Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Навальныйдын бөгөт чарасын караган сот жараяны полициянын имаратында өтүүдө


Алексей Навальныйдын соту жүрүп жаткан милиция бөлүмүнүн алдындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.
Алексей Навальныйдын соту жүрүп жаткан милиция бөлүмүнүн алдындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бөгөт чарасын кароо боюнча сот жараяны Химки шаарындагы полициянын имаратында өтүп жатат. Бул тууралуу саясатчынын үзөңгүлөштөрү жазып чыгышты. Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев жарыялаган сүрөткө караганда процесс Москва убактысы боюнча саат 12:30га белгиленген. Ага чейин адвокатка маалымат берилген эмес.

Кийинчерээк сот өтүп жаткан залга Алексей Навальныйдын адвокаттары жана журналисттер киргизилди. Анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жарыялаган тасмада Навальный соттун жүрүшүн «мыйзамсыздыктын туу чокусу» деп атады:

«Эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Мени бул жакка «адвокаттар менен жолугасың» деп бир мүнөт мурда алып киришкен. Кирсем, бул жакта Химки сотунун имаратынын жараяны жүрүп жатыптыр. Эмнеге сот полициянын имаратында өтүп жатат? Мен түшүнбөй жатам. Эмнеге эч кимге алдын-ала маалымат берген жок? Эмнеге чакыруу берилген жок? Мен сот адилеттигинин үстүнөн шылдыңдоону көп эле көргөм, бирок «бункердеги чоң ата» ушунчалык корккон окшойт, Кылмыш-процессуалдык кодексти тытып, таштандыга эл көзүнчө таштап салыптыр».

Буга чейин Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Анын алкагында бүгүн бөгөт чарасы каралышы керек. Расмий орган Навальныйды камакка алууну соттон суранган.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага келип «Шереметьево» аэропортуна конгон учурда дароо кармалды. Ал былтыр августта Орусияда ууландандырылган соң Германияда дарыланып, мекенине кайтууну чечкен.

Саясатчынын кармалышын бир катар өлкөлөр сынга алып, орус бийлигин аны бошотууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG