Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:55

Орусиядан нидерланддык эки дипломат чыгарылат


Орусиянын бийлиги Нидерланддардын Москвадагы элчилигинин эки кызматкерин өлкөдөн чыгарат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат. Мындай кадам Нидерланддардын өткөн жылдын декабрында эки орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимине жооп катары кабыл алынууда.

Ал учурда королдуктун бийлиги орусиялык дипломаттар жогорку технология жаатында чалгын менен алектенгенин билдирген. Алардын бири Тышкы чалгын кызматынын кызматкери экени жана жарандык, аскердик тармагындагы маалыматтарды чогултканы айтылган болчу.

Бирок орус бийлиги Нидерланддар бул боюнча эч кандай далил бербегенин билдирген.

XS
SM
MD
LG