Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Билинбей кеткендердин бири


Репрессия курмандыктарын эскерүү.
Репрессия курмандыктарын эскерүү.

Акимкан Молдогазиевдин өмүр баяны кыйла эле карама-каршылыктуу өткөнү баамга урунат. Жаш кезинен жаңы бийликти орнотууга болгон аракетин жумшап, 43 жашында коммунисттик массалык жазалоонун курмандыгына айланган.

«Темир чеңгелдин» курмандыгы

Совет бийлигинин коммунизмди куруу идеясын ишке ашыруу башынан аягына дейре зордук-зомбулук менен коштолуп, эчен бейкүнөө кан төгүлгөн. Анын баары мурдагы заманда тап душмандарына каршы күрөш катары сыпатталып келди. Бирок жаңы бийликке жанын берип кызмат кылган, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгондорду ойдон табылган опсуз күнөө менен атып-асып, сүргүнгө айдап, ит чыдагыс кордук көрсөтүүнүн артында кандай максат-мүдөө катылып жатканын түшүнүш кыйын...

Акимкан Молдогазиевдин өмүр жолу 1938-жылкы канды булоондо кыркылып, сөөгү жарым кылымдан кийин Чоң-Таштан табылган.

Тарыхчылар ырастагандай, сталиндик репрессиянын эң күчөгөн учуру 1937-1938-жылдар болду. Ежовдун «темир чеңгели» деген сөз айкашы ошол кезде чыккан. Жүздөгөн адамдар камакка алынып, алардын көбү эң оор жазага – атууга кесилген. Бул жагынан коопсуздук кызматкерлери ич ара «социалисттик мелдеш» уюштуруп, «эл душмандарын» арбын тапкандар, көптүн арасында жашынган троцкийчилерди, революцияга каршы тургандардын ким экенин эл алдында ачып чыккандар акчалай сыйлык алып, аскердик чини жагынан көтөрүлүп, кадимкидей эле кандуу жарыш башталган. Кыргызстанда бул иштин башында Лоцманов деген полковник турган. Бир тууган агасын совет бийлигинин ашынган душманы деп аттырып салган революциянын «темир чеңгели» Москвадан бул жакка өпкө оорусунан дарыланып, аны менен кошо республиканы «эл душмандарынан» тезинен тазалоо максатында келген. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде республикада бир жарым миңге жакын адам репрессияланган.

Канды булоондон Ежовдун ишенимине кирген Лоцмановдун өзү да кийин четте калбай, 1938-жылы Москвада камакка алынып, Кыргызстанга кайтпай калган. Совет бийлигинин душмандарына кыргыйдай тийген «кыраандын» көпкө жок болуп кеткенине камтама болгон ал кездеги Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Вагов Москвага телефон чалса, СССР НКВДсынын башына келип калган айтылуу Лаврентий Берия Иван Лоцманов коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө сурак берип жатканын, анын ордуна башка киши дайындаларын кабарлаганын айтып жүрүшөт. Берия жооптуу кызматка келгенден кийин репрессияны күчөткөн Лоцманов сындуу «бөрк ал десе баш алган» көп желдеттер жоопко тартылып, НКВДнын тизгини кыйла тартылган. Жыл санап күчөп бараткан жазалоо өнөктүгү ошол кезде азыноолак тартылып, мурдагыдай «социалисттик мелдеш» баштап, кайсы жерде канча адам жок кылынат деген өнөктүк токтоло түшкөн. Иши кылып, репрессиянын жаалы НКВДдагы бийлик алмашуудан кийин бир топ азайган. Бирок күчөп алган репрессия машинеси ошол күүсү менен дагы кыйлага токтолбой жүрмөк. Кийин деле атылчулар атылып, жазаланчулар жазаланып, репрессия машинеси тыным билбей иштеп турду. Акимкан Молдогазиевдин тагдыры чечилип, «эл душманы» катары атылып кеткен 1938-жылдагы оор жагдай ушундай болчу. Анын өмүр жолу совет бийлигин коргоо, кыргыз жерине жайылтуу аракетине байланышып, аягы ушинтип кайгылуу аяктаган.

Кедейдин уулу

Акимкан Молдогазиев 1895-жылы Көлдүн күңгөйүндөгү Таштак деген айылда кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. ХХ кылым башында бу бай-кедей түшүнүгү көбүнесе шарттуу болгондугун белгилей кетиш керек. Анын үстүнө 1916-жылкы Үркүндөн кийин социалдык айырма кыргыз шартында дээрлик жокко эсе болуп калган. Акимкандын үй-бүлөсү да Кытайга качып, Текесте кыштап, кийинки 1917-жылы жерине кайтып келген.

«1916-жылкы элдик көтөрүлүштөн кийин Кытайдын Текес деген жеринде 1917-жылга чейин болгом, июнда жерибизге кайтып келгенбиз», - деп жазган ал өмүр баянында.

Ал кездеги өмүр баяндардын дээрлик баарында өзүн жарды, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулганын көрсөтүү өзүнчө бир калыптанып калган эреже болчу. Ошол кедей дегендин короосунда азыноолак малы турчу, андайы жогу ижарага жер алып иштеткен дыйкандар, аштык айдагандар болушкан. Кийин совет бийлигинин тушунда дыйкандын эшик алдында 15 сотук жери, бир ую же аты болуп, беш кой багууга гана уруксат берилген. Ошонун аркасында көбү тиричилигин жүргүзүшчү.

Кедей үй-бүлөдөн чыккан Акимкан Молдогазиевдин кайсы жерде кандай билим алганы тууралуу учкай гана маалымат - 1908-жылы эки класс билим алганы тууралуу белгилеген жайы бар. Ал өз колу менен толтурган өмүр баянында «билими» деген жерге «төмөнкү» деп белгилеген. Эки класстык билим ал кезде ушундай деңгээл катары эсептелген. Ошол эки класстык билими менен Кытайдан келгенден кийин 1918-1919-жылдары Каракол революциялык болуштук комитетинин катчысы болуп шайланган. Анан 1928-1929-жылдары Акимкан Молдогазиев Саратовдогу тогуз айлык юридикалык курсту аяктаган. Бул жагынан алганда, аны укук коргоо кызматкерлеринин алгачкы муундагыларынын бири деп атасак болот.

Жаңы бийлик тушунда анын кызмат тепкичи кыйла эле ийгиликтүү башталган экен. 1918-1919-жылдары ал Караколдо кантондук болуштук революциялык комитеттин катчысы болуп иштеген. Совет бийлигинин максат-милдетин элге түшүндүрүп, анын саясатын карапайым калкка жеткирип, кедей-кембагалдар заманы келгенин мына ушул болуштук революциялык комитеттер жарыя кылышкан. Башында бул иш чоң тоскоолдукка учурабай, жакшы башталган. Ал кезде камоо, сүргүнгө айдоо жок, кандай да болсо жаңы бийликти орнотуу, жалпыга жайылтуу иштери маанилүү болчу.

Караколдо бир жыл иштегенден кийин Ат-Башы районунда ошондой эле ишти аткарып, кайра Караколго келип «Кошчу» союзуна жооптуу катчы болуп калат. 1921-жылдан тартып Көлдүн Сазановка (азыркы Ананьево) айылында үч жыл элдик сот болуп иштейт. Мына ушул жылы ал партиянын катарына өткөн. Акимкан Молдогазиев 1921-жылдан ВКП(б)нын мүчөсү болот. Андан соң эки жыл Караколго чакырылып, округдук аткаруу комитетинин аппаратында инструктор, округдук комитеттин башчысы болуп иштеген. 1926-жылдан тартып кайрадан мыйзам коргоо органдарында, прокуратура кызматында элдик тергөөчү болуп Ошто, Өзгөндө, Фрунзеде, Аламүдүндө прокурор, прокурордун жардамчысы, улук прокурор, райондук прокурор, республикалык прокурордун жардамчысы кызматтарын аткарган. 1929-жылы Саратов прокуратурасынын алдындагы курсту аяктаган. 1933-жылдын аягында «Жумгал» айыл чарба фермасынын башчысы болуп калган. Андан кийинки төрт жыл актай - прокурор кызматкери эмнеликтен айыл чарба кооперативинин башчысы болуп калганы, бул кызматта канча жыл иштегени, атылып кеткенге чейин эмне кызматтарда иштегени белгисиз.

Жаңы бийликтин жоокери

Акимкан Молдогазиев 1919-жылкы орус казактардын козголоңун басууга катышкан. Белгилүү болгондой, Чүйдүн Ак-Суу аймагындагы орус казактарынын 1918-жылдын 7-декабрдагы козголоңу республиканын түндүгүндөгү большевиктер бийлигине каршы чыккан ири нааразылык болчу. Нааразы болгон орус дыйкандары дан даярдоо, азык-түлүк төгүү, урушка жарамдуу аттарды берүү иштерине каршы чыгышкан. Колунда бар дыйкандар бийликтин «мамлекетке төккөн данынан артканын каалаган баада базарга алып чыгып сатууга тыюу салышына» нааразы болуп, натыйжасы каршылык кыймылына алып келген. Пишпек менен Олуя-Ата үйөздөрүнө кирген айылдардан агылып дыйкандар келип чогулуш өткөрүшкөн. Жыйынга келгендер «Элдик аскер кеңешин» түзүшкөн. Кийин ал «Убактылуу өкмөт» деп аталган. Жаңы бийликтин жасап жатканына ичи чыкпаган дыйкандар ачууга тийген большевиктерди жазага тартып, азык-түлүктү мажбурлап төгүүнү жоюп, өндүргөн эгинин каалаган эркин баасында сатууну талап кылышкан. Орус казактарына каршы уруштарды токтотууну, дагы башка саясий талаптарды коюшкан.

Жыйынга катышкандар советтик кызматкерлерди өлтүрүп, шашылыш аскер топтой башташкан. Орус казактарынын ыкчам чогулган аскерлеринин саны он миң адамга жеткен. 14-декабрда Пишпек шаарын камалап, бир нече ирет аны басып алууга аракет кылышкан. Алгачкы аракети ишке ашпай калгандан кийин орус казактары жергиликтүү кыргыздарды көтөрүлүшкө чогуу чыгууга үндөй башташкан. Жагдай оорлошуп баратканын ырастап, Олуя-Атадагы советтик департамент Ташкентке телеграмма жөнөтүп, көтөрүлүшчүлөргө Чүйдүн бир топ айылдарындагы эл кошулуп кеткенин билдирген.

Ташкенттеги Түркстан Республикасынын жетекчилери көтөрүлүштү күч менен басууга шашпай, бул жакка делегация жөнөткөн. Делегация мүчөлөрү эл менен кездешип, жагдайды жеринен териштирип, нааразылыктын жөн-жайын билмек болгон. Өкмөттүк комиссия Ташкенттен Пишпекке келгиче көтөрүлүштү басып коюшкан. Ак-Суулук орус казактарынын көтөрүлүшүн Пишпектин Аскердик-саясий штабынын карамагындагы Революциялык комитет менен Кеңеш жетекчилигиндеги аскерлер басышкан. Пишпектен Логвиненко жетекчилик кылган аскер отряды, ага Жети-Суу фронтунан бөлүнгөн кызыл аскерлер полку менен Пржевальскиден чыккан кызыл аскерлер отряды, ага Алматы, Токмок, Каракол, Ташкент, Олуя-Ата шаарларынан чыккан ыктыярчылар кошулуп, көтөрүлүш үч күндүн ичинде басылган. 23-декабрда Пишпек, үч күндөн кийин Ак-Суу көтөрүлүшчүлөрдөн толук тазаланган. Ак-Суу көтөрүлүшүн басууга Акимкан Молдогазиев да катышкан.

Анын өмүр баянындагы мына ушул учур совет бийлиги үчүн кыйла оор мезгил эле. Жаңы бийликтин экономикалык саясаты карапайым калк арасында колдоо таба бербегени, жаздым кадамдары алдагинтип каршылык кыймылдарына алып келери көрүнүп калган. Өлкөнүн тигил же бул жерлеринде чыккан каршылыктар жаңы бийликтин күрөш тактикасын өзгөртүүгө мажбурлайт. Душмандарды массалык түрдө жазага тартуу менен элдин үшүн алып, анын натыйжасы катары бийликтин жасаган иштеринин текши баарын мактатуу керек болду. Мындай ыкма жалпы эл нааразы болгон маанайды басууга алып келерин аңдап, аёо билбес катаал тактиканы тандап алышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG