Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:39

СССР: Партократтар коомдогу мите болгон


Партократтар. Солдон оңго: Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана Николай Ежов Маскөө дарыясынын жээгин бойлоп келүүдө. 22.04.1937.

“Эмнеге мурдагы совет доорунун тарыхы калыс бааланбай жатат?” деген суроо көп козголуп келет. Бирок бул коомго жаңыча баа берүү далалаты кырды-бычак мамилеге тушугууда. Өзгөчө партиялык номенклатуранын бийлиги тууралуу сөз болгондо... Тарыхчынын блогу.

Адатта, СССРдеги кемчиликтер тууралуу сын пикир айтылганда эле “эмне үчүн ГЭСтер курулганын, сабатсыздык жоюлганын, таптардын теңчилиги орногонун, кыйла прогресске жеткенибизди көрүүнү каалабайсың?” деген сыяктуу каршы пикирлерге кабыласыз.

Коммунисттик түзүлүш маалындагы бир катар позитивдүү өзгөрүүлөрдү, албетте, сөзсүз айтуу керек. Расачыл, улутчул, бир беткей диниятчыл, патриархалдык далай сокур ишенимдер четке кагылды, ири улуттардын, этностук топтордун кубаттуулары СССРдин алкагындагы эгемен жумуриятка же ар кыл автономиялык макамдарга ээ болду, илим тармактары өнүктү. СССР космос мейкиндигине алгачкы болуп жол ачты. Чындыгында да советтик коомдо падышалык Орусиянын учуруна салыштырмалуу асман менен жердей илгерилөө болду.

Булардын бардыгы айтыла келген, калыстык үчүн болочокто деле айтыла бермекчи.

Ошол эле учурда СССРдин тушунда кандай өзөктүк мааниге ээ өксүктөр орун алды эле? Эмне үчүн аларды таасын баяндоого дагы эле табу жарыялашыбыз керек? Идеологиялык “кансыз согуш” доору эми артта калды го?

Маселен, Советтер Биримдигинде пайда болгон бир кубаттуу бюрократтык катмар жана анын зыяны тууралуу терең талданбай келет. Ал – партократия катмары, тагыраак айтылганда, бийликтеги жалгыз партия болгон большевиктик Бүткүл союздук Коммунисттик партиянын мыкчегерлеринин бийлик бутактарын бүт тепчиген катмары болчу.

Албетте, бул партиянын бардык эле мүчөлөрүн жаманаттыга калтыруу калпыстык болор. Ага мүчө болгон далай ак ниет, аруу, чынчыл, демилгелүү, реформачы инсандар болгон. Алар чындап эле тарыхтагы тап күрөшү деген теорияга ишенишкен жана акыры чыныгы коммунизм, тапсыз коом курулат ко деп үмүт кылышкан.

Бул чакан макалабызда партиялык-бюрократтык аппаратка илешүү аркылуу коомдогу митеге айланган кубаттуу катмар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул мите катмар советтик коом жалаң гана жумушчу табынан, колхозчу дыйкандардан жана интеллигенция тобунан түзүлөт деп жарыялап, иш жүзүндө артыкчылыктуу кырдаалда жашаган миллиондогон бюрократтык аппараттын (“партократтардын”) өкүлдөрүнүн катмары тууралуу өздөрү эч сөз кылышчу эмес (ал эми дээрлик колхозчу сыяктуу эле шартта жашап-иштеген советтик дыйкан чарбасында иштегендерге “жумушчу” деген жасалма макам берилген; иш жүзүндө алар деле дыйкандар болчу).

Жумушчу табынын өкүлү өмүр бою шаарда жумушчулар жатаканасында жашап, өмүр кечирген учурларды көрүп калдык. Ал эми мите катмардын өкүлдөрү ошол доор үчүн элиталык болгон батирлерге тез эле жетишчү. Айрым өзгөчө кызмат орундарын ээлегендер үчүн атайын чарбактуу үйлөр (вилла) курулган. Бул кызматтык үйлөрдө алар үй кызматчысына да ээ болушкан (албетте, бул көрүнүш расмий цензурадан өткөн эч бир маалымат булагында айтылчу эмес).

Мите катмар лөктөрү “телефон укугу” делген эч бир мыйзамда көрсөтүлбөгөн бейрасмий укуктан пайдаланышчу: алардын урпактары дурус орто мектепти элдир-селдир бүтүрсө да, мыкты жогорку окуу жайлардан орун алышчу; адистик алган соң, бул “алтын жаштар” телефон чалуунун күчү менен жакшы кызматтарга келчү. Акырындап укумдан-тукумга өткөн бюрократиялык сулале (үй-бүлөлүк династия) пайда болгон.

Мителик укуктар борбордо гана эмес, элеттеги бюрократияда да тамыр жайган: “чоңдордун” окуучу балдары пахта, тамеки, кыркын сыяктуу жалпыга милдеттендирилген далай айыл чарбалык коомдук иштерден ар кандай аргалар менен куткарылып алынчу.

Ал эми эс алуу жайларына, курортторго, пионер лагерлерине орун алууда да бюрократтык телефондордун “сыйкыры” керекке жараган.

Бул артыкчылыктардан куру калуу – өлүм менен барабар эле. Ошондуктан мите катмардын өкүлдөрү бар күчү менен социалисттик түзүлүштү мактап-жакташкан. Айрымдары чет мамлекеттерде турист болуп кайткан соң да, тоталитардык үгүт машинесинин куралына айланып, өнүккөн өлкөлөрдүн демократиялык жетишкендиктерин жамандашкан же таптакыр бул тема тууралуу унчукпай коюшу керек болгон.

Көз будамайлоо – дал ушул бийликтеги катмардын негизги амалдарынан болгон. Кенчи Андрей (кийинчерээк Алексей) Сахаров 1935-жылы 31-августта көмүр кенин казууда рекорд койгон маалда, чын-чынында, ал үчүн башка төрт кенчи кесиптеши көмүр копшоп даярдап берип турганы пост-советтик доордо гана ачык айтылып калды.

Үч класс билими гана бар, эч жамандыкты ойлобогон Андрей Сахаров өз нөөмөтү маалында планга ылайык 7 тоннанын ордуна башка кесиптештеринин көмөгү аркасында 102 тонна көмүр уратып, бир заматта даңазалуу болуп калган. Саат басып, “Правда” гезитинде Андрейдин ысымын тактабастан эле “Алексей Сахаров” деп ката жазып салышат.

Бул калпыстыкты Ыстакеңе жеткиришкенде, ал “Правда” гезити эч качан калп жазбайт!” деген экен.

Айла канча, алеки заматта Андрей Сахаровго “Алексей Сахаров” деп жаңы паспорт жазып беришет (бул күлкүлүү да, ыза кылган маалыматты СССР маалында эч бир китептен окуй алмак эмеспиз). Ошентип, көз будамайлоо менен стахановчулар кыймылына негиз салынган. Мында да утушка ээ болгон негизги тарап – өз атынан айрылган кенчи Сахаровго караганда, ошол кездеги бийликтеги мителер болгон.

Бул мите катмардын өкүлү чала сабат жана төрөпейил киши болчу болсо, анда ал жер-жерлерде өзүнүн чакан диктатурасын орнотуп алчу. Алардын айрымдары “социалисттик планды толтура албай жаткан чагыбызда, колхоздун козусу өлгүчө, өзүңдүн балаң өлсөчү!” деп жемелегенге чейин барышчу. Айрым чакан “тирандар” жеке жумушу менен сапарда бараткандардын автобус каттамын үзгүлтүккө учуратып, бир нече саат бою колхоз чөбүн жыйнатып койгон кезеңдер да болгон.

Өз району же облусу расмий мактоого татырлык иш жасагандыгын далилдөө үчүн мындай мителер чабандарды жүз койдон жүз жетимиш козу (ж.у.с. ар кыл рекорддук көрсөткүчтө) төлдөтүүгө шыктандырышчу (мындай чабандардын бир туугандары өз короосундагы эгиз тууган койлорду “ордендүү стахановчу” бир тууганынын жалкы козу тууган койлоруна тымызын айырбаштап коюшчу; орто жолдо чабан орден алса, анын райондогу же облустагы жогорку партиялык төбөлү жок дегенде мактоо кагазына жана өз кызматын сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө жетчү).

Пахта эчак суюлса да, декабрдын соңуна чейин окуучу жана студент жаштарды пахта талааларында кармап, пахта чогултуу планын толтуруу үчүн күн сайын аларды ызгаардуу суукта ишке айдап чыккан массалык көрүнүштү Фергана өрөөнүндө жана анын чет жакасында байырлаган улуу муундагылар эмдигиче унута элек.

“Май токочтор” – тең укуктуулардын ичинен да көбүрөөк тең укуктууларга тийип турган.

Мите катмар үчүн атайын чоочун көздөн далдаа дүкөндөр уюштурулган жана аларда карапайым калайык жөнөкөй дүкөндөрдөн эч таба албай турган азык-түлүк жана башка товарлар эркин жана берекелүү сунушталган.

Маселен, Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) Экинчи дүйнөлүк согуштагы камалоонун маалында азаптуу ачарчылык калайыкты четинен чалгы менен кыйгандай сулатып жаткан чакта да мителер үчүн атайын дүкөндөр кадимкидей иштеп турганын орусиялыктар 70 жыл өткөн соң гана ачык жаза башташты.

Орусиялык изилдөөчү Андрей Зубов, петербургдук тарыхчы Кирилл Михайлович Александровдун ж.б. маалыматтарына таянуу менен мындайча жазат:

“Ленинград аткаруу комитетинин 1941-жылдын 17-декабрындагы токтомуна ылайык, Бүткүл союздук Компартиянын (большевиктердин) райкомдорунун катчыларынын, райаткомдордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кечки тамактары аларга берилген азык-түлүктүк карточкаларды эсепке албай туруп таркатылган. 1942-жылдын алгачкы токсондугунда (б.а. миңдеген кишилер Ленинградда ачкадан кырылып жаткан чакта. – ТЧ) өлүп жок болуп бараткан шаарда [бул төбөлдөргө] шоколад торту, эт, ак нан, кургак жемиш, печенье алууга мүмкүн болгон...

Компартиянын Ленинград шаардык комитетинин кадрлар бөлүмүнүн инструктору Н.И.Рибковский... 1942-жылы март айында Мельничный Ручей кыштагындагы партиянын шааркомунун стационарына саламаттыгын чыңдоо үчүн жиберилип, өз тамак-ашы тууралуу мындайча жазган:

“Ар күнү эттүү тамак – кой эти, чочко эти, тоок, каз эти... колбаса, ал эми балыктан – лещ, салака, корюшка, аларды кууруп да, бууга бышырып да, тоңдуруп да беришет. Икра (балык уругу), кызыл балыктын туздалган жону (“балык”), быштак, майтокоч (“пирожки”), ошончо эле көлөмдөгү кара нан ар күнү берилет; 30 грамм сүт каймактуу май, жана булардын үстүнө жүзүм шарабынан, жакшы портвейнден түшкү жана кечки тамактар маалында 50 граммдан берилет”. (Булак: Яров С.В. Блокадная этика. Представления о морали в Ленинграде в 1941—1942 гг. СПб., 2011. – Б. 407–409.)

(Мурдагы Мельничный Ручей кыштагы кийинчерээк Всеволожск шаарынын бир микрорайонуна айланган. Советтик уламышка караганда, ленинграддык ири партиялык төбөл А.А.Жданов 1930-жылдары мындагы партократтардын санаторийиндеги киринчү жайга тээ Кара деңизден атайын кум алдырткан экен).

Сталиндик доордо жана андан соң кан күйгөн согуш маалында партократтарга жасалган мындай айрыкча мамиле уруш аяктаган соң ого бетер күч алган. Партократтардын атайын бүткүл өлкөлүк эс алуу жайлары бирдей “калыпка” салынгандай Крымда, Алтайда, Ысык-Көлдө ж.б. кооз жерлерде курулган.

Албетте, ар башка чөлкөмдөрдө төбөлдөрдү тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү да болгон деңизчи.

Кыргызстанды алсак, кээде борбор шаарда таңкыс болгон, бирок элетте колдонулбаган ак сөөктүк товарлар (маселен, көргөндүн көзү тайгылган жылтыраган тондор, “шубалар”, жайлоо менен кыштоого ылайыксыз шиштакалар атайын алыскы тоолордо мал баккан “малчылар үчүн” деп автодүкөндөргө жүктөлүп жиберилчү да, артынан из кууп барып баягы эле бюрократтар арзан сатып алып кайтышчу).

Албетте, мителик катмардагы жылуу-жумшак орунду ырааттуу сактап калуу далалаттары тымызын саясий күрөш жана кландык тирешүү менен эриш-аркак жүргөн. Бири-биринен саясий ката табуу же башка бир кемчилигин ашкерелөө аракеттеринде автору жок “тоголок арыздар” ыкмасы да колдонулган. 1930-жылдардагы калыс сотсуз эле үчилтиктин жазалоосунан жабыр тарткан коом үчүн автору белгисиз арыздын жардамына кайрылуу эч кандай моралдык түйшүк жаратчу эмес.

Тымызын күрөштө жеңип турган айрым төбөлдөр 20-30 жыл бою жогорку кызмат ордунан эч жылмышкан эмес. Мындайларды айрым учурда ошол кызматты узак жылдар ээлегендиги үчүн эле “баатыр” санагандар бар. Алар өз кызматынан козголбой койгондугу үчүн эле баатыр каралышы керекпи? Деги, кандай жолдор менен алар өз кызматын сактап калгандыгын иргеп, иликтөө керекпи?

Кээ бир советтик жумурияттарда өзүнүн кызмат ордун акташ үчүн эне тилин орус мектептериндеги окуу программасынан алдырып салгандар, өз ата журту Орусияга ыктыярдуу кошулган деген тарыхый жактан натуура жобону таңуулап, жалган датага ылайык мааракелик иш-чаралар уюштургандар, өз улутунун байыркы мамлекеттүүлүгүн жана жазма маданиятын танып, “мамлекет менен жазма маданияттын бардыгын бизге Ленин гана берген” дегендер, Саул Абрамзон, Кубанычбек Нурбеков, Кушбек Үсөнбаев сыяктуу окумуштууларды, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов сыяктуу калемгерлерди жазыксыз жерден каралаган мурдагы төбөлдөр жок дегенде көп партиялуулук орногон жана демократия туусун расмий желбиреткен азыркы коомдо калыс чыпкаланган нагыз баасын алышы абзел.

(Ыстакең каза болгон Маркс, Энгельс, Ленин, Свердлов, Фрунзе жана башкаларын ысымдарын 1920-жылдардын экинчи жарымында жер аталыштарына байма-бай койдуртуп жатып, “кол ийрисине тартып”, бүткүл өлкөдө Сталинград, Сталино, Сталинабад, Сталинкала, Сталинакан, Сталинск-на-Оби, Сталин на Дону, ж.у.с. аталыштарды жайнатууга “уруксат кылган”; акыры-түбү бул аракет тоталитардык түзүлүштүн сталинчил вариантын түптөөгө кызмат кылган).

СССРде партократиянын мителик бийлиги орногонун айтылуу казалчы Казыбек Мамбетимин уулу (1901––1936) “бадышаны кулатып, бартияны кан (хан) кылдык” деп тээ 1920-жылдардын акыры – 1930-жылдары ашкерелеп ырдаган эмеспи.

Дал ошол партократиялык мителик катмар СССРде “Кайра куруулар” доорунда олуттуу соккуга алына баштады. Бул мите катмарга мүнөздөмө болгон “партократия” деген аталыш да ошол 1980-жылдардын этегинде коомчулукта байма-бай берилип, бул катмар кескин сынга учурай баштаган. Бул термин Кыргызстанда КДКнын мүчөлөрүнүн да жыйындардагы чыгып сүйлөөлөрүндө байма-бай колдонулган сөзгө айланган.

Абдурахман Авторханов.
Абдурахман Авторханов.

(“Партократия” сөзүн илимий жана публицисттик адабиятка теги чечен окумуштуу, публицист Абдурахман Геназович (Ганазович) Авторханов (25.10. [7.11.] 1908 — 24.4.1997) киргизгендигин кийин гана билдик; бул термин менен ал сталиндик жеке диктатураны жана анан кийин саал либералыраак болгон партиялык лидерлердин тар топтук бийлигин чыңдоого кызмат кылган советтик уникалдуу бюрократтык аппаратты атаган).

СССРдин өзүндө бул бийликтеги жалгыз партияга жамынган “эзүүчү” катмарды сындагандардын жана ашкерелегендердин арасында жалаң гана партияда жоктор, диссиденттер, кайчы пикирдеги айдыңдар болуп чектелбестен, нечендеген реформачы коммунисттер менен комсомолдор да болгонун, албетте, даана айтуубуз керек.

Арийне, бул мителик катмардын советтик коомдогу зыяндуу ролу жөнүндө Кыргызстандын маалымат каражаттарында жана китептеринде өтө аз талкуу жүрүп келет. Бул катмардын заманбап улантуучулары азыркы тапта да көрүнбөгөн жиптер аркылуу жемкорлуктун салттык желесин сактап жаткандыгы жашыруун эмес.

Ал эми бир кездери дал ушул мите катмардын жогорку тепкичинде тургандардын ардагер өкүлдөрү, албетте, узак жылдар бою сенектик доорунда бийликте турган “залкарлардын” ролун бир тараптуу мактоо аркылуу өздөрү үчүн да болочокто ушундай эле мактоолорду уюштуруу мүдөөсүндө коомдук ой чабытта, коомдук көз карашта туруктуу пайдубал түптөгүсү келип жатса керек деп эрксизден ойго батасыз. Себеби алардын да бул мителик доордогу кызматтары бир беткей макталышы керек болгондой маараке кезеңдери чет-четинен келет эмеспи. Иш жүзүндө өзүнүн жогорку кызматын сактоо үчүн алар деле өлкөдөгү демократиялаштыруу жүрүмүн муунтууга багытталган иш-аракеттерге барышкан эмеспи.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин "Фейсбуктагы" саясаттагы "кубулуу" жаатындагы жарыясы ойлондурбай койбойт.

Борбордогу эски аянтка ысым берүү керек болсо, Турдакун Усубалиевдин атын эмес, кыргыз совет мамлекетин түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ыстакеңе каяша сүйлөй алган Жусуп Абдыракманов сыяктуу чыгаан бабаларыбыз деле бар эле го, андан ары Барсбектин деле атын бербейби! деп эрксизден ойлоносуң. Бишкек шаардык кеңешиндегилер тарыхты казып окуган эмес ко, аттиң!..

Албетте, коррупция, жемкорлук, адилетсиз башкаруу усулдары адамзат коомунда эзелтеден бери болгону чын. Жусуп Баласагын бабабыз да мындан дээрлик он кылым илгери паракорлукка жана адилетсиз башкарууга каршы ыр саптарын жазган, демек, ага каршы күрөшкөн.

Коммунисттик коомдо деле мителикке каршы күрөш жүргөн. Бирок бийликтеги бир партиялуу үстөмдүктүн бюрократиясы өз колун өзү сындыра чаппастан, көп өксүктөрдү катаал цензура аркылуу жымсалдоого жана өзүнүн саясий тобундагылардын былыктарын жаап-жашырууга жетишкен. Бул калдыктар азыркы тапта да 70–90 жыл илгерки советтик архивдердин жашыруун фонддорун ачууга анчейин ынтызар эмес.

Эми совет доорундагы башкаруудагы мите катмар жана азыркы турмуштагы анын айрым калдыктары жаатында айкын, ачык талкууну, маалымдуулукту камсыз кылуу аркылуу, эскичил көрүнүштөрдөн узак болгон жаш жана либерал муундардын чыгаандарына саясатта мыйзам ченемдүү жол бошотуу ыкмасы менен гана бул эски мителик желени үзүүгө, бери дегенде моралдык жактан алсырата баштоого болот.

Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (62)

XS
SM
MD
LG