кыйла көйгөйлөрү бар.

Ыктыярчы багбан жөнүндө уламыш

Улуу муундагы замандаштар жакшы элестеткендей кылып кепти илгерки колхоз багынан баштайын. Илгерки өткөн заманда.. Бир нече мамлекет менен чектеш аймактагы бир колхоздо (жамааттык чарбада) чоң бакчасы болгон экен.

Бир киши ошол бакчадан ары-бери өтүп жүрөт. Жеке өзүнө бул бакчанын тийешеси болбосо да, ал киши өз ыктыяры менен бакчага кирип келип, тигил же бул жемиш багын сугарып, тегеретесиндеги отоо чөбүн отоп, кээде башка жемиштердин бутагын алып келип кыйыштыра берет. Анысы үчүн колхоз башкармалыгынан деле ыраазылык сөз күтпөйт.

Анан бир күнү коңшу мамлекеттин жерине таандык колхоз багына барып, андан көчөт алып келип, алиги бакчага отургузуп койду. Анысы татынакай бир дарак болуп өсүп чыкты.

Дагы бир жолу ойлонуп отуруп, “биздин бакчанын мөмөлөрүнөн деле башкалар ооз тийсин да!” дегенчелик кылып, бул бакчадан көчөт алды да, башка өлкөнүн жамааттык чарбасынын бакчасына барып, эринбестен аны бекер эле отургузуп келди. Анысы да тамыр жайып, “алиги мамлекеттин бакчасынан экен го!” деп ошол чет мамлекеттегилерди маашырлантып калды. Бир күнү өз өлкөсүнүн бакчасындагы кооз гүлдүн уругун үчүнчү бир өлкөнүн бакчасына сээп койду. Анысы да өз өлкөсүнөн жагымдуу кабар берген гүлзарга айланды.

Мындай ыктыярчы багбандардын катары күн санап өсө берди. Алардын эч кимиси бийликтен акча сурабайт. Келип эле бакчада дарак тигет, гүл өстүрөт, жашылча отургусуп ийгендери да бар. Башка өлкөлөрдүн багынан көчөт алып келгендери андан көп.

Бул бакчага кокон тыйындык эмгек коротпостон, аны аралап же четинен айланып, көз чаптырып өткөндөр да моокумдары канып, пенделик дүйнөсү тазаланып жатты...

Анан жалпыга таандык эреже түзүү зарылчылыгы пайда болду. Себеби айрым ыктыярчылар алма бакка шыпыргы кыйыштыргысы келген учурлар чыкты. Кээ бир ыктыярчылар алма багын кыйып, андан шаты жасап, бийик теректин жогорку бутагына күкүктүн же таранчынын уясын орнотом деп чыгышты. Дагы бири келип, алвали мөмөсүн берчү даракка “карагат багы” деген көрнөктү адашып илип кетти. Дагы бири келип алмурут дарагынын аталышын “ашпурт” деп оңдосо, башкасы келип “бул - төбөсү чуштугуй алма” деп жазып кетти. Дагы бири четкерээктеги кулпунайларды жок кылып, ордуна беде сээп таштады...

Мөмө-жемиш көрүнөт, өстүргөн дыйкан көрүнбөйт.
Мөмө-жемиш көрүнөт, өстүргөн дыйкан көрүнбөйт.

Айтор, дүпүйгөн бакчанын өсүү түйшүгү жамаатка ачык көрүнө баштады... Ал эми ошол коомдук бакчага көз сала турган расмий агрономдун бирдиктүү жумушу бир нече мекемеге жиктелип кеткен.

Баягы ыктыярчы багбан колхоз жоюлганга чейин бакчада бекер иштегенин эч токтотпоптур. Ошол эле маалда баш-аламандыкка жүрөгү канап, айласыз алакан жайып келген дешет...

Кыргызча Википедия – чала каралган бакчанын түрүбү?

Ушул тапта кыргыз тилин жана адабиятын мыкты билген, ал жаатта окуу китептерин жазган, редакторлук тажрыйбасы опол тоодой болгон айдыңдарыбыз бир түмөн аскер болушу мүмкүн. Бирок алардын көпчүлүгү жогорудагы коомдук бакча сыяктуу болгон туундуну – “Википедиянын” кыргызча вариантын таптакыр сыртынан айланып өтүп жатышат. Бул бакча тууралуу айрымдары кабардар эмес, айрымдары “багбандык ишке тишим өтпөйт” деп жаңылыш санашат, айрымдары “баланын оюнчугу” деп төмөн баалашат.

Кыргыз тилин интернет айдыңы аркылуу цивилизациялык жаңы сереге чыгаруунун дагы бир майданы – дал ушундай интернеттик энциклопедияларды жаратуу далаалаты экенин айрым айдыңдарыбыз таназарга албагандыгы кейитет.

Жаныбек Жанызак - кыргызча Википедиянын башатында турган ыктыярчылардын бири. 15.11.2010.
Жаныбек Жанызак - кыргызча Википедиянын башатында турган ыктыярчылардын бири. 15.11.2010.

Кыргызча Википедия түзүү коомдук кыймылынын өкүлдөрү өкмөткө чейин чыгышкан, айрым мурдагы өкмөт башчыларынын ичинен маалымат каражаттарынын катышуусунда жеке өздөрү макала жарыялап, салым кошкондор да чыккан. Бирок алар бул ишти улантышкан эмес.

Албетте, 2010-жылы кыргызча “Википедияда” миңге жетпеген сөздүктүк макала бар болчу, азыр анын саны 66,033 сөздүктүк макалага жетти (жалпы 296 орундун алдыдагы 71-орунунда турабыз). Баланча дастаныбызда мынча сөз бар деп мактанган жаныбыз, негедир, бул жаатта ыкшоолук кылып жаткандайбыз. Себеби бизден озгондордун арасында 1,4 миллиондуу калкы бар чечендер 43-орунда, 1,2 миллиондуу калкы бар эстондор 44-орунда жүрөт.

Википедиянын кыргызча вариантынын башбарагынын бир бөлүгү. 08.5.2017.
Википедиянын кыргызча вариантынын башбарагынын бир бөлүгү. 08.5.2017.

Ал эми кыргызча мыкты билген жана текст редактору катары баарын тамшандырган тажрыйбасы мол адистерибиз (арасында жеке электрондук почтоосун өзү ача албаган академиктер жана профессорлор), жогоруда айтылгандай, Википедиянын багынын короосуна башпакпастан, сырткарыда бейкапар сейил кылып жаткан чакта, кыргыз тилин үстүрт өздөштүргөн, бирок компүтердин (эсепкердин) битинин ичегисине кан куйган айрым жашыраак замандаштары бул виртуалдык бакчага кирип алып, кээде гүлдү үзүп, отоо чөптү “нагыз гүл экен” деп багып жаткан кербези.

Википедиядагы виртуалдык энциклопедиялык макаланын бир өзгөчөлүгү бар: бул макала башка да макалаларга төөнөлүшү керек. Мисалы, Абдыкадыр Орозбеков тууралуу макала ал туулуп-өскөн Баткен жергесине да, ал үзөңгүлөш болгон Жусуп Абдыракманов, Абыдкерим Сыдыков сыяктуу инсандар жөнүндө макалага да, Кыргныз ССРи, Кыргыз АССРи сыяктуу макалаларга да төөнөлүүгө тийиш.

“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү туураруу жадыбал. 28.3.2011. TCh.
“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшү туураруу жадыбал. 28.3.2011. TCh.

Андан тышкары бир эле макала бир нече короого (“категория” деп аталган ар башка куржундарга) киргизилет. Эгерде дыйкан чарбадагы кой бир гана короого кирсе, ал эми “Кочкор (мал)” деген макала бир эле учурда “мал”, “жаныбарлар”, “сүт эмүүчүлөр”, “ача туяктуулар”, “зоология”, “биология”, жана башка короолорго кирет; “Кочкор (кыштак)” деген макала болсо бир эле учурда “Кыргызстан”, “жер-суу аттары”, “кыштак аталыштары”, “Нарын облусу”, “Кочкор району” сыяктуу жана башка виртуалдык “короолорго” катталып коюлат. “Ош” сөзүн да Ош шаары, Ош облусу, Ош аймагы, Ош топоними, Сулайман Тоо сөздүктүк макалаларына жиктеп, ар башка макалада тийешелүү маалымат берүү абзел.

Алгачкы жылдары жарыяланган макалалар эч бир башка сөздүктүк макалага “төөнөлчү” эмес, аларды бири-бирине төөнөгөн жана ар кыл короолорго (куржундарга) тиркеген майда-барат иштер тынымсыз жасалып жатты. Кишинин беделине шек келтирген тексттер чет-четинен өчүрүлүп жатты.

Википедия семинары. 10.12.2012.
Википедия семинары. 10.12.2012.

Ал эми инсандар тууралуу макалаларды бир ирээтке салып жазуу керектигин 2011-2013-жылдардагы “википедиячылардын” семинарларында саймедирлеп айтып келдик. Мындай семинарлар жана жолугушуулар өтпөй калганына байланыштуу, бул жаатта да баш-аламандык көбөйдү.

Бир мисал келтирейин. Орусча “Википедиянын” эрежелеринин бир ыңгайлуу жагы бар: оболу кишинин тегаты (фамилиясы) берилет да, андан соң ысымы жана атасынын ысымы кетет. “Толстой” дегенден тартып Сиз Алексей Толстойду издеп жатасызбы, же Лев Толстойду издеп жатасызбы, оболу тегатын жазасыз, андан ары өз атын оңой табасыз.

Бизде деле “Айтматов” деп бир тегатты жазсаңыз, андан ары Аскар, Илгиз, Роза, Төрөкул, Чыңгыз, Ширин ж.б. болуп кетет, бир өстөндөн (тегатынан) шакап кылып айрым-айрым нуктарга бөлүп суу агызгандай тизмелеп алсак, аларды издөө өтө жеңил. Фамилиялар киргизиле элек учурдагы жана Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Тоголок Молдо, Нур Молдо сыяктуу ысымдары ат кашкасындай таанымал мурдагы тарыхый инсандарды гана өз аты менен баштайлык деп келишкен элек. Мындай ысымдар салыштырмалуу аз эмеспи.

Бул эрежеге бардыгыбыз макул болуп иштей баштасак, соңку эки жылда дагы бир ыктыярчылар тобу келди да, мурдагы макалаларды жок кылып же өзгөртүп, кыргызча оболу кишинин өз ысымы жазылышы керек, анан тегаты жазылсын, деген эрежени таңуулап киришти.

Айтмакчы, мурда Викиге киргизген макаласы жоголуп кеткен айрым эски ыктыярчылар өз макаласынын жоголушун орто жолдон менин бир шакиртимден көрүп, коомдук тармактарда өз арыз-муңун жазгандарын да айта кетпесем болбос. Иш жүзүндө бул соңку өзгөрүүлөрдүн ар бирин кылдат талдоо керек. Ар бир макала өз тарыхына ээ. Интернеттеги ачык энциклопедиянын кийинки эреже-шартына ылайык эмес жазылып калгандыктан, менин да айрым эски макалаларым оңдоого дуушарланган. Айрым макалаларга жаңы темалар коюлууда. Демек, эски макаланын мазмуну эч жоголгон жок деп ойлойм.

Кайсы-бир эски макаланы жаңыча жазып, башкача аталыш менен азыр деле кайрадан киргизүү абзел. Кайсы-бир кыргызча жаңы тексттик жана мултимедиалык маалыматты Википедиянын башка тилдердеги (маселен, англисче жана орусча) макалаларына кошумча киргизүү абзел.

Башка тилдердеги кызыктуу маалыматтарды да кыргызчага чукул арада которуп, эне тилибиздеги Википедияга тынымсыз жайгаштыруу абзел. Маселен, ойлоп табуучу жана футуролог Рэймонд Курцвейл (Raymond Kurzweil​) тууралуу макала замандаштардын кызыгуусун туудурбай койбойт.

Бул ар тараптуу иш дагы суу кулагын улам бир жайга бурган мураптын тынымсыз аракетине тете кыбыр, бирок акыры өнүм берчү изги жумуш.

Викинин казынасына сүрөт жайгаштырганда мүмкүн болушунча ал сүрөттүн автордук укуктары маселесин дароо чечүү керек. Өзүм жарыялаган айрым сүрөттөр Википедиядан жоголуп кеткен учурлар болду, анын бардыгы жарыялаган сүрөттөрүмдөгү автордук укугумдан баш тартпагандыгымдан, "сүрөттү оңдоого жана эркин таркатууга уруксат берем" деп жазбай койгондугумдан улам болгонун кийинчерээк үйрөндүм. Автордук укугу бүдөмүк калган сүрөттөр өчүрүлүп салынат экен.

Алгачкы кыргызча макалаларымда өзүмдү автор катары жазган элем, ал тексттерди кайра таап, автор катары кошкон атымды жана тегатымды өзүм эле өчүрдүм. Себеби бул эркин жана ачык энциклопедиядагы сөздүктүк макалалардын жалпы автору бар; ал - дүйнө жүзүндөгү бардык ыктыярчылар.

Википедия – жалпы элдик айдыңдык ашар

Албетте, кыргызча Википедияга макала киргизгенде, бул макаланы башка да ыктыярчылар өзгөртүп салышы мүмкүн экенин эске алып туруп жазышыңыз абзел. Кээде аттуу-баштуу академиктин макаласынын Викиге киргизген текстин онунчу класстагы небересинин классташы деле “редакциялап” салышы ажеп эмес. Бул акыбалды оңдоо үчүн – өзгөчө жооптуу редакторлордун арасына мыкты басмачы, педагог, дидактик, редактор, илимпоз инсандардын коомдук башталышта, демек, ыктыярдуу кошулушуна жетишүүбүз абзел.

Кыргызча bizdin.kg интернет барагынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбеков. 30.3.2011.
Кыргызча bizdin.kg интернет барагынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбеков. 30.3.2011.

Википедия жакшы өнүккөн тилдердеги варианттар – бул тигил же бул тилде мыкты жазган жана сүйлөгөн өтө сабаттуу айдыңдар сөздүктүк макала жазууга жана оңдоого жандуу катышкан варианттар. Азыркы кыргызча Википедия, ‑ анын убактылуу оорусунун диагнозун ачык айтканда, ‑ жармачтык деңгээлден көтөрүлө албай жатат.

Кыргызча Википедия – калыс, бейтарап, мол жана мозаикалуу маалыматтын бекер, ачык, улам толтурулуп турган казынасы. Анын энциклопедиялык маалыматын эне тилибизде колдонуу мүмкүнчүлүгү артса, жаш муундардын эне тилдин интернет аркылуу таркатылган байлыгына да кадырлоо сезими артат, аны өздөштүрүү үчүн тынымсыз аракети күчөйт.

Коомдук жайда жана сыналгыда “Кыргыз тилин өнүктүрөлүк!” деп сүйлөгөндө тим эле алтын шилекейин чачыраткан далай чыгаандарыбыз - конокто дасторкондогу өз устуканын эч кимге тарттырбаган эргулдар, бирок бул эркин, ачык интернеттик энциклопедияга келгенде, негедир, бул кадырман адистер өздөрү ыктыярлуу жана соп-сонун тейлей турган ишти кайдыгерликтин кампасына шилей салып басып кетип жатышат.

Бизде коомдук корлор (фонддор), демөөрчүлөр, таалим-тарбия, агартуу тармактарындагы ыңкылапчылар кыйла жетиштүү; Жогорку аттестация комиссиясынын маалымдашынча, окумуштууларыбыздын саны деле “Теңирге шүгүр!” дегенчелик чыгат. Көөдөндөгү кайдыгерлик менен ыкшоолуктун караанын гана кубалап алсак, жалпы билим жана маданиятыбыздын берекесин сыйдырган бакчабыз чет өлкөдөгүлөрдү да суктанткандай мөмө-жемишке толуп, жыпар жыты Евразияны аңкытып тураар эле.

Кыргызча Википедиянын сапатын да, сандык көрсөткүчүн да чындап жакшыртуу мүмкүнчүлүгүбүз зор экенине ишеничимди тастыктап, ушул чакан макаламды аяктай турайын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG