Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

АКШ Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык чектөөнү жойду


АКШнын жана Кыргызстандын желектери.
АКШнын жана Кыргызстандын желектери.

АКШ 2020-жылдын башында киргизилген иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларына чектөөлөрдү жокко чыгарат. Буга тиешелүү жарлыкка президент Байден 20-январда кол койгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Бул жарлык Кыргызстандын иммигранттарына да тиешелүү.

Трамптын администрациясы 2020-жылдын 31-январында бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. Мунун себебин Кыргызстан жарандарын электрондук биометрикалык паспорт менен жабдыбаганы менен түшүндүргөн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 21-январда тараткан маалыматында кыргыз өкмөтүнүн бир жыл ичинде өз жарандарын саякаттоого ыңгайлуу жана коопсуз паспорт менен камсыз кылууга жетишип жатканын жогору баалады.

Кыргыз өкмөтү биометрикалык идентификациялык чиптер камтылган электрондук паспорттун жаңы үлгүсү даяр болгонун жакында жарыялаган.

Элчилик ошондой эле Кыргызстан кылмыштуулук жана терроризм менен каршы күрөш багытында маалымат алмашууда Интерпол менен кызматташтыкты жакшыртканын иштин илгерилеши катары белгиледи.

Трамтын буйругу менен 2017-жылы да калкынын көбү мусулмандар болуп саналган Сирия, Иран, Ливия өңдүү ондон ашуун мамлекеттерге да визалык чектөө коюлган. Байдендин жарлыгы менен ал буйруктар жоюлары кабарланды. (SE)

XS
SM
MD
LG