Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Финпол мурдагы вице-премьер Исмаилованы суракка чакырды


Мурдагы вице-премьер министр Аида Исмаилова COVID-19 илдети менен ооругандар үчүн спорт залга жайгаштырылган стационарда. Август, 2020-жыл.
Мурдагы вице-премьер министр Аида Исмаилова COVID-19 илдети менен ооругандар үчүн спорт залга жайгаштырылган стационарда. Август, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча мурдагы өкмөт башчылар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак беришүүдө. 18-январда бул иштин алкагында мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова суракка чакырылганы кабарланды. Бул маалыматты Финпол ырастады.

Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка 2020-жылы апрель айында дайындалып, оору күч алган жай айларында иштеген. Августтун аягында кызматын убактылуу тапшырып, «Биримдик» партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууда өкмөт курамына кирбей калган.

Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынып, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 12-январда бул иштин алкагында экс-премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан.

Учурда социалдык тармакты тейлеп жаткан вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссиянын иши тууралуу өткөн аптада «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Анда «коронавирус менен ооруган адамдардын жана андан көз жумгандардын саны тууралуу комиссиянын корутундусундагы маалыматтар менен штаб берген маалыматтын айырмасы бир нече миң» деп белгилеген.

Муну мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова 18-январда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу төгүндөп, өкмөттүн коронавируска байланышкан өлүм боюнча маалыматы «чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1387 кишиге жетти.

Коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүү жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун ичинен 177 млн. 049 миң доллар грант, калганы насыя. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826 269 доллары алынган. Бирок келген каражаттардын максатсыз пайдаланылганы азыркыга чейин айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG