Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:06

Жусу казынын мечити


Иллюстрациялык сүрөт

Бедел уулу Жусунун ата-теги манап, эл бийлөөчү таптын өкүлү болгон.

Аны совет бийлиги кодулап, «салык төлөгөн эмес» деп айыптап, эки жылын темир тор артында өткөргөн. Акыры акталып чыгып жөө-жалаңдап айылына бараткан жолдо каза болгон. Куугунтуктун азап-тозогун уулу Аман тартып, түрмөдөн кайтпай калган.

Улуу акындын атасы

Жусу казы - Кыргыз эл акыны, токсон жылдан ашуун өмүр сүргөн, улут адабиятынын кол менен саналчу классиктеринин бири Сооронбай Жусуевдин атасы. Улуу акын атасынын казы болгонун, өзү эл бийлеген тектүү манаптардан экенин эчен жылдар бою жашырып, совет бийлиги кайрылгыс сапарга кеткенден кийин гана ким экенин ачыкка чыгарып, кыйла эле татаал үй-бүлөлүк тарыхын жарыя кылган. Ошол айылындагы эле айрым адамдардын арызы менен атасы кулакка тартылып, алгач Гүлчөдө, анан Оштун түрмөсүндө эки жыл отуруп, соңунда акталып чыккан экен.

Оштон айылга жөө-жалаңдап келе жатып Түшүнүк деген жерде досунун үйүндө каза болот. Атасы ооруп жолдо Таши деген досунун үйүндө экенин уккан апасы менен абасы тестиер Сооронбайды атка учкаштырып бир күн кечке жол жүрүп Түшүнүккө келишсе эки буту шишип баса албай калган Жусу казы досунун колунда каза болуп, көп кармабай сөөгүн коюп салышыптыр.

Казы камалганда мурда ылым санап жүргөн айылдыктардын көбү анын үй-бүлөсүнөн окчундап, чиедей беш баласы менен калган Кумар эне кыйын турмушту башынан кечирип жаткан. Айыл четиндеги алардын боз үйүнүн эшигинде улактарын ээрчиткен эчкисин байлап, анын сүтү жаңы замандын тушунда айласыз кедей болуп калган үй-бүлөнүн ишенген малы болуп калган. Жусу казы Оштогу түрмөдөн бошонуп келатып жолдо ооруп калганын уккан Кумар эне кайниси Мурзакарим менен жалгыз уулун учкаштырып алыс жолго чыгышат. Алар узак жолдо жетишип келгиче Жусу казы каза болуп, аны тирүү көрө албай калган үй-бүлөсү ыйлап-сыктап, куран окутуп үйүнө кайтат. Ошол кезде Сооронбай Жусуев жети жашта, башка бир маалыматта сегиз жашта экен.

Жусу казы кайсы бир маалыматта алты ирет, башка бирөөндө беш ирет үйлөнгөн. Жаш кезинде диний жогорку билим алган сабаттуу адам экен. Мурдагы аялдарынан төрөлгөн балдарынын улуусу Козу басмачылар менен урушта курман болгонун туугандарына кичинекей Сооронбай айтканын, анын сөзү бир күндөн кийин ырасталганын акынды билген айылдаштары эскерип жүрүшөт. Дагы бир уулу Аман сталиндик репрессияга эки ирет туш келип, Сүлүктү көмүр кенинде каза болгон. Жусу бешинчи аялы Кумардан алты бала көрүп, эки уулунун бири чарчап калып, төрт кыздын арасында чоңойгон уулу Сооронбай атасынын атын жалгыз Кыргызстан эмес, жамы совет өлкөсүнө тааныткан таланттуу акын болду.

Кашкардан уста алдырып...

Ал эми Жусунун алыскы тоо арасында, совет бийлигинин дарек-дайыны жок кезде мечит салдырышы өзүнчө бир кепке арзый турган чоң окуя болгон. Көрсө ал киши жаш кезинен эл башкаруу ишине аралашып, Кашкар, Кокон, Ош, Анжиян шаарларына каттап турушу, ал жердеги белгилүү дин аалымдары, башкаруучулар менен жакшы мамиледе болушу, жаңылыкка дилгир казынын кызыгуусун арттырган. Ошондон опсуз чыгымына карабай мечит салдырышы, ал жерге балдарды окутуу далалаты билим кадырын билгенден жасаган иштери эле.

Алыскы тоо арасында эндекей жашаган калкынын сабаттуу болушуна умтулган адам гана алыстыгына, шартынын катаалдыгына карабай улутташтарынын сабаттуу болушуна кам көрөт. Болбосо убара тартып, опсуз чыгым тартып ага эмне азап?! Кашкардан, Оштон уста алдырып мечит салдыруу ал кезде каражаты жетиштүү, таасири күчтүү адамдардын гана колунан келген. Мечит салынып, медресе ачылып калса өрөөндөгү идиректүү балдар окуп, эл арасында билимдин кадыр-баркы бийиктээрин билген үчүн ушундай иштерди жасагандыр.

Атасынан калган улуу ишти уулу Сооронбай Жусуев улантып, кыргыз тарыхынын кырчылдаган курч кезинде эл тагдырын чечүүгө катышкан Курманжан датканын образы аркылуу ата-бабасынын эмгегин ачып берди. Романда акын элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги кандай болорун кашкайта белгилеп, акылгөй зайыптын кубанычына караганда кайгысы, жыргалына караганда азабы көп татаал тагдырын өзү кошо аралашып жүргөндөй ыр саптарында элестүү тартып берген. Романды жазып атканда анын көз алдында эки жылдык түрмө азабынан кийин буттары шишип ара жолдо калган атасынын абалы элестеп, ага чейинки бабаларынын кайгы-кубанычка жык толгон тагдыр жолдорун көз алдынан өткөргөндүр.

Андан кийин Кумар энеден Жусу казы дагы бир кыз көргөн. Эртелеп жооптуу кызматка аралашып, кадыр-барк күтүп, кийин жаңы бийлик келгенде андан деле жатыркабай, жакшылыкка ишенген Жусу казы эки жыл түрмө азабын көрүп отурбайбы. Дагы ичер суусу бар экен, жетигип калган кезинде абактан бошоп айылына бараткан жолдо 68 жашында бу жарыкчылыкты таштап кете берген. Түшүнүктөгү Сооронбаев Таши деген адамдын үйүндө жатып жакындары үлгүрүп келе алышпасына көзү жеткен эстүү адам аяшы атайы ага арнап бышырган каттамадан ооз тийип, калганын уулу Сооронбайга калтырып кетиптир.

Кызылжарлыктар «Жусунун мечити» тарыхый-маданий эстелигин эгемендик келгенден кийин жаңылап, биротоло талкаланып калуудан алып калышты. Алар тоо арасындагы бир үй-бүлөнүн тарыхына бекем байланышып кеткен бир алдын кайгылуу, экинчи жагынан бактылуу баянды унутпай сактап келатышат. Курулуш оголе көп каржыны талап кылат, андай мечиттер кыргыз жергесинде совет мезгилине чейин аябай эле аз курулган. Алымбек датканын Оштогу, Шабдан баатырдын Кеминдеги мечити тарыхтан белгилүү. Жусу казы мечитине улай медресе салып, ал жерде идиректүү балдарды окутууга ниеттенген. Ал үчүн ичкери шаарлардан окутуучуларды, мугалимдерди алыскы тоо арасына алып келип шартын түзүп бериши керек эле. Ал ишти жүзөгө ашыра албаганы менен Жусу казынын алыскы тоо арасына гумандуу ишти баштап, мечит салып койгону аны өрөөндөгү белгилүү тарыхый инсандар катарына кошту.

Кытайга жакын жер

Жусу казынын айылы Кызыл-Жар - Кытайга жакын жер. Айылдыктар жайында жайлоого чыкканда кичинекей Сооронбай чек аранын аркы тарабындагы кадимки кыргыз турмушуна окшош көрүнүштү көрүп, эмне үчүн жашоо-тирилиги окшош элдин ортосун чек ара бөлүп калганына таң калчу. Алайкуулуктар үчүн чылк бекитилген чек ара ортолук карым-катышка анча деле тоскоол болчу эмес.

Мына ушул жагдай заман алмашып, доор жаңыланганда өзгөчө курчуп кетери да элдин эсинен чыга элек. Совет бийлигинин кысымына чыдабай ага апачык каршы чыккан басмачылар 1929-жылы чек арадагы аскерлерге кол салып, опсуз кыргын салып кетишкен. Чек ара ал кезде ичкериден келген башка улут өкүлдөрүнүн кайтаруусунда болчу. Ошол канабайрамдан кийин Жусу казы жанына кишилерди кошуп алып, «капыс душман эми кайсы жактан чыгып калат экен» деп үрпөйүп, жергиликтүү элге ишенбей турган чек арачыларга барып, сууй түшкөн мамилени жибитип келген.

Жаңы бийликти Жусу казы өгөйлөбөй, колхоздошуу башталганда колунда болгон малын бүт ортолукка кошуп, ага каршы чыкпаптыр. А бирок күч алып бараткан куугунтуктун арааны ачылып калган эле. 1929-жылы большевиктердин кулактарды башка жакка айдоо, жер которуу боюнча токтому чыгып, куугунтук башталган. Бай-манаптарды, жаңы заман тушунда байып алган кулактарды - тың жашаган адамдарды алыска сүргүнгө айдап, абакка отургузуп, кысым күчөгөн. Кыргызстандын түштүгүндөгү кулактарды айдоо тизмесине 44 адам, анын ичинде Жусу казы да киргизилип, камакка алынган. Ага «салык төлөбөй койгон» деп айып коюшкан. Украина менен Казакстанда эл ачкалыктан боо түшүп кырылып жатса, жетишпестик желкеден басып турган чакта салык төлөбөй коюш ал кезде өзгөчө оор айып болчу. Ошол айыптуу казыны алгач район борбору Гүлчөгө алып барып камап, андан Ошко которуп, эки жыл абак азабын тарткан.

Жусу казы Алайкуунун Кызыл-Жар айылында 1864-жылы төрөлгөн. Жашынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, казы – шарият сотунун милдетин аткарган. Анткен менен, Сооронбай Жусуевдин апасы Кумар Кенжекара кызы 89 жашка чыгып, уулунун чыгармачылык ийгиликтерине сүйүнүп, татаал тагдырынын ушунусуна шүгүрчүлүк кылып жашады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG