Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:12

«Ата-Бейитте» жок Абдыкадыр Орозбеков


Абдыкадыр Орозбеков. Сүрөт автордун архивинен алынды.

Улуу муундагы чыгаан инсандарыбыздын тагдырларын ар тараптан жана калыс изилдөө - биздин милдет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери А. Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» №251-VI токтомунун негизинде Ош шаарында аталган мааракени уюштуруу жана өткөрүү каралган. Негедир мааракенин өтүлүшү анча байкалбайт...

Бизге маалым болгондой, БатМУ 2019-жылдын 24-октябрында Кадамжай маданият үйүндө А.Орозбековдун мааракесин утурлай илимий-практикалык конференция болжолдогон. Анын кичи мекени Кадамжайга өткөрүүнү болжолдогонуна караганда, кыязы Баткен облусунун борборунан ылайыктуу жай табылбай калган го?! Бул маселе мамлекеттик деңгээлде колго алынып, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер А.Орозбековдун 130 жылдык мааракеси ар тараптуу белгиленип, анын өмүр жолу жаш муундарга үлгү болушу абзел.

Абдыкадыр Орозбеков. Сүрөт автордун архивинен алынды.
Абдыкадыр Орозбеков. Сүрөт автордун архивинен алынды.

Учурда кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын эң ыйык жайы - улуу­ларга урмат-сый катары курулуп, 2000-жылдын 14-июлунда ачылган, Бишкектен 30 чакырым аралыкта Чоң-Таш айылынын жанында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси экендиги талаш­сыз. Ал жерге сталиндик кызыл террордун жана массалык репрессиялардын курмандыктары болгон 19 улуттун 137 чыгаан инсаны коюлган. Дал ошол жерде 1938-жылы 5, 8-ноябрдын түнүндө 137 киши атылып, кыш бышыруучу чакан завод­дун эски мешине көмүлгөн. Кыргыз элинин Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдарындагы улуттук мамлекеттүүлүктү түптөгөн чыгаандары, кыргыз улуттук интеллигенциясынын каймактары - Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Б.Исакеев, М.Салихов, К.Тыныстанов, Т. Айтматов, Э. Эсенаманов, Х.Жээнбаев ж.б. түбөлүк жайын тапкан. 2008-жылы ал жерге ааламга атагы чыккан, даңктуу да, барктуу да жазуучубуз Ч. Айтматов коюлган. (Ред: 2010-жылы апрель окуяларында курман болгон жарандардын басымдуу бөлүгү да ушул жерге коюлган). 2016-жылы ал жерге 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын курмандыктарына арналган эстелик тургузулган. Жогорудагыларды эске алуу менен кийинчерээк «Ата-Бейит» мемориалдык ком­плекси «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси болуп кайра өзгөртүлгөн. Мунун баары абдан жакшы, талашсыз факт.

Бизди абдан өкүндүргөнү - ошол 137 адамдын сөөгү коюлуп, аты жазылган «Ата-Бейитке» кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу Абдыкадыр Орозбековдун мейли сөөгү коюлбаса да, мемориалдык тактага атын жазып коюшпаганы болуп жатат. Жаңылбасам эки жыл мурун барганымда негедир бир мемориалдык такта актай, эч кимдин аты жазылбай турганын баамдаган элем. «Эгер чындап эле бул такта бош болсо, эмнеге А. Орозбековду жазып коюшпады экен?» деп өкүнгөнүм эсимде. Ошондогу өкүнүч эми кайрадан эске түшүү­дө. Ошол «Ата-Бейит» мемориалы ачылган салтанатта ошол кездеги дөө-шаалардын бирине: «Эмне үчүн бул жерде А. Орозбековдун аты жазылган эмес?» деген суроо узатсак: «Ал киши бул жерде атылган эмес экен» деген жооп болгон эле.

Ооба, ал жерде атылган 137 адамдын арасында ал киши жок. Бирок ошолордой эле, керек болсо алардын кээ биринен аша турган, эли-журтуна, мамлекетине эмгеги сиңген, алардын көбү менен үзөңгүлөш болуп, мамлекеттин тагдырын чечкен маселелерге жигердүү катышып, өз башын канжыгага байлап, эли, мамлекети үчүн жанын берген, ошол коогалаңдуу мезгилдин курмандыгы болгон Абдыкадыр Орозбековдун ысымын дал ошол мемориалдык тактага жазып койсо болот эле деген ойдобуз. Мейли, коюлган жери табылбаса табылбасын. Бирок чыгаан, олуттуу мамлекеттик ишмер катары анын атын дал ошол «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жазуу азыркы муундардын, эгемен Кыргызстандын расмий бийлигинин тарыхый, саясий милдети эле. Тилекке каршы, ал дагы эле аткарыла элек.

Абдыкадыр Орозбеков курулуш иштеринде. Сүрөт автордун архивинен алынды.
Абдыкадыр Орозбеков курулуш иштеринде. Сүрөт автордун архивинен алынды.

Чындыгында 20-30-жылдары кыргыз элинин чыгаан уулдары өз элинин келечеги, мамлекети үчүн эмгегин, керек болсо өмүрүн аябаган, кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн, партиялык, мамлекеттик чыгаан ишмерлеринин арасында кадырлуу болуп, урматтоо менен «бүткүл кыргыз аксакалы», «биздин аксакал» атка конгон Абдыкадыр Орозбеков да бар. Эгерде А. Орозбеков ошол кездеги элибиздин көрүнүктүү уулдары А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, Т.Айтматов, К.Тыныстанов ж.б. сыяктуу билимдүү болсо, мүмкүн анын тагдыры башкача болуп, эл үчүн үзүрлүү эмгеги башка нукта өтмөк чыгар. Тилекке каршы, өзү айткандай сабатсыздыгын өз алдынча жоюп, болгону Ташкент шаарындагы Орто Азия бюросуна караштуу 3 айлык партиялык, кеңештик курулуш курсун аяктаган.

Сыртынан күтүлбөгөн жерден тарыхый-саясий аре­нага чыккан өңдөнгөнү менен А.Орозбеков ал кызматка барганга чейин түштүк чөлкөмүнүн, Ош уездинин ар түрдүү кызматтарында такшалган, кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жергиликтүү башкаруучу адистеринин бири болчу. Чынында ал саясий аренага Худайкуловду же Каменскийди колдобогону үчүн эмес, башка обьективдүү шарттарда келген. Анткени ошол убакта эки жаат болуп тирешип жаткан топ бардык жагынан эле облпарткомдун биринчи катчысы М. Каменскийди канааттандыра берген эмес. Ал жалаң эле худайкуловчуларды же сыдыковчуларды бир жактуу колдой берсе өзүнө да терс таасирин тийгизерин мыкты түшөнгөн. Ошондуктан ал үчүн эки жаатка тең тиешеси жок, ошол эле кезде олбаткомдун төрагасы катары аны кыңк этпей угуп, айтылган сөзүн, буйруктарын кынтыксыз аткарып турган, лоялдуу, эки жак эмес, өзүнө гана баш ийген инсанды табууга аракет кылган. Курултайга катышкан делегаттар ичинде ошондой инсан - биринчи катчы М. Каменскийдин пикири боюнча - А.Орозбеков болгон. Анын облаткомго төрага болушуна дагы бир түрткү болгон жагдай - Ош жергесинен болгону да чындык. Ошол убактагы каршылаш эки топ тең - худайкуловчулар да, сыдыковчулар да түндүк аймактардын өкүлдөрү болгон. Партиянын Кыргыз обкомунун биринчи катчысы М. Каменский дал ушул жагдайды өз пайдасына чечүүгө аракет кылганы айдан ачык көрүнүп турат.

Ошентип, ал жаңыдан түптөлүп келаткан кыргыз мамлекетинин бирден-бир маанилүү жетекчилеринен болуп калган. Мындай пикирге анын мамлекеттик кызматтары күбө:

· Кыргыз Автономиялуу Облусунун аткаруу комитетинин төрагасы – 1925-1927-жж.;

· Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1927-1936-жж.;

· Кыргыз облустук партиялык уюмунун бюросунун жана республикалык партиялык уюмдун Борбордук комитетинин мүчөсү;

· Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1936-1937-жж.;

· Орусия Федерациясынын Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү;

· СССР Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү;

· Кыргыз АССРинин атынан Кеңештердин бүткүл орусиялык XIV жана XV чакырылышындагы курултайлардын делегаты;

· Бүткүл орусиялык БАК мүчөсү, Кеңештердин бүткүл союздук IV–V чакырылышындагы курултайлардын делегаты;

· СССР Улуттар Кеңешинин мүчөсү;

· 1929, 1937-жылдары кабыл алынган республикалык Конституцияны иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү болгон.

Абдыкадыр Орозбеков иш бөлмөсүндө. Сүрөт автордун архивинен алынды.
Абдыкадыр Орозбеков иш бөлмөсүндө. Сүрөт автордун архивинен алынды.

1926-жылы 25-февралда түзүлгөн автономиялуу облустан автономиялуу республикага айлантуу боюнча атайын комисияга эки милдет жүктөлгөн: 1. Кыр­гыз АССРинин түзүлгөнү туралуу декларациянын долбоорун. 2. Кыргыз АССРнин Конституциясынын долбоорун даярдоо.

Дал ошол конституциялык комиссиянын төрагасы А.Орозбеков, мүчөлөрү Ж. Абдрахманова, И.Фатьянов, К. Абрамов, Л. Авербуг, Манкиров болгон. Демек, А.Орозбеков быйыл 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан алгачкы Конституциябызды даярдап, бекитүүгө зор салым кошкон. Ал эми 1936-37-жж. экинчи Конституциябызды даярдоодо кичи комиссиянын төрагасы болгон. Мындан башка бир катар коомдук уюмдардын жетекчиси болгон. Көрүнүп тургандай, А. Орозбеков улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу кашкайган чындык.

Бизди канааттандырбаган жагдайлар

Биринчиден, азыркыга чейин анын кайсы жерге, качан коюлганы толук тактала элек. Болгону кээ бир божомол менен чектелүүдөбүз. Экинчиден, анын өлүмү да толук аныктала элек. Кээ бирлери, аны «тергөө учурунда атып салышкан» дешсе, башкалары «тергөөдө катуу токмоктун натыйжасында өлгөн», үчүнчүлөрү «оорудан өлгөн» дешет. Эң негизгиси - Абдыкадыр Орозбеков иш ордунда камакка алынып, дал ошол НКВДнын түрмөсүндө каза болгону шексиз. Үчүнчүдөн, анын саясий-тарыхый бейнеси толук ачылып бүтө элек. Тилекке каршы, эгемен кыргыз мамлекетинин туңгуч президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» аттуу китебинде кеңеш доорундагы бир топ мамлекеттик ишмерлер аталып, бирок А. Орозбековдун аты аталбаганы ар түрдүү жагымсыз пикирди калтырган. Төртүнчүдөн, ошол мамлекет башчыбыздын мамилеси таасир эттиби же башкача бир саясий оюндар жүрүп кеттиби, кантсе да дал ошол 20-30-жылдардагы кызыл террордун курмандыгы болгон, «Ата-Бейит» комплексине коюлган 137 адамдын арасында А.Ороз­бековдун аты бүгүнкү күнгө чейин жазылбаганы абдан өкү­нүчтүү. Бешинчиден, А. Орозбеков жөнүндөгү маселе бир жактуу эмес. Анткени анын ишмердүүлүгүнө, айрыкча жогорку мамлекеттик кызмат абалына жетишкенден баштап анын тарыхый-саясий бейнесине карата ар түрдүү сөздөр, сын-пикирлер, кээде ачык эле тескери, көп учурда анча жымсалданбаган ачык бурмалоо, жалган доомат коштогон мүнөздөмөлөр да берилип келген. Мисалы, Ж.Абдрахманов, М. Каменский. Мейли, ошол 20-30-жылдары тигил же бул маселе боюнча мамлекеттик ишмерлер арасында пикир келишпестик болуп, мүмкүн кээ бир көрө албастардын жетегинде А. Орозбековдун дарегине терс эпитеттер айтылып калган дейли. Бирок ошондой эле терс мүнөздөмөлөр азыркы учурдагы кээ бир аттуу-баштуу, белгилүү илимпоз тарыхчыларыбыздын эмгектеринде да кездешет. Эгер чындап эле А. Орозбеков ошолор мүнөздөгөндөй чабал болсо, алгачкы кыргыз мамлекетинин башатында анчалык көп убакка - 12 жыл бою турбайт эле да. Демек, ал - ар тараптан колдоого да, коргоого да татыктуу инсан.

Биз 2016-жылы - Тарых жана маданият жылында ушуга окшогон так эместиктерди, мүчүлүштүктөрдү оңдоого, тастыктоого мүмкүнчүлүк болот деп ойлодук эле. А.Орозбековго карата андай болгон жок. Кеч да болсо быйыл 130 жылдык мааракесинде ошол катачылыкты оңдоп, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине анын ысымы жазылып калар деген илгери үмүттөбүз.

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG