Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:27

Өкмөткө иштеп, «эл душманы» болгон мугалим


Каримжан Юлдашевдин (Жолдош уулунун) түбөлүк жайы.
Каримжан Юлдашевдин (Жолдош уулунун) түбөлүк жайы.

Каримжан Юлдашев кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болчу. Эртелеп билим алып, жооптуу кызматтарга эрте аралашып, совет бийлигине жан-дилин берип кызмат кылып жүргөндө сталиндик кандуу жазалоонун капканына илинген.

Жолдоштун дилгир уулу

Каримжан Юлдашев - расмий документтерде жазылышы ушундай. Ал өз колу менен толтурган өмүр баянында кыргыз экенин, кызматчынын үй-бүлөсүндө 1898-жылы Ошто туулганын жазган. Орус бийлигинин катчылары ошондо кыргыз Жолдоштун атын Юлдаш деп жазып койгон болуу керек. Кыргызча атты каалагандай өзгөртүп коюу ал кезде көнүмүш болчу. Атасы Жолдош - Юлдаш шарыят соту - казынын кат жазгычы, катчысы экен. Мындан келди, Каримжандын ата-бабасы билимдүү, анан да бийликке жакын адамдардан болуш керек деп болжол кылууга негиз бар. Билимдүү адам шаарда жашап, ошон үчүн кагаз, калем менен оокатын кылып отурбайбы. Жолдоштун баласы Каримжан шаарда төрөлүп, эртелеп билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ош шаары ал кезде Фергана вилайетине карачу. Орус колониялык бийлиги мурдагы Кокон кандыгынын аймактарын бир нече вилайеттерге - облустарга бөлүп, Фергана акимчилигине ушу таптагы Өзбекстанга, Кыргызстанга, Тажикстанга тиешелүү бир топ жерлер караган.

Бирок тилекке каршы 1916-жылы Каримжандын апасы, бир жылдан кийин март айында атасы кайтыш болуп, эр жеткен чагында жетимчилик башына түшөт. «Атамдын бир теше жери, анан жакшы аты бар болчу, апам үйдө олтурчу», деп жазган Каримжан Юлдашев кийин өмүр баянында.

«Апамдын сиңдисинин күйөөсү, жездем соодагер катары шайлоо укугунан ажыратылган болчу. Аны менен буга чейин эч кандай мамилем болбоду, эми деле болбойт. Башка менин же аялымдын жакын туугандарынын шайлоо укугунан ажыратылгандары, репрессияга кабылгандары, актардын арасында кызмат кылгандары жок. Чет жерде бир да жакын тууганым жашабайт», деп жазган Каримжан Юлдашев өмүр баянында.

Анын узун барак өмүр баяны 1937-жылы жазылган. Бул кезде ал Фрунзедеги Биринчи Май көчөсүндөгү 54-үйдө жашап турган. Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары, азыркы тил менен айтканда, вице-премьер-министр кызматында иштечү.

Казынын катчысынын кыйла жери, оокат-ашы болгону менен балдары кара жумушка эрте аралашып, колунда бар кишилердин ишин кылып турушкан. Каримжан Юлдашев 1916-жылга чейин Пулат деген соодагердин жумуштарын кылып, эгинин карап, үй кызматын аткарып, саратанда өрүк как даярдоого катышканын кийин атайын эскерген. Кыязы, атасы бардар турмушка көнгөн балдары кара жумуштан качып калбасын, мээнет эмне экенин билип калсын, ага кошумча азыноолок тыйын-тыпыр таап алсын деген ниетте баласын колунда бар соодагердин ишин кылганга жөнөткөн болуш керек. Ошентип дурус башталган жашоо-тирилик 1916-жылы татаалдашып, апасы өлүп, ага кошумча падышалык Орусиянын жергиликтүү элди аскердик оорукка кара жумушка алышына каршы чыккан көтөрүлүш күчөп, анын залакасы Каримжандын үй-бүлөсүнө да тийбей калган эмес.

Көтөрүлүш алгач Фергана вилайетинде башталып, кийинчерээк июль-августтарда Кыргызстандын түндүгүндө Чүй менен Көл боорунда күчөгөнү белгилүү. Күзүндө окуу башталганда жайды-жайлата Пулат соодагердин ишин кылган Каримжан Оштогу орус-тузем мектебине келип кирет. Мектепте ал бир гана жыл окуйт. Аялы өлгөндөн кийин беш баланы багуу түйшүгү мойнуна илинген Жолдош да алышкан ооруга алдырып 1917-жылы каза болуп, чоң үйдүн түйшүгү Каримжан менен инисине жүктөлөт.

Иниси экөө атасынан калган жерди иштетип, эгин эгип, бакчаны карап, колунан келишинче аракет кылышат. Бирок да бир туугандардын жер айдаганга унаасы, шаймандары, бакчасын кароого шайы келбей, иниси экөө пайда келтирбес жумушту таштап, таар токууга киришет. Бул иштен деле жакшы пайда түшпөгөндөн кийин 1919-жылдын майында Каримжан Ферганадагы мугалимдер курсуна окууга кирет. Окуу болгону эки айлык гана экен. Ошол кыска курсту аяктап кайра Ош шаарына келип шаардагы биринчи сыныптагы мектепке мугалим болуп орношот. Ош болуштугуна карачу мына ушул мектепте Каримжан 1919-жылдан 1925-жылга чейин иштеген.

Мектеп Каримжандын кара жумушка байымы жок болгону менен билим берүүгө, мугалимдикке шыктуулугун айкындады.

Жооптуу кызматтардын жолу

Анын үстүнө ал кезде жаңы бийлик жер-жерлерде мектептерди ачууга киришип, билимдүү деген кадрлардын көбүн ушул ишке чегерип, ыктуу жайлардын көбүн мектепке айландырып жаткан. Каримжан Юлдашевдин саясий кызмат тепкичи ошентип агартуу тармагынан башталган.

«1925-жылы мени Ош кантондук аткаруу комитетинин инструктору кылып дайындашты. Бул иште 1927-жылга чейин болдум. 1927-жылы кеңештердин кантондук курултайы мени кантондук аткаруу комитетинин төрагасы кылып шайлады. Кийин округдар түзүлө баштаганда кеңештердин округдук курултайында Ош округдук аткаруу комитетинин төрагасы болуп да шайландым. Округдук аткаруу комитетинин төрагасы болуп 1930-жылга чейин иштедим.

Мени Кеңештердин жалпы союздук V курултайы ССР союзунун Улуттар кеңешине мүчө кылып шайлады.

1930-жылы Кантондук комитеттин бюросунун жана ВКП(б)нын бардык чакырылыштарынын округдук комитетинин мүчөсү болуп шайландым. 1927-жылдан тартып ВКП(б)нын бардык облустук конференцияларында ВКП(б) Кыргыз обкомунун мүчөсү, Кыргызстан КП(б)нын биринчи курултайында 1937-жылы Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайландым.

1930-жылкы VI чакырылыштагы ВКП(б) кыргыз обкомунун биринчи пленумунда жана 1934-жылы VII чакырылышта ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюро мүчөсү, 1937-жылкы Кыргызстан большевиктер компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи чакырылыштагы биринчи пленумунда Борбордук комитеттин бюро мүчөсү болуп шайландым.

1930-жылы Кыргыз АССРинин Жер иштери боюнча эл комиссары болуп дайындалып, бул кызматта 1934-жылга чейин иштедим.

1934-жылы ВКП(б) кыргыз обкомунун советтик соода бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, анда үч ай гана иштедим. Ал жерден Социалисттик дыйканчылык академиясына окууга Москва шаарына жөнөтүштү. Академиянын мал чарба факультетинде бир гана жыл окуп, жалпы билим алдым. Биринчи курсту аяктагандан кийин мени Кыргызстанга чакыртып Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындашты, ушу азыр аталган кызматта иштеп келе жатам», деп жазган Каримжан Юлдашев.

Өмүр баянында Каримжан Юлдашев Октябрь революциясына чейин эч бир революциялык уюмдарда болбогонун, андай күмөндүү иштерге катышпаганын жазган. Жекече өмүр баянда толтурчу документ кагазда мындай суроолордун үчөө турчу: «актар тарабында согушкан эмессиңби, актарга кызмат кылган эмессиңби, актарга жан тарткан уюмдарга кирген эмессиңби?». Ушул сындуу суроолор тигил же бул инсандын өздүк документтеринде сөзсүз толтурулчу. Каримжан Юлдашев большевиктер партиясына мүчөлүккө талапкер болуп 1924-жылы Ошто мугалим болуп иштеп жүргөндө эле катталган. Партия мүчөлүгүнө үч жылдан кийин кабыл алынган. «Мени партияга өтүүгө сунуш кылгандар кантондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Богторов, ошол эле аткаруу комитетинин жооптуу катчысы Чернобай, административдик бөлүмдүн башчысы Машрабов, дагы башка кишилер болчу» деп белгилеген Юлдашев.

«Башка бир да партияда болбодум, ВКП(б)дан чыкпадым, оппозицияга кирбедим, партиянын башкы багытына ишенбестик менде эч бир болгон жок. Эч бир улутчул топторго кошулган жокмун», деп жазган Каримжан Юлдашев өмүр баянында.

Өзүнүн бала кезине, кантип билим алганына токтолуп Каримжан Юлдашев минтип жазган: «16 жашка чыкканча ата-энемдин колунда болдум. Атам мени мусулман мектебине берген. Мен орус мектепте окугум келчү, атам мени орус мектебине бербей койгон. Айла жок шаардагы бай соодагер Пулат (Болот) молдого барып ишин кылып жүрдүм. Анын бардык ишин жасачумун, өрүк бышкандан кийин как даярдачубуз. Эмнеликтен Пулат молдонун кара жумушун кылганга барышымдын себеби мындай болчу, молдонун ишин башкаргандардын бири орус тилин мыкты билчү, ошол мени жумуш аяктагандан кийин түндөсү орусча окутчу, тамгасын таанытчу.

1916-жылы апам катуу ооруп калганда мен соодагердин ишин таштап үйгө келип, шаардагы орус-тузем мектебинен окууга мүмкүндүк алдым. Ал мектепте бир жыл окудум».

Каримжан Юлдашев тапшырылган партиялык ишин так аткаргандыктан бир да жолу сөгүш албаганын, соттолбогонун атайын белгилеген.

1928-жылы Каримжан Юлдашев айтылуу Жаныбек казынын колун талкалап, кармашта эрдик көрсөткөнү үчүн Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңешинин грамотасы, аты жазылган саат менен сыйланган.

«Менин аялым да кедейдин кызы, кайнатам Оштогу Садырбай байдын ишин кылган мээнеткечтин бири. Беш балам бар, алардын кичүүсү 4 жашта, улуусу 15ке чыгып калды. Ден соолугум жакшы», деп жазган Каримжан Юлдашев.

Өмүр баянында «жазылгандардын тактыгын Кыргызстан КП(б) БКнын бюро мүчөлөрү Орозбеков, БК мүчөсү Ус, эл комиссары Исхаков жолдоштор ырастап беришерин» Каримжан Юлдашев атайын белгилеген.

Өмүр баян 1937-жылдын 23-июлунда толтурулган. Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары арадан бир жыл өтүп-өтпөй «эл душманы» катары камакка алынып, түрмөнүн адам чыдагыс азаптарынан кийин 1938-жылдын 19-апрелинде атылып, сөөгү Чоң-Таштагы кыш заводунун чуңкуруна жашырылып, 1991-жылы жашырын көмүлгөн 138 кишинин сөөгүнүн арасынан табылат. Кайрандардын катарындагы Каримжан Юлдашевдин тизмеси № 129. Ошентип беш баланын атасы, совет бийлигине кылдай жамандыгы жок кыргыздын дагы бир уулу жок кылынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG