Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

УКМК Ошто ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат колго түшүрүлгөнүн кабарлады


УКМКнын адистери тарткан сүрөт.
УКМКнын адистери тарткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 19-январда Ош шаарында колго түшүрүлгөн жүк ташуучу машинедеги 42 жащикте баңгизат жасоого жана сатууга багытталган бир тоннадан ашуун химиялык суюктук болгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, андагы аммиак суусунун эритмеси болжол менен 20-21% түзөт.

Кылмышка шектүү катары жүктүн ээси кармалып, УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы No 543 токтомунун негизинде, аммиак суусу амфетаминди, амфетамин сымал стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат.

Ал атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлдөөгө алынган заттардын чектелген тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG