Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:07

Агартуучу Мусахандын чиеленген тагдыры


Мусахан түрмөдөн чыккандан кийин. 1939-жыл.

Таятам Мусахан тууралуу айтып берсемби деп турам. ХХ кылымдын көйгөйүнүн баары ыраматылык таятамдын өмүр жолу аркылуу өткөн экен.

"Азаттык" менен "Эсимде: өткөн тарыхты эстеп" долбоору Тамерлан Ибраимовдун репрессияга туш келген алгачкы кыргыз интеллигенти Мусахан Калпаев тууралуу эскерүүсүн сунуш кылат.

1916-жылдын көтөрүлүшү, Үркүн апааты, ачарчылык учур, билимге умтулуу, коммунисттер менен басмачылардын кагылышы, 1937-жылкы репрессия, жетишпеген турмуш, анан Улуу Ата Мекендик согуш, жеңишке төрт ай калганда курман болгон аялуу тагдыры. Ушунун баары таятамдын өмүрү.

Таятамды көрбөй калдым. Мен эмес апам деле атасын көрбөй калыптыр. Апам - анын кенже кызы, беш бир туугандын кичүүсү. Апам атасы кан майданга аттангандан үч айдан кийин төрөлүптүр. Таятам согушка 1943-жылы аттанган. Таятам тууралуу Равкия тайэнем айтып отурчу. Айтканын угуп эле отургуң келген сөзмөр кемпир эле, жарыктык. Башынан өткөнүнүн баарын бир укмуш кылып, элестүү баяндап берчү. Аны уккандар бир жеринде күлүп, дагы бир жеринде ыйлап шыпшынып отурушчу.

1992-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинде медицина илимдеринин доктору Мидин Алиевдин макаласы чыкты, ал окуган мектептин директору таятам экен.

Таенем Равкиянын эскерүүлөрүн угуп, Мидин Алиевдин макаласын окугандан кийин таятам тууралуу айтып бергим келди.

Таятамдын атасы Калпа Үркүндө Кытайга барып келгенден кийин бул жерди ачарчылык каптаптыр. Аялы өлүп, 11ге чыгып калган уулу Мусахан менен эптеп өлбөстүн күнүн өткөрүптүр. Кийинчерээк башка аял алыптыр.

Өгөй апасы менен батыша албаган Мусахан үйүнөн чыгып кеткен экен. Өжөрлүгү, көктүгү ошол кезде байкалган окшойт. Өз алдынча оокат кыла баштаптыр, ал кезде чий көп болгон го, ошону оруп, боолап базарга алып барып сатчу экен. Анысы жарыбаган эле акча болот го, ачкалыктан өлбөш үчүн чий боолап сатып күн көрүптүр. Кара курсактын камы менен жүргөн кайсы бир адамдарга кошулуп Токмок шаарына барып калат. Кыйын заман, эл ачка, жугуштуу оорулар күчөп турган кез. Кичинесинен азапка кабылган ошол балага Жараткандын мээри түшкөн го, өлбөй аман калыптыр...

Алматыдагы билим берүү институтун аяктаган биринчи кыргыздар. Мусахан Калпаев ортодо. 1928-жыл.
Алматыдагы билим берүү институтун аяктаган биринчи кыргыздар. Мусахан Калпаев ортодо. 1928-жыл.

Совет өкмөтү жетим-жесирлерге, Үркүндөн кийин тентип калгандарга жакшы эле жардам бериптир. Жашаарына жай, тамак берип, окуусуна шарт түзөт. Таятам ошентип аман калыптыр. Жаңы заман ошентип таятама ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, өлүмдөн сактап, мектепке окуткан. Токмокто башталгыч классты бүтүрүп, таятам башка балдар менен бирге Пишпекке келет. Билим алуу аракети күчтүү экен, билим алууга дилгир беш баланы ал жерден Алматыга окууга жөнөтүшүптүр.

Ошол беш бала Алматыдагы педагогикалык институттун даярдоо бөлүмүнө кирет. Бул эми 1921-жылдын күзү. Жетишпестик ал кезде деле желкелеп, эл тамак-ашка кенен тоё элек убак экен. Мусахан таятам окууга киришет. Жайында иштеп биртике акча кылып алып, күзүндө окууга киришет, окууну жакшы окуйт, жакшы баалар менен курстан курска көчөт.

Мидин Алиевдин макаласынан:

«1967-жылы Бишкектеги үйлөрдүн биринде той болуп калды. Аны алып барып жаткан адам: «Эми сөздү Гүлсара Мусахановнага берейин. Силер каалаган тилде сүйлөп бере алат, кыргызча десеңер кыргызча, англисче десеңер англисче. Билбегендерге айтып коёюн, Гүлсара университетте студенттерге англис тилинен сабак берет». Мактоого уяла түшкөн ордунан каштары капкара, ак жүздүү кыз ордунан турду. «Мен кыргызча эле сүйлөйм», - деди ал кыз.

«Мусахандын кызы» деген сөз ошол жерде отурган Асан аксакалдын тынчын алып, «кайсы Мусахан болду экен» деп ойлоно баштайт. «Калпаев Мусахандын кызы эмеспи? Атасына окшош бекен?» деп аксакал кызды кадала карады.

Мусахандын кенже кызы Гүлсара студент кезинде (ортодо). 1963-жыл.
Мусахандын кенже кызы Гүлсара студент кезинде (ортодо). 1963-жыл.

Меймандар тараганы калганда аксакал Гүлсаранын жанына келип акырын сурады:

- Кызым, сенден бир нерсени сурайын дедим эле. Атаңдын памилеси кандай?

- Калпаев.

- Калпаев, Калпаев Мусахан? Кочкордонбу?

- Кочкордон.

- О айланайын, айланайын…

Ошол жолугушууда Хасан Булатов мына бул аңгемени айтып берген экен.

- 1929-жылы басмачылар күчөп, адамдарды өлтүрүп, уруш кыйнап турган чак. Мен ОГПУнун Алай-Гүлчөдөгү өкүлү элем.

Уруш күчөп турган кезде мага «Фрунзеден жаш жигит, жардамчы келди» деп калышты. Мен аябай сүйүндүм, чек ара заставаларында иш көп эле. Таанышкан соң жардамчым жогорку билимдүү экенин билдим. Жогорку билимдүү адам ал кезде жок болчу.

Мусахан Алматы пединститутун 1928-жылы бүтүргөн. Окуп жүргөндө Жусуп Абдрахманов менен тааныш экен, кийин Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болгон. Абдрахманов Мусаханга «бир жылга Жалал-Абад пединститутунда директор болуп иштей тур, анан көрөбүз» деп сунуш кылып, Мусахан бир жылын күтпөй Алай-Гүлчөгө келип атпайбы.

Чек араны кайтарып, басмачылар менен урушкан ыктыярчылар отряддары түзүлгөн. Мына ушул отряддарга командир, комиссар болуп иштегенге кыргыздар жетишчү эмес.

Ошол кезде Ош обком партиясынын биринчи катчысы Төрөкул Айтматов отряд командири болууга көндүрүп Алайдын Гүлчөсүнө жөнөткөн. Мусаханды Алматыда окуп жүргөн кезинен билчү экен.

Гүлчөгө келгенден кийин Мусахан жоокерлерди мылтык, тапанча атууга көнүктүрө баштайт. Ат кулагы менен тең ойногон кыргыз жигити кылыч чапканды мурда жакшы билбесе кийин аны да үйрөнүп, чаап баратып кылыч шилтегенге көнүгүптүр. Таятам тайманбас киши экен, ошол эле учурда душманын кеп-сөзгө келтирип, кан төкпөй багынып берүүгө ынандырган учурлары көп болуптур».

Алай, Гүлчө. Мусахан оңдо турат. 1929-жыл.
Алай, Гүлчө. Мусахан оңдо турат. 1929-жыл.

1930-жылдын жайында басмачылар менен урушта Мусахандын бутуна ок жаңылып, катуу жарадар болуп, бир жылга жакын Ташкенттеги госпиталда дарыланып жатат.

Госпиталдан айыгып чыккандан кийин бир бутунан аксап, баштагыдай тоого чуркап чыгып, чуркап түшө албай калды. Ошону менен басмачыларга каршы күрөшү да токтоду.

Мидин Алиевдин Мусахан агайы тууралуу эскерүүсүнөн:

«1940-жылы 1-сентябрда Кочкордогу №1 орто мектептин короосуна окуучулар линейкага тизилишти. Мектептин жаңы директоруна Мусахан Калпаев, окуу бөлүмүнүн башчысына Турдакун Усубалиев дайындалыптыр.

Ал кезде Тянь-Шань облусу боюнча жогорку билимдүү мугалим Мусахан агай гана болчу.

Кочкордогу №1 мектеп аймактагы белгилүү билим мекемеси болчу. Мектепте көп ийримдер иштечү, олимпиадалык мелдештерде биздин мектептин окуучулары дайыма биринчиликке жетишчү. Мектептин даңкы Фрунзеге чейин жеткен.

Мусахан агай райондогуларга үлгү болчу. Жарашыктуу кийинип жүрчү. Үй – мектеп, мектеп – үй. Эртеби-кечпи ага карабай дайыма балдар менен болор эле. Район үчүн 1928-жылдан берки ВКП(б) мүчөсүнүн иштеп турганы маанилүү болчу.

Олуттуу, колу толо китеп менен жүрчү. Директор көрүнгөндө ызы-чуу түшүп ойноп аткан балдар тынчып, чекчейип туруп калышар эле.

Биздин мектептин директору басмачылар менен урушта бутунан жараланганын билчүбүз, агайыбыз аксап басчу. Ал кезде элдин сүймөнчүк киносу «Чапаев» эле. Агайыбызды ошол Чапаевге салыштырчубуз. Кылычын алып басмачыларга каршы атын чаап баратканын элестетчүбүз.

Мусахан Ташкенттеги госпиталда. 1930-жыл.
Мусахан Ташкенттеги госпиталда. 1930-жыл.

Анан согуш башталды. 1941-жылы жашы 18ге жеткен окуучуларды согушка ала башташты. Жашы 18ге жетип, интернатта жашаган кочкорлук балдарды аскерге чакырып, аларды ыйлап-сыктап жөнөтүшкөнү эсимде. Мусахан агайдын кабагы салыңкы жүргөнүнөн бир сыры бар экенин сезчүбүз. Күлгүндөй жаш кетип аткан уландардын көбү кайра кайтпасын ойлоп, санаа чеккен болуш керек. Кеткендердин көбү артка кайрылбады. Калпаевдин канча окуучулары кайтпай калышты? Алардын аты азыркыга чейин көз алдымда турат. Айрымдарын атай кетейин: Аблаев, Исраилов, Итибаев, Акматов К., Акматов Ж., Балтабаев, Абдрахманов, Садыбакасов, Бектуров, Сейдахматов…

… 1990-жылы Чоң-Таш айылынын жанынан 138 адамдын сөөгү табылды. Алардын арасында Ж. Абдрахманов, Т. Айтматов, М. Булатов (Хасан Булатовдун агасы) дагы башкалары бар эле. Ошол күндөрү мага мугалим эжейим Равкия апа, Мусахан агайдын өмүрлүк жары телефон чалып калды.

Көз алдыма жапжаш Мусахан агай менен Равкия эженин ошол 40-жылдардагы турпаты келди. Эжей аябай сулуу аял эле. Биздин 5-класстын класс жетекчиси болчу. Бизди ырга, бийге, керектүү өнөрлөргө үйрөткөн эжейим. Мелдештерде биз дайыма биринчи орундарды алар элек.

Мусахан агайдын аялы Равкия чоң кызы менен.
Мусахан агайдын аялы Равкия чоң кызы менен.

… Жолукканыбызда Равкия эже көп кызыктуу окуяларды айтып берди:

- Кайнатам азырга чейин көз алдымда. Мусахан майданга кеткенде ал киши тирүү болчу. Уулунан кара кагаз келгенде бүк түшүп, кайгыга басырылып жатып калды, күйүттөн арыла албай өтүп кетти. Кыздарым менен жалгыз уулумду өзүм бактым. Ээ, Мидин, эмнелерди гана көрбөдүк...

- Эже! Сизди Мусахан агай менен биринчи ирет 1940-жылы көрдүм. Андан кийин эмне болгонун билем, ага чейинкисин айтып берсеңиз?

- Эх, Мидин. Чоң-Ташта атылгандардын сөөгү табылган учурду эстейм. Жусуп Абдрахмановдун сөөгү табылбадыбы.

Мусаханды «Абдрахмановдун тарапкери» деп камакка алышкан. Мусахан көп жылдар бою Жусуп Абдрахманов менен жакшы мамиледе болгону чын, ал аны пединституттун директору кылып жөнөткөн. Ошол атылгандардын үчөөсү - Абдрахманов, Айтматов, Тыныстанов - Мусаханды жакшы билишчү, тез-тез жолугушуп турушчу. Касым Тыныстанов менен кошуна жашадык. «Пединститутта мен Касымга лекция окугам!» - деп калчу Мусахан. Ал кайрандар 1938-жылы 5-ноябрда атылышпадыбы. Кийинкиси Мусахан болушу керек эле. Ажалы жеткен эмес экен, атылбай калды. 30-жылдардын аягында НКВД ичинде жаатчылык күчөп, кызматкерлеринин кыйласын чыккынчылыкка байланыштуу айыптап чыгышканда, күнөөсүн мойнуна албай отурган камактагылардын бир тобун бошотуп жиберишкен. Мусахан ошентип аман калган. Абактан ал оорулуу болуп чыкты, көрбөгөн азабы калбаптыр, бирок сынбаптыр.

1939-жылы Мусаханды Карл Маркс атындагы Чоң-Кемин мектебине директор кылып дайындашат. Бир күнү аны эл комиссарлыгына чакырып калышты. Фрунзеден кубанып келди. Ал жерден туулган жериңе №1 Кочкор орто мектебине директор кылып дайындашыптыр.

Эжеге дагы бир суроону узаттым:

- Согуш учурунда агайга «бронь» берилген эмес беле?

- Андайы бар болчу. 1942-жылы бизде эки окуя болду. Бир жолу Мусаханды райкомдун биринчи катчысы чакырып: «Мусахан, биз сени Москвага жогорку партиялык мектепке сунуштап атабыз. Ойлон, анан жообуңду бер», - дептир. Үч күндүн кийи жообун бериш керек экен. Кечинде чай ичип отурганыбызда ушинтип атпайбы. Мен каршы болдум: «Сен окууга кетсең мен балдар менен кантем!?». Көзүмдүн жашын аарчып сыртка чыгып кеткем. Эртең менен Мусахан мени ойготту - «тура гой, сабактан кечигесиң». Чай ичип отурганыбызда: «болду, ыйлаба» деди. «Сен каршы болсоң кайдагы Москва? Саат тогузда райкомго барып жообумду айтам. Турдакунду сунуш кылам».

Москвага партиялык окууга Турдакун Усубалиев кетти, кийин ал Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп калды.

Равкия эже сөзүн улантты:

- Экинчи окуяны айтайын, Мусахандын эмгек китебин кара. 1942-жылдын 11-майында аны мектеп директорунан бошотуп Нарын педагогикалык институтуна директор кылып дайындашкан.

Ошо кезде Сталинден республикалык жетекчиликке жашыруун кат келиптир. Анда «майданга сабаттуу коммунисттер керек, жер-жерлерден ошондой адамдарды чогултуп майданга жиберүү керек» деп айтылган экен. Нарын облустук аскер комиссарлыгы андай сабаттуу кишини тапканына ыраазы болуп атпайбы, дапдаяр саясий жетекчи, 1928-жылдан бери ВКП(б) мүчөсү, Мусахан Калпаевди сунуш кылышат. Фрунзедеги Военкомго кат жөнөтүшөт… Обкомдун катчысы сураптыр, «бронуңуз бар экен» деп, бирок Мусахан макул болбоптур: «Мага брондун кереги жок, мен майданга барам!» дейт.

Мусахан бронго жашынып майдандан калып калганды уят көрчү. «Эркек болгондон кийин андай шылтоого жамынбай кан майданга барыш керек, бутумун жарасы деле шылтоо эмес» дечү. Аял кишиге эмне, күчүмдү жашка чыгардым, Мусахан бул ирет мага үйрүлүп түшүп соороткон жок. Кан майдан токтобой, элдин баары согуш деп атса бул жерде жашынып отурганды намыс көрдү.

Майданга аттанып кетти. Баргандан кийин тез-тез кат жазып турду. Кызылдар фашисттерди батышты карай сүрө баштаган чак. Каттарын окуп канааттанып калам, жеңиш эртең эле келчүдөй сезилет. «Раечка, кыздарым менен уулумду жакшы кара», деп жазчу. «Кудайдан болуп Мусахан майдандан аман келсе Кочкорго барабыз, кайнатамды жакшылап карайбыз», деп ойлойм.

Ал кезде мен Нарында мугалим болуп иштечүмүн. 1945-жылды балдарым менен тостук. Ойлогонум эле Мусахан. Андан кат келбей калды. Жүрөк сезет экен, чочулай баштадым. Бир жолу жука конверт алып келишти. Жүрөгүм туйлап жамандыкты сезгендей жаман болдум. Колдорум титиреп ачтым … арман күн, «кара кагаз» экен. Ошол жерден эле эсим ооп жыгылыпмын. Кыйладан кийин көзүмү ачсам башымды жөлөп балдарым ыйлап отурушат. «Ооо, атабызды жоготуп алдык, балдарым!» - деп кыйкырып, кайра эсимди жоготуп алыпмын.

Мусахан Калпаев көмүлгөн боордоштор мүрзөсү. Польша. 2012-жыл.
Мусахан Калпаев көмүлгөн боордоштор мүрзөсү. Польша. 2012-жыл.

Равкия эже көз жашын аарчып башка бөлмөгө кирип кагаз алып келди. Анысы «кара кагаз» экен: «Ваш муж, командир 556 пулеметного взвода, лейтенант Калпаев Мусахан геройски погиб за Родину 25 января 1945 года. Захоронен в Восточной Пруссии, в 2 километрах к северо-востоку от города Пассенхейм…»

Таятам 40 жашында каза болуптур. Азыркы менден жаш кезинде курман болуптур. Тагдыр жолу ушунчалык татаал да, катаал да, аёону билбес мерез мезгилде жашаган жакын адамым. Ал кездеги адамдар да башкача болушкан…

2012-жылы үй-бүлөм менен Польшанын Пасым деген шаарына бардык. Согушка чейин ал немистердин Пассенхейм деген шаары экен. Архивдик маалыматтарга караганда согуштун аягында ал жерде катуу уруштар жүргөн экен. Так ошол жерде таятам акыркы урушуна түшүп, курман болгон экен. Сөөгү ошол жерге коюлуптур. Атасын бир да жолу көрбөгөн апам жетимиш жылдан кийин таятам курман болгон жерге барып, атасы түбөлүк жайын тапкан жерге гүл коюп эскерип кайтты…

Тамерлан Ибраимов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG