Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Каардуу саясат жаш илимпозду жайран кылган


Молдогазиевдердин үй-бүлөсү.
Молдогазиевдердин үй-бүлөсү.

Акматкан Молдогазиев - медицина тармагындагы кыргыздан чыккан биринчи илим кандидаты. Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүп, окумуштуулук даражасын жактаган.

Аны агасы Акимкан Молдогазиев менен бир убакта камакка алышып, 1938-жылы атууга өкүм чыгарышкан. «Жусуп Абдрахмановдун тууганы, Социал-туран партиясынын мүчөсү» деп айып коюшкан.

«Үчилтик» атууга өкүм чыгарган

1938-жылдын 25-февралында Кыргыз ССР НКВД «үчилтигинин» отурумунда Акматкан Молдогазиевдин кылмыш иши каралып, атууга өкүм чыгарылган.

Ошондон кийин эки бир туугандын жакындары «эл душманы», «социал-туранчынын» кишилери катары кодуланып, 1953-жылы Сталин өлүп, эки бир тууган толук акталганга чейин артында калган жакындары толгон-токой азапты баштан кечирет.

«Эл душмандарына» жан тартары билинип калышы мүмкүн деп, жүрөгү өлгөн туугандары түн ортосунда жашырынып келип, ал-акыбалын сурап кеткенин Акматкандын агасы Акимкандын жалгыз уулу Кемел кийин балдарына айтып берген.

Атасы менен абасы бир күндө камакка алынып, көп өтпөй экөө бирдей атылып кеткенден кийин Бишкекте турууга мүмкүн болбой, Акимкан Молдогазиевдин үй-бүлөсү түн катып шаардан качып чыгып, жөө-жалаңдап айылына келе берген.

Айылда деле аларды эзиле күтүп турган эч ким жок экен. «Эл душманынын» үй-бүлөсү күн санап коркуп, «качан келип бизди камакка алышат» деген санаа менен жашоо кечиришкен. Ушундай арасат абал 15 жылдан ашуун созулган. Ал кезде эл душманынын аялын өзүнчө абакка камап, балдары жаш болсо балдар үйүнө өткөрүп ийүү көнүмүш ишке айланып калган эле. Кыргызстандан чыккан медицина боюнча биринчи илим кандидаты Акматкандын баласы жок, артында калган жаш аялына кайненеси жообун берип, башын бошотуп койгон.

Молдогазиевдер туш келген 1938-жылкы азап-тозокторду эстеп отурса оголе узун, кайгылуу баян чыгат. Акимкан 1905-жылы Ысык-Көл районундагы Таштак айылында төрөлгөн. 1937-жылдын 6-июнунда камакка алынып, 1938-жылдын 21-ноябрында атылган. Бир жылдан ашуун убакытка созулган абактагы кыйноодон кийин колу канга малынган желдеттердин атууга өкүм кылышын айрымдар жеңилдик катары эсептешкен. Адам чыдагыс азап-кыйноонун жанында өлүм азаптан кутулуунун жападан-жалгыз аргасы болуп калган. Акматкан Молдогазиев тергөөчүлөрдүн: «Жакын адамдарың ким?» деген суроосуна өз колу менен мындай кагаз жазып берген:

«Менин жакын тааныштарым:

Абдрахманов Токо.

Садыков Кудрат врач.

Ахунбаев Иса, врач.

Башка менин жакын тааныштарым жок. 29-сентябрь, 1936-жыл.»

Кийин ушулардын баары: Токо Абдрахманов, Иса Ахунбаев түрмөгө түшүп, Жусуп Абдрахмановдун бир тууган иниси Токо камактан кайтпай калат. Иса Ахунбаев эки жыл абак азабын башынан кечирип, боштондукка чыгат. Жакын адамдарына гана сыр кылып айтпаса ал киши өмүрүндөгү ошол оор учурду эстебешке, ал тууралуу кеп кылбашка аракет кылып, жаңыдан дарыгерлигин баштап атканда туш келген азапты өмүр жолунан чийип таштайт.

Иса Ахунбаев Акматкан Молдогазиев менен Ташкентте чогуу окуган. Пишпекке келген ташкенттик бүтүрүүчүлөрдү кайсы ооруканаларга бөлүштүргөнү тууралуу министрликтин буйругу архивде сакталып калган. Мына ушул 1936-жылы Акматкан Молдогазиев илимий ишин мыкты жактап, медицина илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук наам алган.

Жаш илимпозго үй китепканасын илимий адабият менен толтурууга 1000 сом акча бөлүнгөн. Шаардык ооруканада, министрликке караштуу башкармалыктагы иштерине кошумча Акматкан Молдогазиев Пишпектеги медициналык техникумга окутуучу болуп орношкон.

Ал кезде окууну жаңы бүтүп, илимге суусап турган жаштар үчүн тапшырылган милдетти аткаруудан өткөн маанилүү иш жок болчу. Жаш илимпоздун алдында оголе көп максат-милдеттер турган.

Бирок ал кезде сталиндик бийликтин «эл душмандарын», революцияны жактырбагандарды, кайсы бир фракцияга жан тарткандарды, совет өкмөтүнө ичим тап мамиле кылгандарды катаал жазага тартуу аракети башталып, ал чоң өлкөнүн ар кайсы бурчтарында аз-аздан ишке ашырыла баштаган.

Бири экинчисинен шек алуу, атаандашың айтып баргыча тийиштүү мекемелерге жашыруун маалыматты мурда жеткирүү, өлкө боюнча «эл душманын» табуу аракети калк арасында жайылып, баары «кызыл кыргынды» күтүп калышкан.

Акимкан менен Акматкан Молдогазиевдердин кылмыш жообуна тартылып, айыпка жыгылышына алардын Социал-туран партиясына мүчө болушканы же бай-манаптын баласы эмес, Кыргызстандын союздук республикалар катарына киришине каруусун казык кылып күрөшкөн Жусуп Абдрахманов менен жакын туугандыгы себепкер болгон. Акматкан Молдогазиевдин жакын тууганы Жекен Мамыткановдун айтымында, Жусуп Абдрахманов менен бир тууган Молдогазиевдер жакын туугандардан болчу.

- Биз жакын туугандарынан болобуз. Жусуптун азандагы аты Усуп. Атасы Абдыраман, фамилиясы Абдыраманов болуш керек эле,- дейт Мамытканов.

Кан күсөп калган бийлик Абдрахмановду жакындары менен кошо биротоло жок кылууга киришкен. Антпесе прокуратура, сот тармагында иштеген Акимкан Молдогазиев менен медицинанын проблемаларына берилген Акматкандын саясий иштерге тиешеси жок, жашоо-тирилигин тынч өткөрүп атышкан. Бир жылдан ашуун түрмөдө адам чыдагыс азаптарга туш келип, аягында эки бир тууган атылып кеткен. Баарынан өкүнүчтүүсү - Акимкан менен Акматкан Молдогазиевдер бир убакта камакка алынып, бир убакта атууга кетишкени.

Чырактай эки баласы бир күнү камакка алынып, заматта башына каран түн түшкөнүнө чыдай албай энеси: «Акимкан болсо үй-бүлөөлүү болду, артында бала-чакасы калды, бу кешиги жок Акматкан эмнени көрдү, катыгүн! Ушу кантип эл душманы болсун, кокуй!» деп жер сабап ый-арманын кимге айтарын билбей күйүткө басылып калганын кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсунов «Эл душманы» даректүү баянында эскерген.

Айтса, Эрнис Турсуновдун өз атасы Нурдин Серкебаев да Жусуп Абдрахмановдун тууганы, Социал-туран партиясынын мүчөсү катары айыпталып, атылып кеткен.

«1938-жылдын 25-февралындагы Кыргыз ССРинин НКВДсынын үчилтигинин отурумунун протоколунан:

Угулду: II.Кыргыз ССР НКВДсынын УГБ 3-бөлүмүнүн Молдогазиев Акматкан, 1905-жылы төрөлгөн, жердиги Ысык-Көл районунун Таштак айылы, бай-манаптын баласы, соңку иштеген жери Фрунзе шаардык ооруканасынын дарыгери.

Контрреволюциялык «СТП» улутчул уюмдун активдүү катышуучусу катары айыпталат.

1936-жылы жайында контреволюциячыл «СТП» уюмунун атайын тапшырмасы менен Оренбург шаарына барып Юсуп Абдрахманов менен байланыш түзүп келген. Ю. Абдрахманов «СТП» контрреволюциячыл уюмунун активдүү катышуучусу болуп эсептелет. Андан атайын контрреволюциялык тапшырма алып келген жана «СТП» мүчөсү Тыныстановго көрсөтмөлөрдү алып келген. Аны менен кошулуп Жогорку советке «СТПнын» активдүү мүчөлөрүнөн талапкер көрсөтүүгө агитациялык иштерди жайылткан. Мисалы, Абдрахмановду жана башкаларды. Өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Докладчы Климанов».

Мугалимдин уулу

Акматкан өзүнүн өмүр баянында Көл кылаасындагы кыштакта кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн, атасы Молдогазы 1916-жылкы козголоңдо аскерлердин огунан курман болгонун, Үркүндөн келгенден кийин кичине кезинен бирөөлөрдүн малын багып, кызматын кылып, эртелеп оор турмуш түйшугүнө кабылганын жазган.

1918-1920-жылдары батрак, ар кыл иштерди жасаган жалданма болуп күн өткөргөн. Атасынан алган башталгыч билимдин аркасында 1921-жылы Пишпектеги коммунист жаштардын мектебине келип окууга киргенин белгилеген. 1924-жылы Ташкентке барып, ал жердеги медициналык техникумга кирген. 1927-жылы техникумду аяктап, бир жылдан кийин Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтуна тапшырган. Аталган институтту аяктагандан кийин Акматкан Молдогазиев окуу жайынын аспирантурасына калтырылган.

Илимий ишин жактап, медицина илимдеринин кандидаты болуп 1936-жылы Акматкан Молдогазиев Кыргызстанга кайтып келген. Ал өмүр баянында комсомол мүчөсү болгонун, кийин болсо Жусуп Абдрахманов менен тууганчылыгы бар үчүн партия катарынан чыгарылганын белгилеген.

Акимкан Молдогазиевдин небереси Санжар Молдогазиевдин айтымында, Жусуп Абдрахмановдун туугандарынын арасынан кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы калган эмес.

- Атам айтып калчу эле. Таң атпай кара кийимчен кишилер келип атасын камакка алып кетишиптир, - дейт ал. - Уулун камакка алып кетип атышканда чоң энем үйдө экен. Иниси чоң атамдан анча алыс эмес жерде жашачу экен. Абам кыргыздын биринчи медицина боюнча илим кандидаты, окумуштуусу болгон. Молдогазиев Акматкан. Акимкан, Акматкан экөөнү бир учурда камакка алышкан, ошо бойдон белгисиз калып, жок кылынган.

1916-жылкы элдик көтөрүлүшкө чейин эле Акимкан менен Акматкандын, Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдордун эртелей билим алышына Молдогазы мугалим себепкер болгон экен. Орус тилинде мыкты сүйлөгөн, терең билимдүү Молдогазы Көлдүн күңгөйүндөгү Сазановка (азыркы Ананьево) айылындагы мектепте мугалим болуп, анын колунан Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов баштаган кыргыздын белгилүү адамдары билим алып, турмуш жолуна аттанышкан.

Молдогазы Көл кылаасындагы идиректүү балдарды окутуп, алардын турмуш жолунда чоң роль ойногон. Улуу агартуучунун өмүр жолу 1916-жылкы алааматта капыс үзүлүп калбаса билим берүү ишин уланта бериши мүмкүн эле. Заман билимдүүлөрдүкү болорун сергек акыл-туюму аркылуу сезген зирек инсандын тилегин балдары чынга чыгарып, жаңы заманда билимдүү адамдардан болуп чыгышты. Акимкан менен Акматкандын атасы Молдогазы Таштактын үстү жагындагы тоону ыктай кеткен Ак-Таш деген жерде жашашканын, ал кезде элдин көбү тоо ыктап жайланышканын атасы айтып бергенин Санжар Молдогазиев эскерет.

Кемел атанын эңсеген кесибине жетиши бир топ тоскоолдорго кабылып, «эл душманынын» баласын башында аскерге албай, кийин окууга өткөрүшпөй, бардык жерде кодулап келишкен. Акимкан ата Сталин өлгөндөн кийин акталган, Акматкан Молдогазиев андан кечирээк акталып, ошондон кийин гана Кемел Молдогазиевге каалаган билимин алууга жол ачылган.

Кыргыз эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун жакын тууганы катары азапка туш келген Акимкан, Акматкан Молдогазиевдердин урпактары ушу тапта социализм заманында жабылып-жашырылып келген катаал тарыхты иликтеп, эки бир туугандын оор тагдырын эскерип келатышат.

Көл кылаасындагы айтылуу кыштактын эли Кыргызстан тарыхында жаркын из калтырган Жусуп Абдрахманов тууралуу маалыматтарды чогултуп, эскерүүлөрдү жыйнап келатат. Жердештеринин айтымында, улуу инсандын азанда коюлган аты Усуп, атасынын аты Абдыраман болгон экен. Бирок, кыргыз тарыхына ал Жусуп (Юсуф) Абдрахманов катары кирип, ошонусу менен таанылды.

Акимкан Молдогазиев тууралуу «Азаттыкта» буга чейин кеп кылганбыз. Анын архивдик документтеринин 1933-жылга чейинкиси гана сакталып, андан кийинки төрт жылы актай калганын белгилегенбиз. Төрт жыл актай калган эмес экен. Акимкан Молдогазиев республиканын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын кызматына жеткен кезинде камакка алынып, 1938-жылы атылып, кийин 1991-жылы сөөгү Чоң-Таштан табылган.

Акимкандан Кемел, Эсенкан деген эки уул калса, Акматкандан тукум калбаптыр. Эсенкан тестиер кезинде каза болуп, Кемел кийин согушка катышып, бир топ жылдар бою республиканын каржы-экономикалык тармагында иштеген.

Тирүү калса Акматкан Молдогазиев кыргыз медицина илиминдеги жарык жылдыздардын бири катары жарыгын чачып турмак. 1938-жылдын каардуу саясаты кыргыздын мыкты азаматын жок кылып, анын сөөгү кайда көмүлгөнү да белгисиз бойдон калып кетти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG