Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

21-январда «Ата-Бейит» китебинин бет ачары өтөт


«Ата-Бейит» китебинин мукабасы.
«Ата-Бейит» китебинин мукабасы.

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 21-январда саат 11:00дө коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматовдун «Ата-Бейит» китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

«Ата-Бейит» китеби 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналат. Анда бир үй-бүлөнүн турмушу, адамдардын тагдыры аркылуу массалык репрессиянын жүрүмү чагылдырылат. Ошондой эле китептин бет ачарында «Эстелик» аттуу даректүү видео тасма көрсөтүлөт.

Бишкекте 1938-жылы ноябрда атып өлтүрүлүп, шаардын түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылынын тоо этегинде бир чуңкурга үстү-үстүнө тымызын көмүлгөн 137 кишинин сөөктөрү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок совет доору ойрон болоор учурда гана Бүбүйра Кыдыралиеванын маалыматын текшерип, 1991-жылы жайында археологиялык казуу жүргүзүшкөн.

«Эл душманы» деген жарлык тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү жазыксыз жерден атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган кыргызстандык ар кыл улуттагы айдыңдар болгон.

Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген «Ата Бейит» көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Анын эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG