Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Ленинчил жана антиленинчил: Кимисинин ташы оор?


Лениндин айкелинин жанында. Ош. 15.4.2010.
Лениндин айкелинин жанында. Ош. 15.4.2010.

22-апрелде Владимир Лениндин туулгандыгына 150 жыл толду. XX кылымдын башынан бери дүйнөнү титиреткен ойчул, саясатчы, партиялык лидер жана мамлекет башчы Владимир Лениндин идеялары жана ишмердигинин мөмөсү тууралуу чакан блог.

Эгерде СССР мурдагысындай улантыла берген болсо, же кайып-каскактан болуп, большевиктик партиянын гана үстөмдүгү орногон ошол тоталитардык система кайтып келген болчу болсо, анда бүгүн, Владимир Лениндин 150 жылдыгында, мектептердеги жана мекемелердеги кызыл бурчтарда анын сүрөтүнүн жанында гүлдөр, дубал гезиттер же башка үгүт материалдары илинип, көчөлөрдө “Ленин –– түбөлүк тирүү”, “Ленин десек, партияны билебиз, партия десек, Ленинди билебиз”, “Ленинди карап түздөн!”, ж.у.с. ураандар жайнап турмак, мектеп окуучулары “Улуу атабыз –– Ленин!” деп кыйкырып чыкмак. Балким, “улуу Лениндин 150 жылдык мааракесинин урматына партиянын тапшырмасын 125 пайызга аткарабыз же аткардык!” деген өндүрүштүк убадалар менен баяндамалар жер жайнап кетмек...

Социалисттик көркөм өнөр музейинде. София, Болгария. 20.9.2011.
Социалисттик көркөм өнөр музейинде. София, Болгария. 20.9.2011.

Ленин...

Ал тууралуу биртике эле терс пикир билдире калчуларга пост-советтик Кыргызстандагы ленинчил замандаштар: “Ушул көсөмүбүздүн эмгеги менен киши болбодукпу! 1916-жылы падыша өкмөтү бизди дээрлик кырып салганда, Ленин келип кыргыз элин сактап калбадыбы!.. Саман чокойлуу Орусияны дүйнөдөгү кубаттуу өлкөгө айлантпадыбы!.. Бизге эркиндик, теңдик, автономия бербедиби!.. Жарды-жалчылардын балдары май көл–сүт көл жашап калбадыбы!.. Кыздарыбыз тең укук албадыбы! Өзүңөр деле жакшы билим-таалимди СССР мектебинен албадыңарбы!” деген сыяктуу толгон-токой каяша айтышаары шексиз.

Ал эми Владимир Ленин жана анын үзөңгүлөштөрү менен идеялаштары эч качан бийликте болбогон Швеция, Норвегия, Финляндия, Түштүк Корея, Жаңы Зеландия сыяктуу мамлекеттерди алсак (СССР адабиятында илгертеден жек көрүмдү империалисттер катары айтылган АКШ, Улуу Британия, Франция, Жапония, ж.б.ны оозго албай эле коёлук), эмне үчүн бул мамлекеттер бакыбаттыгы жагынан эч бир коммунисттик жана пост-коммунисттик мамлекеттер караандабагандай жогорку деңгээлде турушат?

“Эми аларга айла жок да!” деп эч жүйөөсүз кол шилтегиси келгендерге дагы такып суроо узатсак болот: “Же алар –– кудай сүйгөн өлкөлөрбү? Анын үстүнө алардын бардыгы тең мусулман эмес калктардын мамлекеттери экен... Биз өзүбүздү “кудай сүйгөн өлкөдө –– кудай өзү үчүн “эс алганда келчү дача” катары калтырып койгусу келген Теңир-Тоодо жашап жатабыз!” деп дасторкон четиндеги ар бир онунчу тостто айтып калабыз го?

Ушул жаатта самга ойлоно калып жатканыбызда, башка өңүттөрдү да айта кетелик.

Албетте, Владимир Ленин өзүнө чейинки марксисттер –– Карл Маркс, Фридрих Энгельс, жана башкалардын философиялык көз караштарын андан ары улантып, турмушка ашырууга жетишкен. Өткөн кылымдагы айырмалуу марксисттердин арасында “Коминтерндин” ишмерлери, Роза Люксембург, Антонио Грамши, Лев Троцкий, Мао Цзэдун, Ким Ир Сен, ж.б. маалым.

Бирок марксисттердин адамзат коомунун алгачкы жамааттык түзүлүштөн кийинки тарыхы –– таптардын күрөшүнүн тарыхы болгон; кул ээлөөчүлүк түзүлүштөн феодалдык, андан капиталисттик түзүлүш деген баскычтар келип чыгып, эзүүчү катмарлардын бул коомдорунан кийин социалисттик революция аркылуу пролетариат диктатурасы орноп, социалисттик коом өнүгүп, анын мөмөсү –– эч кандай тап болбой турган жыргалчылык коому –– коммунизм келет деген коомдук формациялардын ырааттуу жана кыйшаюусуз эволюциясы тууралуу жоболору XX кылымдын соңуна карата кооз айтылган жомок экендиги тастыкталды.

Учурунда ушул саптардын ээси деле коммунизмге ишенчү, ал түгүл Ички Теңир-Тоодогу “Коммунизм” колхозунда (Эчки-Башы айылында) туулуп өстү. Айылыбыз ордунда калды, социализмден кийин өкүм сүрүшү ыктымал болгон коммунизм тууралуу бир гана анекдот эсте калыптыр.

Никита Хрущёвдон кийин Леонид Брежнев КПССти жетектей баштаганда, калайыкта “жакынкы 25 жылда коммунизмге жетебиз” деген үмүткө толгон кептер көп айтылчу. Анда эчки-башылыктар тамашалап айтышаар эле: “Силер коммунизмге 25 жылда араң жетсеңер, биз ал жакка Нарын шаарынан автобус менен 50 тыйынга 50 мүнөттө жетип барабыз!”

1917-ж. марты. Цюрих, Швейцария. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!” (Азил сүрөт).
1917-ж. марты. Цюрих, Швейцария. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!” (Азил сүрөт).

СССРдеги Ленин түзгөн, башка ленинчилдер өнүктүргөн коом –– коммунисттик партиянын жеке басар үстөмдүгүнө жана идеологиялык цензурасына таянган, иш жүзүндө жумушчу табынын эмес, партократиянын диктатурасына айланган коом болгондугун, анын маңызы –– тарыхтагы башка тоталитардык мамлекеттердин түгөйү болгондугунда экенин акырындап салыштырып үйрөндүк.

Эмне үчүн “акырындап”? Анткени эне тилибизде ленинчил көз караш камтылган саясий адабият 99,9 пайызды түздү да, антиленинчил көз караш анда-санда ленинчил көз караштын сындары аркылуу гана байкоостон калкып чыгып жатты...

Быйыл 30 жылдык мааракеси белгиленип жаткан “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) сыяктуу уюмдар советтик кыргыз коому жогоркудай жалган пафостуу коммунисттик идеологиядан тажаган маалда эл арасында табигый пайда болгон коомдук демилгелердин түшүмү болду.

Андан бери Кыргызстанда ленинчил көз караш менен атаандашкан кубаттуу антилениндик адабият пайда болду. Коомду жасалма түрдө эзүүчү жана эзилүүчү таптарга бөлүп чектелбестен, жалпы адамзаттын илгерилешине (прогрессине) салым кошкондор бардык эле коомдук катмарлардан (анын ичинде айдыңдык өзүн-өзү өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүгү, бош убактысы болгон ак сөөктөрдүн арасынан деле) чыккандыгы тууралуу тыянакка оогондор пост-советтик Кыргызстанда кескин арбыды.

Бизге айтылуу австриялык ойчул, экономист жана саясат таануучу Фридрих Август фон Хайек (Friedrich August von Hayek; 8.5.1899, Вена — 23.3.1992, Фрайбург) жазган китептердин бирин –– “Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары” эмгегин англис тилинен кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү тийди.

Ошол кездеги “Кыргызстан–Сорос” корунун жетекчиси, профессор Чынар Жакыпова эжекеге ушул китептин котормосун жарыялаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары, алиги кор австриялык жана британдык ойчул Карл Раймунд Поппер (Karl Raimund Popper; 28.7.1902 — 17.9.1994) жазган “ачык коом” тууралуу эмгектердин биринин кыргызча котормосун да жарыялаган.

Караңыз: Хайек Ф.А. Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары / Англис тилинен кыргызчага которгон Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. –– 268 бет. –– (Hayek F.A. The Fatal Conceit: The Errors of Socialism. The Kyrgyz translation by T.Chorotegin.) –– ISBN 9967-11-025-2. ; Карл Поппер. Бүтпөс изденүү. Интеллектуалдык өмүрбаян. (Karl Popper. Unended Quest. An intellectual autobiography) / Англис тилинен которгондор Г.С.Касмамбетова, Т.К.Абдиев. –– Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.

Фридрих Хайек өзүнүн 1944-жылы Лондон жана Чикаго шаарларында жарык көргөн “Кулчулукка карай жол” (The Road to Serfdom) эмгегинде эркин өнүккөн базар экономикасынын баалуулуктарын баса белгилеп, Германиядагы нацисттик жана Италиядагы фашисттик режимдер СССРдеги социалисттик тоталитардык түзүлүштүн эле башка бир түрлөрү болуп саналат деген пикирин билдирген.

Чынында да, Адолф Гитлер өзүнүн 1925––26-жылдары жарык көргөн “Менин күрөшүм” (“Майн кампф”) деген антимарксисттик жана расачыл китебинде өзүн “улутчул социализмди” жактоочу катары көрсөтөт. Анын китебинин экинчи бөлүгү “Улуттук социалисттик кыймыл” деп аталган. А.Гитлер И.Сталинге анын 60 жылдык мааракесине байланыштуу жөнөткөн куттуктоо телеграммасында (“Правда” гезити. 23.12.1939) “достук карым-катнаштагы Советтер Биримдигин элдерине” бактылуу келечек каалаарын билдирген (эми бул “протоколдук сөз” болду деңизчи!).

Солдон оңго: Йоахим фон Риббентроп, Иосиф Сталин, Фридрих Вильгельм Гаусс, Густав Хильгер, элчи Фридрих фон дер Шуленбург. Москва, Кремль, 23-август, 1939-ж.
Солдон оңго: Йоахим фон Риббентроп, Иосиф Сталин, Фридрих Вильгельм Гаусс, Густав Хильгер, элчи Фридрих фон дер Шуленбург. Москва, Кремль, 23-август, 1939-ж.

Ошол 1939-жылдын августунда Кремлде кол коюлган “Молотов-Риббентроп пакты” 1-сентябрда нацисттик Германиянын Экинчи дүйнөлүк согушту ачуусунун жана 17-сентябрда СССРдин эгемен Польшага чыгыштан кол салышынын дипломатиялык кыртышын бекемдеген.

Дээрлик 1 жыл 11 айдан кийин бул эки тоталитардык “социалисттик” мамлекет кайра бири-бирине каршы согуш жүргүзө баштаганын ар бир мектеп окуучусу билет.

Кандай гана сонун кыялдарга жамынбасын, тоталитардык мамлекеттер адам укуктарын тебелөөгө негизделээри, демек, адамзаттын асыл-нарктарына каршы болоору, XX кылымдагы дүйнөлүк тарыхый окуялар аркылуу арбын эле тастыкталды.

Айтмакчы, Карл Поппер да, Фридрих Хайек да адамзат болочогу үчүн эркин базар экономикасына жана адам укуктарын сыйлоого негизделген ачык коомду ар кандай тоталитардык коомдорго караганда алда канча жогору турган, адилеттикти камсыздаган байсалдуу коомдук түзүлүш катары санашат.

Коммунисттик цензура жоюлган соң, пост-советтик Кыргызстанда антиленинчил адабият миң салаалап жарыялана баштады. Арасында жергиликтүү илимпоздор менен коомдук ишмерлердин да китептери, макалалары, маектери бар. Жазыксыз жерден атууга, сүргүнгө кеткен инсандарды тарыхый актоо, көөнө же жакынкы тарыхтагы инсандарды калыс таразалоо аракеттери да бул жүрүмгө өз үлүшүн кошту.

Ошого карабастан, дагы эле “Ленин болбосо, кыргыз эли каякта болмокпуз? Тиги ооганстандык кыргыздарды эле карап көргүлөчү?” деген сыяктуу каршы жүйөөлөр айтылып келет.

Маселе –– коомдук системада жатат.

Менчиктин ар түрдүүлүгүн, либералдык эркиндиктерди, көп партиялуулукту камсыз кылуу менен бирге социалдык реформаларды жүргүзүү, айкындуулукту чыңдоо, ар кандай жемкорлукту болтурбоо аркылуу коомдо бакыбаттыкты камсыз кылууга боло тургандыгын азыркы Швеция падышалыгынын мисалында таасын көрө алабыз.

Марксисттик ченем менен алганда, жеке менчик бийлик (монархия) сакталгандыгы үчүн эле Швеция орто кылымдык феодалдык эзүүчү мамлекеттердин катарында болууга тийиш эле. Иш жүзүндө, баш мыйзам менен чектелген бул жеке бийлик парламенттик демократиянын гүлдөп өсүшүнө эч кандай тоскоолдук кылган жок. Швед өлкөсү –– дүйнөдөгү коррупциядан таза экендиги көз карандысыз иликтөө аркылуу аныкталган алдыңкы 3 мамлекеттин бири.

Албетте, ленинчилердин башкы катасы –– Швецияны жана башка өлкөлөрдү гүлдөткөн социал-демократиялык агымдарды тануусу, чануусу, жерүүсү, аларга “буржуазиянын малайлары” катары текебер мамиле кылуусу болгон.

Балким, Владимир Ленин өмүрүнүн соңунда марксисттердин айрым катачылыктарын жымсалдап-оңдоого аракет кылганын айта кетүү деле эптир: анын “жаңы экономика саясаты” (НЭП) кризиске белчесинен баткан СССРде айрым жеке менчик түрлөрүнө мамлекеттик менчикке атаандаш жашоого мүмкүнчүлүк берүү аракети менен мүнөздөлгөн. Бирок Лениндин саламаттыгынын кескин начардашы анын өлкөнү башкаруудагы ордун жокко чыгарды да, акырындап бул саясат сталинчил көз караш менен муунтуп жок кылынды.

СССРдин көп ыкмаларын сталиндик усулда көчүрүп алган Түндүк Кореяда калайык азыркы тапта да жакырчылыктын сазына батып келет. Коңшу коммунисттик Кытайда Дэн Сяопиндин либералдаштырууга багытталган реформалары бул ири мамлекетти маочул туңгуюктан чыгарууга жол ачты. Азыркы Кытайда мамлекеттик менчикке жанаша баш көтөргөн жеке менчиктин жана “империалисттик” делген Батыш өлкөлөрү менен экономикалык жана технологиялык тыгыз кызматташтыктын негизинде соңку 40 жылдын ичинде ири экономикалык секирик жасалды.

Коммунистик Түндүк Кореянын калкынын улутташтары байырлаган либералдык Түштүк Корея болсо эч кандай ленинчилерсиз эле ири экономикалык жана социалдык ийгиликтерге жетишкендиги маалым.

(Бир ирет космостон тартылган түнкү сүрөттү көрүп калдым. Анда Түндүк Корея кап-караңгы турат да, Түштүк Кореянын электр шамдары аны ажайып жана сырдуу аймак катары көрсөтүп турат).

Ал эми 1918––36-жылдары советтик Кыргызстанда Кеңеш бийлигин чыңдап, андагы агартуу, маданият, башкаруу, айыл чарбасы, өнөр жай ж.б. тармактарды өнүктүрүүгө зор салым кошкондордун арасында мурдагы доордо “эзүүчү таптар” делген катмардын өкүлдөрү болгон нечендеген кыргызстандыктар бар эле.

"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы коммунисттик тоталитардык режимдин курмандыктарына арналган айкел.
"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы коммунисттик тоталитардык режимдин курмандыктарына арналган айкел.

Алар 1927–39-жылдар ичинде “ушул эл душмандарынын айынан тап күрөшү курчуду” деген шылтоо менен атууга кеткен жана башка ар кыл сталинчил репрессияларга кабылышкан.

Эгерде СССР чыныгы социал-демократиялык баалуулуктарды аздектеген болсо, анда өлкөдө большевиктерге атаандаш башка да социал-демократиялык партияларга уруксат берилмек, большевиктик цензура киргизилмек эмес, менчиктин ар түрдүүлүгү атаандашууну күчөтмөк, Алымбек датканын, Шабдандын ж.б. мурдагы “эзүүчүлөрдүн” Кеңеш бийлигин жактап чыккан урпактары реформачыл ишмердигин уланта беришмек.

Балким, дал ушундай кырдаалда залкар мамлекет башчы Жусуп Абдыракмановдун “Кыргызстанды Борбордук Азиядагы Швейцарияга айлантабыз” деген кыялы четинен ишке ашмак.

Сонун кыялдарды тартуулап, абдан мыкты реформаларды баштап коюп, советтик катардагы ленинчилер өздөрү да, алардын партократтары башкарган элдер да акырындап тоталитардык партиялык-бюрократтык аппараттын жемине айланышты.

Албетте, биз СССР кезиндеги бардык жетишкендиктерди эч качан танбашыбыз керек. Эң башкы баалуулуктардын бири –– айдыңдык (секулярдык) түзүлүш, элдердин достугу, аялдардын эркиндиги, секулярдык илим-билимге жана жаңы технологияга умтулуу эле.

Ошол эле учурда Ленинди “ыйык кудайдын символуна” эч айлантпастан, анын жана анын жактоочуларынын теориясындагы жана коомдук тажрыйбасындагы мүчүлүштүктөрдү ээн-эркин сындап, таразалоого тийишпиз.

Лениндин 150 жылдык мааракеси мени дал ушундай ойлорго чөмүлттү...

Ал эми ленинчил жана антиленинчилдин кимисинин ташы оор экендиги тууралуу темада камтылган суроонун жообун замандаштарымдан күтөм. Буга ар бир инсан өз алдынча жооп издөөгө тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG