Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Трамп мурдагы кеңешчиси Бэннонго ырайым берди


Стив Бэннон. Архивдик сүрөт.
Стив Бэннон. Архивдик сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматтагы акыркы күнүндө 73 кишиге, анын ичинде мурдагы кеңешчиси Стив Бэннонго ырайым берди. 2016-жылы оңчул «Breitbart News» журналынын директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси Бэннон Трамптын шайлоо штабын жетектеген. Кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, 2017-жылы кызматынан алынган. Августта Мексика менен чек арада дубал тургузууга акча чогулткан компаниянын бир миллион доллардан көп каражатын кымырган деп шек саналып, бирок күнөөсүн моюнга алган эмес.

Трамптын буйругунда «Бэннон саясатка аралашканы үчүн куугунтукталганы» айтылат. Президент аны «консервативдүү кыймылдын маанилүү лидери» деп атады.

Бэннондон тышкары ал тизмеге америкалык саясатка тымызын таасир этүүгө аракет кылган деп айыпталган орусиялык Мария Бутинанын жигити Пол Эриксон да илинди. Ал көз боёмочулук жана арам акчаны адалдоо үчүн жети жылга кесилген. Ак үйдүн билдирүүсүндө Эриксондун Москва менен байланышын таба албай, ушундай айып коюлганы айтылат.

Буга чейин бир катар булактар президент өзүнө жана айланасындагы адамдарга, ичинде адвокаты Рудольф Жулианиге да ырайым берерин айтып келишкен. Бирок «Reuters» жазганына караганда, администрация кызматкерлери андай пландан баш тартууга көндүрүшкөн. Себеби президент жана жакындары кылмыш кылгандай болуп калмак.

XS
SM
MD
LG