Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:43

Азиз Алимовдун армандуу өмүрү


«Ата-Бейит» мемориалы, 07-ноябрь, 2017-жыл.

Азиз Алимовдун кыска өмүр жолу кантип жакшы турмушка жетүүнүн абыгерчилиги менен өткөн.

Театр өнөрүнө кызыккан уландын турмуш жолу кескин бурулушка туш келип, партиялык кызматкер болуп чыга келген. Сталиндик репрессия күчөп турган чагында райондук партия комитетин жетектеп, аз өтпөй камакка алынып, 1938-жылы атылган.

Кымыз жыттуу жайлоо

Репрессия капканына туш келгендер көргөн азап-тозок арбын жазылды, көп айтылды. Миллиондогон бейкүнөө адамдар куугунтукка алынып, атылып, асылып, көбү адам чыдагыс шартта жок болушту. Азиз Алимовдун аты дагы бир ирет калкып чыкты - 1991-жылы Чоң-Ташта сөөгү табылып, атылып кеткен 137 кайрандардын катарында ысымы ташка чегилди. Москванын жанындагы татарлар басымдуулук кылган Касимов - Касым деген чакан шаарда төрөлгөн баланын эр жетип, элге аралашып, бийлик тизгинине илешкенден кийинки акыркы жайы кыргыз жери болуп калды. Фрунзеде атылып, сөөгү Чоң-Ташка жашырылып, белгисиз миллиондордун катарында унутулуп калар беле, карабайсызбы, кайып-каскагынан болуп көмүлгөн жери билинип, аябай эле кечиккен акыйкат бир силкинип албадыбы.

Репрессия капканына илингендер кандай азап-кыйноого туш келгенин эңгезер өлкөдө эмне болуп атканы менен иши деле жок, окуучуларынын кантип кат-сабатын ачсам деп жүргөн жаш мугалим Шертай Субанов өз башынан өткөргөн. Ошол киши тирүүнүн тозогунан аман калып жерине кайтып келген, кийин убакты-сааты келгенде анысын жаап-жашырбай жазып калтырган. НКВДнын сурагы кандай болгонун Шертай Субановдон эле уксак:

« - Мен эмне айтаарымды билбейм.

- Айта-а-сың. Эл душманы. Сенин байланыштарыңды тез эле айттырабыз, – деп, колундагы баштык менен эки далымдын ортосуна урду.

Эки көзүмөн от чыгып, башым деңгирей түштү. Жерге талп этип жыгылдым. Андан кийин эмне болгонун сезбей да калдым».

Мына ушундай азапты Азиз да башынан өткөргөн. Тергөөчүлөр ойлоп табылган айыпты моюнга алдырыш үчүн төбө чачты тик тургузчу кыйноонун түрлөрүн ойлоп табышкан. Шаардагы абактарда орун жетпей, колго илинген «эл душмандарын» эртерээк жок кылуу, калгандарын сүргүнгө, алыс жактарга айдоо иштери ыраатка салынып калган. Бул иште үлгү көрсөткөндөр, душмандарды арбын таап, сый-урматка жетишкендер көбөйө баштаган. Мына ушул тирүүнүн тозогуна Азиз Алимов да туш келген. Репрессия күчөп турган чакта ал да өз колу өмүр баянын толтурган.

Азиздин атасы Ахмеджан, айрым документтерде Ахмет. Атасынын аты расмий документтерде так жазылбай келатканына ичи чыкпаган Азиз өмүр баянын толтурган кагаздарынын баарында Ахмеджандын уулу экенин атайын белгилеген.

Азиз Алимов өмүр баянын партиянын Кочкор райондук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалганда толтурган. Кеп башында белгиленгендей, Азиз Алимов Москва облсунун Касым шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Падышалык Орусия заманында бул шаар Рязань губерниясына карачу. Кеп ыңгайы келгенде айта кетели: «Касым», башка бир булактарда «качым татарлары» - Эдил-Оролду жайлаган татарлардын бир бөлүгү, Орусиянын ири шаарларынан орун-отурук алышкан, татар тилинин Казан диалектисинде сүйлөгөн калк. Диний ишеними - мусулман сүннөттөр, азыноолок тобу православ христиандар. XV кылымдын ортосунан казан ханы Улу Мухаммедден бөлүнүп чыккан Касым кандын ыкыбалындагы феодалдык бийлик эки кылым өкүм сүрүп, орус бийлигинин бир топ маселелерин чечип, ордодо таасирдүү күчкө ээ болгон түзүлүш эле.

Азиз Алимовдун ата-бабасы тарыхый татаал жолду басып өтүп, эңгезер орус империясындагы таасири менен күчүн сактап калган, жалаң татар эмес, Орусиядагы түрк тилдүү калктардын таламын талашкан элдин тукумунан. Касым шаарына келгенге чейин алар Пенза губерниясындагы Краснослобод үйөзүнүн Аллагул айылында турушчу. Феодалдык мамиле-катыштар аз-аздан жоюлуп, Орусия капиталисттик өндүрүштүк мамилелерге өтө баштаганда айылдык татарлардын көбү шаарлардан отурук ала баштаган. Касым шаарына ошентип келип калышкан.

Азиздин эскерүүсүнө караганда, атасы Ахмеджан бүкүр кышында Касым шаарына жакын Сейит айылында мугалимдик кылып, окуу аяктап каникул башталганда Салазкин деген байдын шаар четиндеги жайлоосунда (дача) иштеген. Ал жерде татар агайындар бээ саап кымыз жасашчу. Орус ак сөөктөрү көк жөтөлдөн кутулуш үчүн жайкысын кымыз ичкени келишчү. Кыш чилдеде мектепте жайкы саратанда жылкы карап, кымыз жасап, балдарын багам деп жанын аябаган Ахмеджан 1902-жылы каза таап, аялы Абида чиедей үч баласы менен жесир калган. Азиздин агалары Абдулла менен Абид деле кичинекей эле. Үч баланы багуу түйшүгү Азиздин апасына түшүп, ал колунда бар улутташтарынын үй кызматын кылып, ошону менен балдарын баккан. Мусулман кайрымдуулук уюмдарынын жардамы менен Азиздин эки агасын окууга киргизип, алардын окуусуна айына 1 рублдан акча төлөп турууну макулдашкан. Ал кездеги бир орус рублга семиз кой келчү экен. Мугалимдин үй-бүлөсүндө андай акча кайдан болсун? Акча табыш үчүн Ахмеджан мугалимдин балдары жайкысын жергиликтүү байлардын жылкысын багып, кымыз жасашка кол кабыш кылышчу. Азиз Алимовдун ал кезде Шакулов, Итаков, Бикташов деген байлар кымыз жасаттырып, бейтаптарды дарылап турушканын эскерген жайы бар. Азиздин апасы балдары менен тырмышып жүрүп акча таап, алардын баарын билимдүү кылууга жетишкен.

«1913-жылы мен биринчи мусулман башталгыч мектебин аяктадым. Күзүндө апам мени Воронеж губерниясындагы Лески темир жол бекетиндеги буфетке тамак ташыгыч кылып орноштурду, маянасы 2 рубль 50 тыйын болчу. Кийин биздин айылдаштар Айдаров менен Курмановдорго кагаз ташыгыч, ашпозчу, ошондой эле алардын Москвадагы каракүл сатчу соода үйлөрүнүн акча санагычы болуп иштегем. 1916-жылдан 1918-жылга чейин ушундай иштерди аткардым. Октябрь революциясынан кийин кожоюндарым соода үйлөрүн жаап, айылдарга кетип калышты, мен болсо Касым шаарындагы апама бардым», деп жазган Азиз Алимов.

Касым шаарындагы оор абалдан улам Азиздин энеси балдарын алып кең Орусиянын ар кайсы бурчтарында чачылган туугандарын эш тутуп жер которууга өткөн. Абиданын агасы Юзовкада турмуш дурус экенин, шахтерлор жакшы акча иштеп табарын айтканы иш жүзүндө калп чыгып, кичинекей балдары менен агасын пааналап барган аялдын айласы куруйт. Эр жетип калган Азиз оор кара жумушка кирет. Кымыз жасоо, Москвадагы соода үйүндөгү иштер жаш балага жеңил болчу. Азиз Алимов 1918-жылдан 1920-жылга чейин шахтердун жер үстүндөгү, жер астындагы жумуштарынын баарын жасап, кара жумушка аябай бышат.

Кызыл аскер, клуб башчы, райком

1920-жылы апасы кайтыш болуп, жалгыз калган Азиз агасы Абидди издеп Бакуга келет. Улуу агасы Абдулла Орунбордогу «Хусаиния» медресесин аяктап мугалимдик кылып, 1919-жылы партияга өтүп, партиянын Пенза губерниялык комитетинин инструктору болуп иштеп атканда 1920-жылы келтеден каза болуп калат. Кийинки агасы Абид революцияга чейин эле жогорку башталгыч окуу жайын бүтүп, 1918-жылы партия катарына өтүп, бир топ жооптуу кызматтарда иштейт. Алышкан ооруга алдырып ал да 1935-жылы каза болуп калган. Өмүрүнүн сонку жылдары Коммунисттик академиянын Ленинград бөлүмүндөгү президиумунун мүчөсү болгон. Чыгыш тарыхын изилдеген жаш окумуштуу эле.

Мына ошол агасын издеп 1920-жылы Азиз Бакуга келген. Тийиштүү билими жок, кара жумуштан башканы билбеген инисин ишке орноштуруу, анын турмуш жолуна багыт берүү Абиддин мойнуна илинген. Анын инисин бир топ кызматтарга орноштурушу ийгиликсиз аяктаган. Бир аз убакыт Бакуда Чыгыш элдеринин арасында иштөө жана үгүт жүргүзүү кеңешинде кагаз ташуучу болуп иштеп, аягында ал иш да жакпай, Бакудан Пензаны көздөй чыгат. Ростов шаарында башка жолго түшчү поюзду күтүп отуруп жанындагы документтерин уурдатып, айласы куруган жигит жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылат. Бирок алар бейтааныштын сөзүнө ишенбей, аны жоопкерчиликке тартмай болушат. Документин жоготкон Азиз Алимов ошол жердеги большевиктерди ишендириш үчүн Пенза губерниясына аскерге кетет. Ошол 1921-жылы ал сегиз ай аскер кызматын аткарат. Жалпы орусиялык өзгөчө комиссиянын №21 атайын батальонунда кызмат өтөйт. Батальон Казан шаарында турчу. Жаңы жерге жакшы көнүшө албай, анын үстүнө безгек дарты тийген катардагы кызыл аскер Азиз Алимовду Баку шаарында жайгашкан Өзгөчө Кавказ аскерлеринин 1-Кавказ корпусуна которушат. 1921-жылдан 1923-жылга чейин Алимов мына ушул аскер түзүмүнүн өзгөчө бөлүмүндө иштеген. Ал жерде иштеп жүргөндө ВКП(б)нын мүчөлүгүнө талапкер болуп кабыл алынат. 1923-жылы аскерден бошотулуп, күзүндө Москвага келет. Шаар ага тааныш, каракүл соода үйүндө бир топ иштеп калган, анын үстүнө төрөлгөн шаары да ага жакын болчу.

Баш калаада Азиз Алимовдун көкүрөгүндө сакталып келген дагы бир кыялы козголуп, ал театр актеру болгусу келип, Москвадагы театралдык техникумга тапшырат. Бир жылга жакын ошол техникумда окуп, аны аяктай элегинде Борбордук татар жумушчу клубун уюштуруу милдети тагылат. Жаңы ишке жан-дили менен берилип Татар жумушчуларынын борбордук клубун түзүп, аз убакыт анын башчысы болуп калат. Театр сахнасы деген үмүтү ошентип Борбордук татар жумушчуларынын клубуна басылып, «сыйкырдуу өнөрдөн» көңүлү калган Азиз Алимов Москванын жанындагы Михиев деген кыштактагы Октябрь революциясы атындагы фабрикага слесардын жардамчысы болуп орношкон.

Фабрикадагы жумушчулардын арасынан татар-башкырларын чогултуп өзүнчө клуб түзүп, анын аркасы менен ВКП (б)нын мүчөлүгүнө өткөн. Бул 1925-жыл болчу.

Кийинки жылы Азиз Алимов Москвадагы Коммунисттик жогорку окуу жайына – Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине өтүп, аны 1930-жылы аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин ВКП(б)нын Борбордук комитети Азиз Алимовду Орто Азияга жөнөткөн. Ташкенден жаш адисти Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетине окутуучу кылып бекитишкен. Окуу жайда Азиз Алимов эки жыл иштеген, окуу жайынын бөлүм башчылыгына чейин жеткен.

Ал жерден 1932-жылы Пишпекке Кыргыз педагогикалык институтуна окуу бөлүмү боюнча ректордун жардамчысы, тарых кафедрасынын башчысы, тарых окутуучусу кылып жөнөтүшкөн. Анан 1934-1935-жылдары Нарын МТСинин саясий бөлүмүнүн жетекчиси, 1935-жылдан март айынан 1937-жылдын апрелине чейин Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Кийин Максим Аммосовдун буйругуна ылайык партиянын Кыргыз обкомунун үгүт жана насаат бөлүмүнүн жетекчиси болуп, ошол жерден «эл душманы» катары кармалып, 1938-жылдын ноябрында атылган. 1991-жылы бейкүнөө атылган азаматтардын катарында сөөгү «Чоң-Ташта» табылып, мамлекеттик сый-урмат менен кайрадан коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG