Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Кандуу жылдарды келечек үчүн унутпаш керек


Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда канча киши репрессияланган? Айрым окумуштуулардын ырасташынча, кандуу калабага 40 миңден ашуун киши туш келген, экинчи бир маалыматта ал 20 миңдин тегерегинде экени айтылат.

Коммунисттик режим тушунда куугунтукка кабылгандар тууралуу маалымат ачыкка чыкчу эмес.

Режимдин өзү тарых тактысынан шыпырылып түшүп калбаса, миллиондордун көз жашы унутулуп деле калмак. Кыргызстанда куугунтукка кабылгандарды эскерүү китеби чыгууда.

Элге жеткирчү эсепсиз жумуш

Репрессия курмандыктары тууралуу маалыматтарды чогултуп, опол тоодой ишти бир нукка салуу аракети өткөн кылымдын соңунда эле башталган.

1998-жылдан тарта орусиялык “Мемориал” уюмунун “СССРдеги саясий канабайрамдын курмандыктары” деген аталышта жаңы долбоору чыккан.

Анда тарыхый өнүгүү жолу зордук-зомбулукка жык толгон өлкө ичиндеги кандуу калабалар качан жана кантип башталганы так белгиленген. Бирде басаңдап, бирде күчөп, социализм тарых тактысынан жылмышып түшкөнчө коштоп келген “кызыл калабанын” себеп-жөнүн аңдоо, так аныктамасын берүү аракети эгемендик жылдары күчөдү.

Мындан тышкары кең өлкөнүн булуң-бурчтарынан жыйналган опсуз көп маалыматтарды иретке салып, системалаштырып чыгуу деле кыйла убакытты алды.

Орток тарыхка тийиштүү өзгөчө маанилүү маселени аңдап чыгуу амалында башталган иликтөө дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген эңгезердей СССР өлкөсү ыдыраган соң баштагы ыраатынан жанып, ар бир өлкө өз жолу менен кетти.

Кыргызстандагы репрессия азабына кабылгандарды эскерүү китеби эми чыкканы турат. Аны түзүүчүлөрдүн айтымында, он томдон ашуун ополтоо эмгекте республиканы туташ каптаган репрессиянын масштабы, азабы жана арманы кыйла толук камтылмакчы. Канча жылдардан бери кеп болуп, бирок ишке ашпай келген долбоор Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштууларынын, коопсуздук кызмат адистеринин биргелешкен эмгегинин натыйжасында жарыкка чыкканы туру.

Сталиндик репрессия деп аталган канабайрамдын кантип жана кандайча чыгышы, анын эмнеликтен экономикалык жактан бечел өлкөдө күчөп кеткени, өкүмзор-буйрукчул системанын кубаттуу аскердик жана күчтүү коопсуздук кызматын түзүп, опуза, коркутуп-үркүтүү менен жетимиш жылдан ашуун тарых тактысында турушу дагы кыйла жылдар иликтенип, баасын алчу система.

Чыгышы күтүлүп жаткан Эскерүү китебине чейин сталиндик репрессиянын Кыргызстанга алып келген азап-тозоктору, залакасы кыйла изилденген. Эгемен Кыргызстанды этектей келген жетишпестиктен улам бул тема айрым бир илимпоздордун эмгегин эске албаганда, ар тараптуу жана терең аңдалбай келатканы белгилүү.

Буга чейин репрессия курмандыктарынын кыскача маалыматын камтыган https://ru.openlist.wiki/ дарегинде репрессия курмандыктарынын ачык тизмеси жарыяланган. Анда жаамы совет өлкөсүндө репрессияга кабылган инсандардын качан туулганы, кайсы жылы камакка алынганы жөнүндө кыскача маалымат берилген.

Эскерүүнүн калган бөлүктөрү кызыккан адамдар тарабынан толтурулушу керек.

Ачык тизме эскерүү китебине кыргызстандык 8 миңге жакын кишинин аты-жөнү киргизилген. Андагы маалыматтарга кошумча кабар, сүрөт жарыялаш үчүн сайтка катталыш керек.

Буга чейин ачык тизмедеги кыргызстандыктар тууралуу 3 миңден ашуун кишиге тийиштүү маалыматтар кеңейтилген. Аталган долбоор кайсы бир деңгээлде көпчүлүктүн аракети менен ишке ашырыла турган Википедия, репрессия курмандыктары тууралуу колдо бар маалыматтарды бир жерге топтогон сурамжы маалымат булагы болуп калышы керек эле.

Бирок да керектүү маалыматтардын көбү архивдерде, аларды издеп таап, эринбей отуруп чогултуу деле кыйла убакытты ала турган түйшүк. Антип издеп табылган маалыматты ачык тизмеге жайгаштыруу милдети да бар. Ошондон жакшы тилек, илгери үмүт менен башталган иш ырааттуу улантылбай, ушу тапта баам сыртында калууда. Мындан тышкары “Аңгыраган узун үй” (“Открытый барак”), “Курмандыктарды бир-бирден эскеребиз” сындуу дагы башка маалымат булактары Интернет айдыңында толтура.

Виртуалдык көргөзмө уланса

Кеп ыңгайынан улам айта кетчү сөз. Кыргызстандын Саясий документтер архивинде сакталган архивдик маалыматтардын электрондук көчүрмөсү “1937-1938-жылдардагы репрессия курмандыктарын эскерүү” деген долбоордо жарыяланган. Анын түшүндүрмөсүндө мындай деп белгиленген:

“Бишкектен 30 чакырым алыс жайгашкан Чоң-Таш айылындагы репрессия курмандыктарынын “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде сталиндик репрессия күчөп турган чакта эч кандай сотсуз, тергөөсүз атылган 137 кыргызстандыктын сөөгү жатат.

Кыргыз интеллигенциясынын жүздөн ашуун өкүлү 1938-жылдын 5-7-8-ноябрында совет бийлигинин ойдон чыгарылган айыптоолору боюнча "эл душманы" жана "улутчулдар" катары атылган.

КГБнын бир кызматкери 1980-жылы өлүм алдында жатып кыйла жыл катып келген атуу тууралуу сырды кызына айтып берген. Ал кызы бой жеткенден кийин атасынан уккандарын жарыя кылган.

Атылган мусулман, христиан, бутпарас, иудейлердин сөөгү Чоң-Таштагы кыш күйгүзчү чуңкурга ташталган. Алардын арасында кыргыз советтик мамлекетин негиздөөчүлөр, туңгуч наркомдор бар болчу.

Узун-туурасы төрт метр, тереңдиги 40 сантиметр чуңкурду казышкан адистер 137 адамдын сөөгүн таап чыгышты, айрымдарынын өздүк документтери кошо табылды. Сөөктөр казылып алынгандан кийин чуңкурдан 100 метрдей жерге “Ата-Бейитке” алынып келинип коюлду.

Архивдик маалыматтарга караганда, ХХ кылымдын 30-жылдары Кыргызстанда он миңдеген адамдар репрессияланып, көбү атылган. Расмий маалыматтарда сталиндик репрессиядан 12,5 миллион СССР жараны набыт болгону айтылат.

1991-жылы 30-августта Чоң-Ташта табылган сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгүн кайра коюу боюнча мамлекеттик деңгээлде зыйнаты өткөн. Эртеси күнү 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздыгы жарыяланган.

8-ноябрь 1937-1938-жылдардагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет. Виртуалдык көргөзмөнү даярдоодо Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин коомдук-саясий документтер архивинин документтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдин Кинофотофонодокументтер архивинин фондусундагы фотоматериалдар пайдаланылды.

Виртуалдык көргөзмө биздин өлкөнүн калыптанышына салым кошкон кыргыз элинин азамат уулдарынын эмгегине сый-урмат көрсөтүү максатында даярдалды. “Биздин милдет - жаңы муунга оор жылдардын тарыхын жеткирүү, биздин коом, замандаштарыбыз көз карандысыз кыргыз мамлекетин түзүү үчүн жанын курман кылган баатырларын эстеп, унутпай айта жүрүшү абзел”.

Долбоор ээлери баса белгилеп жаткан виртуалдык көргөзмөгө белгилүү 33 коомдук-саясий ишмердин архивдик документтери жайгаштырылган. Өкүнүчкө, мына ушул “виртуалдык көргөзмө” ары уланбай, жакшы иш токтоп турат. Архивдик маалыматтардын болушунча электрондук көчүрмөсүн даярдап, аны өзүнчө сайтта жайгаштырып койсо кыргыз тарыхынын мына ушул карама-каршылыктуу учуру жөнүндөгү аныгы менен апыртмасы аралаш бир топ кептерге чекит коюлуп, ортого олуттуу фактылар коюлат эле.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусундагы материалдардын электрондук көчүрмөсү даярдалып, аны кызыккандар колдонуп жатышат. Архивдеги саясий куугунтуктун курмандыктары болгон инсандардын документтери андай кезге качан жетери азырынча бүдөмүк.

Мыйзамга байланган үмүт

Ушу тапта Жогорку Кеңеште “Ачык архивдер” долбоорунун алкагында өнөктөштөрдүн көмөгү менен айрым мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкуудан өтүүдө. Жаңы мыйзам кабыл алынып калса, 1918-1953-жылдардын архивдик документтерине жарандардын жетишүүсү кыйла жеңилдейт болчу. Ушуга улай аталган мезгилде репрессияга кабылган инсандарды актоо үчүн укуктук негиздерди түзүү аракети көрүлүүдө.

Жаңы мыйзам кабыл алынса 1918 -1953-жылкы архивдик материалдарга жетүүнү гана жеңилдетпестен, буга чейин ар кыл мекемелерде сакталып турган материалдарды Архив агенттигине топтоого, ага улай “Эскерүү китебинин” электрондук версиясын түзүүгө шарт түзүлмөкчү. Электрондук китептен кызыккандар керектүү материалын онлайн-режимде алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөр эле.

Мындай аракет барып-келип тигил же бул элдин өткөн тарыхына карата мамилесине барып такалат, улуттук маданиятына байланышып кетет.

Кыргызстандын социализм доорундагы кыска тарыхын иликтеп чыгуунун зарылдыгы эмнеде? Ириде ал бай-кедейи жок теңчил коомду куруу идеясын алдыга жайып, өз калкына “кызыл кыргын” алып келген системанын кыска убакыт ичинде өзгөрүп кетишин аңдоо үчүн керек.

Өкүмзор-буйрукчул системанын кишенинен бошонуп чыгуу ириде Кыргызстан сындуу өз алдынча мамлекет куруу убарасында жүргөн өлкөгө өзгөчө зарыл.

Буга чейинки топтолгон маалыматтардын кыйласы Интернет айдыңына көчүрүлүүдө, керектүү делгендери электрондук түргө өтүп, илимий иликтөөнүн маанилүү бөлүгүнө айланууда. Ортого жайылган илимий бүтүм, жаңылыктардын көбү виртуалдык талаадагы талкуудан өтүп, барк-баасы бычылууда. Мындай шартта электрондук китепкананын, электрондук маалыматтын баасы артары турган иш.

Кыргызстанга канаатташ Казакстанда “Эскерүү китебинин” электрондук версиясы түзүлүп, анда негизги архивдик маалыматтар кыскартылып берилген. Кыргызстанда бул иш жаңыдан башталууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG