Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 02:44

Мамыркандын урпактары: Үркүн менен репрессия


Үркүндүн жүз жылдыгына арналган Каракол шаарындагы мемориал.

«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн кезектеги долбоору айрым адамдардын тагдыры аркылуу тарыхтын буга чейин козголбой келаткан жабык барактарына токтолот.

Мамыркан атанын үй-бүлө таржымалы - опсуз тоскоолдорго моюн бербей тукумун улантып келаткан уруктун тарыхы. Тоскоолдор толтура болду, элдин башына ушундай сыноолор туш келет экен. 1916-жылдын алааматына кабылбаган, кийин советтик куугунга туш келбеген үй-бүлөнү табыш кыйын. Канча азаматтар окко учуп, сууга агып, зордук-зомбулуктун курмандыгы болушту, ушу тапта адам баалуулугу деп атканыбыз ошол, демографиялык жоготуу деп атпайбызбы. Жалгыз кыргыз эмес, жамы Борбор Азия калктары туш келген канабайрамда калкыбыз канча кишисинен ажыраганын, андан кийинки жоготуулардын так эсебин алууга болобу?

Адатта калк азабын кайсы бир сандар менен же схемага салып иликтөөнү жакшы көрөбүз. Уруунун уңгулуу санатын да түпкүрүнөн баштап, жүрө-жүрө анын салааларына кирип кетебиз. Андай таржымал ар бир кыргыздын үй-бүлөсүндө бар, аны башка баалуулуктар менен кошуп эл өзү сактап келатат. А бирок мына ушул санжыргалуу баяндар менен сандар, схемалар кошулуп кеткен таржымалда уругу чырт үзүлүп, орто жолдон өксүп калгандарды, артында тукуму калбай калган армандуу тагдырларды кайда кошобуз? Алар деле бала-чакалуу болушмак да. Кайсы бир үй-бүлөнүн башынан өткөн азап-шордун тагын кантип көрсөтөбүз? Кимдер мүчүп, ара жолдон кайтыш болуп кеткенин, анын арманын качан айтабыз? Бир адамдын башынан кечирген азабын, мисалы?

Даркандык Мамыркандын азап-шору арбын үй-бүлөсүнүн тарых-таржымалы ушундай. Пенде баласынын баатырдыгы менен аны ээрчиген кайгы-касырети барып-келип бир үй-бүлөнүн маңдайына жазылган тагдыры болуп калат экен. Экинчи жагынан ал кезде башы бүтүн, боору эсен адамды табыш мүмкүн эмес эле. Көл кылаасындагылар кыйын кезеңде башынан кечирген опсуз оорчулуктарды санап чыгыш кыйын. Аны ар бир үй-бүлө өз башынан ар кандай өткөрдү.

Мамыркандын урпактары ушу тапта керемет кооз Даркан айылынын бир ыптасын ээлейт. Булар кыргын-сүргүндө өлбөй аман калгандардын тукумдары. Непадам алардын бири да жашында жайрабай, аман калса, кандай болор эле? Ажар күйөөсүн гана аман сактабай, 14 баласын аман алып калсачы?

Мамыркан

Мамыркан бешиктен бели чыга элек наристе чагында жетим калган. Тестиер кезинен тартып айылдагы тери иштетчү орустун колунда иштеди. Кайышты кантип ийлешти абдан жакшы өздөштүрдү. Кийин бой жетип кожоюндан кетеринде анын ишине ичи жылыган орус акысына эки кой жетелеткен. Кийин Көл кылаасында аты чыккан чынжырлуу байдын же кийин совет кезинде кызыл аскерлер Мамыркан кулак атаган адамдын өлүү дүйнөсү ошол орус берген эки койдон уланган. Мамыркандын балдары көп болчу, иштин көзүн билген акылдуу адам болчу. Колунан келишинче туугандарына жардам берип, аларды оор убакта коргоп, жашоосун жакшыртуунун камын ойлогон адам эле.

Жетим жүрүп жетилген Мамыркан төрт уулдуу болгусу келгенин жакындарына жашырбай айтчу экен. Жараткан анын тилегин берип атасын тарткан бойлуу, карылуу төрт азаматты бериптир. Мамыркан урукташтары менен Көлдүн тескейиндеги Кашка-Суу жайлоосун жайлачу. Ушул жерден анын малы көбөйүп, байлыгы артты. Бул жайлоо ата-бабасынан калган ыйык да, берекелүү да жер болчу. Бул жерге сыйынганы келгендер арбын эле, ар кыл ишенимдеги кечилдер келип келиштире ак сарайларды салышкан. Бул жерде канабайрамдардан карабашын калкалап келген эл да көп эле. Ал кезде абаттай болгон кооз жерге тоо кыркалай отурукташкан кыргыздардан тышкары келгиндер арбын болчу. Аларды эгин менен бак-дарак өстүрүүгө өзгөчө ыңгайлуу, берешен жер кызыктырчу. Кытайлар да кыжылдачу, аларды тоо боорундагы майлуу топуракка көйкөлүп өсчү көкнар-апийим азгырчу. Ал кезде Көл жаныбар көйкөлүп кенен жайылып жатчу. Билгендер ушинтип айтышат. 1916-жылга чейин ушундай эле дешет.

1916-1917-жж. Кытайга качуу, кайтуу

Мамыркан Көл боорунда, Сары Өзөн Чүйдө эмне болуп жатканын билчү. Көтөрүлгөн элдин чапкын менен куугундан кача баштаганынан кабардар болчу. Бир аз убакыт үй-бүлө, тууган-туушкандары менен Кашка-Суунун төрүндө жашырынып тура алмак. Коркунучтан алыс болуш амалында малын тоонун алыс жагына айдатып, бир куржун апийимин белендеп, качуунун камылгасын көрүп койгон. Апийим ал кезде бардык жерде өтүмдүү эле. Апийим Кытайда өзгөчө баалуу болорун, ага кызыккандар көп экенин билчү. Кытайдын соодагерлери менен алып сатарлары мурда Көл кылаасына тез-тез каттап, жеринде кымбатка бааланчу товарды көп алышчу.

Үркүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликтин башы. «Ата-Бейит»
Үркүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликтин башы. «Ата-Бейит»

Күттүргөн күн да келди. Жөнөткөн кабарчылары жазалоочулар жакындап калышканын кабарлап калышты. Кысталышта болгон дүйнөсүн – боз үй менен тамак-ашын таштап Мамыркан үй-бүлөсү менен аялын, карындашын, балдарын, эки жашка чыккан небереси Исматты, жакын туугандарын кошуп алып өтө керектүү дегендерин алып жайын-кышын көк муз басып турчу бийик ашууну беттеп Кытайга карай жөнөп калышты. Жолдо баратып мурда айдатып ийген малын алып, ашуу ашып кетишти. Мамыркандын камбылдыгынын пайдасы ушунда бир тийди, анын үй-бүлөсүнөн чыгымга учураганы болбоду. Туугандары бийик ашууну ашып, кыйналып-кысталып акыры Кытайга жетишти. Кытайдын байыркы Турпан шаарына жакын жерди жактырып, ошол жерде кыштап чыкмай болушту. Алардын айдап келген малы менен куржунга салып алган апийимдин кереги Кытайда абдан жарады. Ашууну беттеп келатып өлүп калган энесинин көкүрөгүн тырмалап отурган наристени таап алышты. Ал кезде кыйынчылыкка карабай балдар менен карыларды ара жолго калтырышчу эмес. Анын үстүнө Мамыркандын үй-бүлөсү үчүн дагы бир бала оорчулук келтирмек эмес.

Мамыркандын небереси Абакир ата ушу тапта Даркан айылында жашайт. Ошол кишинин айтуусунда, Мамыркандын чоң уулунун аялы Ажар эне бир эмчеги менен өз баласы Исматты, экинчиси менен жолдон таап алган баланы эмизип бакканын кийин айтып калчу экен. Ал бала кийин чоңойгондо бул үй-бүлөгө кара жолтой болуптур, ал кезде андай болорун ким билиптир? «Эптеп Кытайга жетсек, апыл-тапыл кирип келген алааматтан кантип аман калабыз, туулган жерибизге кайтабызбы?» деген кабатыр ой менен жашап атышкан.

Кытайдан баары кайтты. Бир убакта эмес, албетте, 1917-1918-жылдары бириндеп кайтып келишти. Ал жерде Мамыркандын карындашы гана калды. Кийин угушса ал кыз турмушка чыгып, балалуу-чакалуу болуптур, көп неберелери бар экен дешти.

Кулакка тартуу жана репрессиялар

Көлгө келген соң Мамыркандын үй-бүлөсү аз-аздан өзүнө келип, кайрадан турмушун жөндөй баштады. Карылуу, камбыл жигиттер үй-бүлөсүн муңайтпай сактап калышты, анын үстүнө өз үй, өлөң төшөгү аларга күч-кубат берип, турмуш-тиричилигине киришти. Үй-бүлө кадимкидей ирденип, жашоо-тиричилиги оңолуп, малы көбөйө баштады. Бирок бул СССР деген мамлекет болчу, адамдар кандай жашаш керек экенин, «теңчилик менен бир туугандык достукту» кантип чындоону бийлик башындагылар мурда эле аныктап коюшкан. Болгондун баарын ортого кошуп, мамлекетти көтөрүш керек эле, ошондон «артыкбаш» дүйнөнү алып коюшчу. Ач-жылаңач жашап аткан калктын эмнесин алат эле, бирок алышчу.

Мамыркандын балдары малдуу, жашоо-тиричилиги дурус эле, ошондон улам алар жаңы бийликтин жактырбаган адамдарына айланышты. Кызылдай мээнет, эмгек менен тапкан дүйнөсүн, көбөйтүп алган малын мамлекет менен бөлүшкүсү келбеди, алардын үй толо балдары, кыйын кезеңде азап менен оңолуп кетишкени бийликти ойлонтподу окшойт. Анын үстүнө Мамыркандын балдарынын баары Кытайга барып келишти. Четке баргандын баарын ошол өлкөнүн бул жакка жөнөткөн тыңчысы катары карап, баарына ишенбей турган чакта мына ушул жагдай – четке барып келүү «пункту» өзгөчө мааниге ээ боло баштаган. СССР өлкөсүндө жапырт жазалоо өнөктүгү күчөп, минтип шек жараткан адамдар эле эмес, бүтундөй бир элдер куугунтукка алына баштаган. Өзгөчө шек жараткандардын катарына кайсы бир учурда чет өлкөдө болгон, четке чыккан адамдар кошулуп, ошолордун сары изине түшө башташкан.

Ыраакы Чыгыштан апыл-тапыл корейлерди жер котортуп, ага улай «харбинчилер» дегендердин сүргүнү күч алды. Кытайдан кайткан мурдагы орус, кийинки совет эмигранттарын, өзгөчө Кытайдын Харбин шаарынан көчүп келгендерди ушундай аташчу. Кызыл кыргын же үлкөн канабайрам өлкө боюнча жүрдү. Бийлик өз элине салган кыргынын көтөрүлүш чыгарган чаарбаштарды жана капиталисттик өлкөлөрдөн бул жакка жашыруун жөнөткөн тыңчыларга каршы күрөш катары сыпаттаган. Өлүмгө буйрулган «харбинчилердин» тизмесинде «жапан чалгын кызматына көмөктөшкөн» деген айып кошо жазылчу. Кытайдан Борбор Азияга, дагы тактап айтсак, Көлгө кайтып келгендердин тизмесинин тушунда жалгыз жапан чалгынына эмес, «англис чалгынчыларына аянбай кызмат кылганы» көрсөтүлгөн. Аны менен эле тим болушпай дагы бир тикенектей айыпты тиркешкен – «аскердик-экономикалык мүнөздөгү чалгын маалыматтарын берип турган» жана башка айыптарды кошуп салышкан.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинен алынган сүрөт. (Архивдик маалымкат). Чоңойтуш үчүн басыңыз.
Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинен алынган сүрөт. (Архивдик маалымкат). Чоңойтуш үчүн басыңыз.

Мамыркан үч уулу менен ошол кездеги совет бийлигине жакпаган «күмөндүү жарандардын» катарына кошулуп калган, ата-балдар пландуу түрдө атылчу азаматтардын тизмесине киргизилип, адамдарга жыкжыйма толгон камерага киргизилген болчу. Төрт баланын кенжеси, катуу дартка чалдыккан Дүйшөмбү гана чоң үйдө калды. Аны да жуп Экинчи дүйнөлүк согуш башталарга чукул камакка алышты.

Ага чейин ичи арман менен азапка толгон түрмөнүн бит, бүргө баскан камераларынын биринде балдарын алып Мамыркан жатты. Адам эмес айбан чыдагыс оор шартта жатышты. Сасык, ысык камераларда шыкалган айыпкерлердин катарында жаткан жашамал Мамыркандын абалы оорлошуп, күндөн-күнгө өчүп баратты. Кийин балдарынын айтуусунда, атасын таза кийинтип, «бит менен бүргө көп чакпасын» деп атасын темир тор айнекке көтөрүп жаткырып, «аз да болсо таза абадан дем алсын» деп колунан келген аракетин кылышыптыр. О айланайын эркиндиктин абасы! Андан аптыга жутуп, арман аралаш «таза аба кандай сонун» деген атасына кыйын кезеңде да тамашасын таштабаган экинчи уулу Аалый бир туугандары менен атасынын маанайын көтөрүш үчүн түрмө ичинде момундай тамашасын айткан экен: «Ошондой деңиз. Биздин Кашка-Суу жайлоосунун абасынан да таза бекен?» Аскияга атасы менен үмүттүү балдары жылмайып, анан кайра эле бит, бүргө баскан советтин түрмөсүндө отурган абалын эстеп отуруп калышчу экен.

Андан көп өтпөй абакта Мамыркан каза болду. Бала кезинен келаткан оор турмуш, калк башына түшкөн катаал замандагы жер которуу, анан минтип абакка салынгандан кийин начарлай түшкөн ден соолугу чоң үй башчысын - бир урук башчысы менен негиздөөчүсүн акыры алып тынды. Азыр анын аты Дарканда сыймык менен аталат. Айылда жашагандардын көбү Мамыркан атанын урпактары. Ушул жерде Мамыркан ач-жылаңач жетимчиликтин тонун кийген, ата-энесинен эрте ажырап, бирөөлөрдүн ишин кылып борбуюн жерден көтөргөн. 1916-жылдын алааматын көргөн, Кытайга качып барган. Чет жерде жакындарынын бир да бирөөнү ажалга алдырбай, жерине кайтып келген. Туулган жердин топурагы алтын - өз Мекенинде кайра ирденип, алааматта айрылып калган дүйнөсүн ордуна келтирип, жашоо-турмушун оңдогон. Оголе оор сыноолорго кебелбеген Мамыркан 1937-1938-жылдардагы «кызыл кыргынды» көтөрө албады. Кыргындан анын эки уулу Аалый менен Актан да аман чыккан жок. Атасы өлгөндөн көп өтпөй аларды да атып салышкан. Каруу-күчтүү ага-ини аман болсо артында укум-тукуму дагы көбөймөк. Каниет кылчу жагдай - Аалыдан үч бала калды. Актан үйлөнүшкө үлгүрбөптүр. Айылда алардын кенжеси Дүйшөн калган. Мамыркандын балдарынын улуусу Ысмайыл түрмөнүн азабынан араңжан денесин көтөрө албай өмүр күнүнүн акыркы сааттарын эсептеп жаткан.

Ысмайыл менен Ажар

Ысмайыл өлбөй калды. Жалаң сөөккө жабышкан эти гана калып, өз алдынча басып тура албай калган бул тирүүнүн сөлөкөтүнөн түрмөдөгүлөр деле түңүлүп сыртка чыгарып таштаарда бир боорукер адам көмөк көрсөткөн экен. Ошол алпейим адам болбосо ичер суусу азайып бараткан Ысмайыл өлүп деле калышы ыктымал болчу. Мамыркандын ким экенин, анын турмушун түрмөгө чейин эле мыкты билген, айылына барып катышы болгон ошол боорукер «бир татар» каттаган бирөөлөрдөн Дарканга кабар билдирип, өлүп калчулардын катарына чыгарылган Ысмайылды «тезинен келип алып кеткиле» деп кабарлаптыр.

Шашылыш кабар айылга жеткенде атасы менен балдарынан ажырап айласын таппай турган үй-бүлөнүн абалы кыйын болчу. Балдардын кенжеси Дүйшөн да кара жаны менен алек, оорудан оңоло албай жаткан, калгандары аялдар менен чиедей балдар гана. Ажатты Ысмайылдын аялы Ажар ачыптыр. Анын кыйын кезендеги чечкиндүүлүгүн, кайра тартпас көкжалдыгын туугандары эмгиче айтып келатышат. Катар-катар келген кыйынчылыктарга карабай Ажар 14 бала төрөгөн. Тагдырдын жазмышы - ошол он төрттүн экөө гана аман калып, аларга үчүнчү ашууда өлүп калган апасынын көкүрөгүн тырмалап отурган, жолдон тапкан баласы кошулуп үч чүрпөсү эр жетти.

Ысмайыл менен Ажар.
Ысмайыл менен Ажар.

Ажар күйөөсү тууралуу кабарды угары менен эле жолго чыкты. Ал ата-бабасы алмустактан бери жасап келаткан гүлазыгын көтөрүп алды. Гүлазык - сапардагы адамга түгөнгүс оокат, кысталыш учурда заматта даяр болчу азык. Ажар ата-бабадан бери келаткан кубаттуу тамагын алып алыс жолго чыгат.

Көлдүн тескей тарабындагы Кой-Сары кеме токтоочу жайынан пароходго отуруп айылдан Рыбачы - Балыкчыга келет. Ал жерден арабага отуруп Фрунзеге келет. Издегени жанагы боорукер киши «бир татар», билбеген шаардан издеп жүрүп ошол кишини табат. Анын жардамы менен абакта өлөр күнүн санап жаткан араңжан Ысмайылды чыгарышат. Боорукер кишинин короосунда Ажар күйөөсүн «кара самын» менен он күн жууйт. Бүргө менен битинен арылгандан кийин аны арабага салып айылына карай жол тартат. Келаткандагыдай Рыбачы - Балыкчыга чейин арабада, андан кемеге түшүп Кой-Сарыга жетишет. Көл үстүндө катуу толкун болуп, ансыз да араңжан келаткан Ысмайылдын оорусу күчөп, өлдүм-талдым дегенде көздөн учкан жээкке келишет. Андан ары Кой-Сарыдан эти менен сөөгү гана калган Ысмайылды Дарканга алып барыш керек эле. Күткөн киши жок, жепжеңил болуп калган күйөөсүн жонго артып Ажар апа «айыл кайдасың» деп жөнөп калат. Жолдун арбышы кыйын экен. Араңжан күйөөсүн кыйла жерге көтөрүп жеткирип, анан жол боюнда калтырган куржунуна келет. Ошентип токтоп-тынып отуруп тоо боорундагы Дарканга жетишет.

Боз-Бешик деген жерге жакындаганда күйөөсүн көтөргөн зайыпты көргөн аксакал койчу уулуна ат коштоттуруп үйгө алып келүүнү табыштайт. Аялы менен күйөөсүн боз үйгө алып келишкенде кара тер басып жүрө албай калган зайып менен араңжан күйөөсүн таң кала карап койчу алардын жайын сурайт: «Кимдер болосуңар, кайсы элденсиңер, кайсы жакка баратасыңар?». Ажар кайнатасы Мамыркандын атын айта албай башын жерге салып унчуга албайт. Кыргызда байыртан келини кайнатасынын атын айтпайт. Араңжан Ысмайыл атасынын атын шыбырайт.

«Мамыркан? О, Кудай! Аны билем да, баарыбыз билген кадырлуу адамыбыз го!» - дейт кары койчу кубанганынан эмне кыларын билбей. Анан кара күрпөң кой союп, анын терисине Ысмайылды ороп коёт. Байыртан көчмөн эл, анын ичинде кыргыз да алы куруган жоокерин ушинтип дарылачу экен. Бир апта бою Ысмайылды койдун ысык шорпосу менен багат. Бир жумадан кийин эки атка мингизип кары койчунун уулу Ысмайыл менен Ажарды Саруу менен Дарканды бөлүп турган дарыянын боюна чейин коштоп барат. Аялы менен күйөөсү күтүп аткан балдарына келишет. Исмат менен Мария, багып алган балдары экөөнү кубанып тосуп алышат.

Ысмайыл аз-аздан кубаттанып, өзүнө келе баштайт, кой кайтарат. Аялы экөө эч кимден жардам сурабай, ынтымактуу жашап үч баласын чоңойтушат. Бирок 1938-жылы аны багып алган уулу НКВДга карматат. Бакма атасы репрессияга кабылганын, абакта өлбөй аман калганын, үйүнө кайтып келген «эл душманы» экенин билдирет. Ошол эле жылы Ысмайылды камакка алып, Караколго алып барып атып салышат. Мамыркандын төрт уулунан жалгыз Дүйшөмбү гана аман калат.

Кийин бакма баласы апасынын алдында жасаган иши үчүн кечирим сурайт, бирок апасы аны каргап үйүнөн кууп чыгат.

Ысмайыл менен Ажардын уулу Исмат

Исматтын 1941-жылы согуш башталарга чукул төрөлгөн уулу Абакир ата бизге Мамыркандын урпактары тууралуу кызыктуу баянды айтып берди. Исмат Кызыл Армияга келген биринчи чакырыкка туш келет. Согуш башталгандан тартып Кызыл Армия ири жоготуулар менен артка чегинип отурат. Аскерлеринин көбү туткунга түшөт. Исмат да ошондой азапка туш келет. Туткунда ал Германиянын эмгек бөлүктөрүнө айландырылган туткундагы совет аскерлеринин катарына кошулат. Дагы бир божомол боюнча бул Власовдун дивизиясы болчу, экинчи бир маалыматта Түркстан дивизиясы деп аталат. Дивизия Польшада турганда Исмат чарбалык бөлүккө туш келип, бир кыйла убакыт ошол тынч жумуштар менен алек болот. Кийин бул бөлүк талкаланып, катуу жарадар болгон Исмат санитардык бөлүккө кабылат. Андан Исмат Кызыл Армиянын катарына кайра кошулуп уруш аяктаганча душманга каршы күрөшөт.

1946-жылы Исмат туулган жерине кайтып иши кыйла оңолуп калган колхоздо бригадир болуп иштейт. Баарысы баштагы калыбына келип, жашоо-турмуш ыраатына түшүп келатканда дагы бир капсалаң башталат...

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинен алынган сүрөт. Чоңойтуш үчүн басыңыз.
Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинен алынган сүрөт. Чоңойтуш үчүн басыңыз.

Советтик аскер туткундарынын башына түшкөн мүшкүл жайында биз «Баткенчи Сыдык. Экинчи дүйнөлүк согуштагы аскер туткундарынын тагдырлары» деген баяныбызда кеп кылганбыз. Аларды «чыккынчылар» дешчү. Сталиндин оозунан чыккан бир сөзү алардын тагдырын чечип койгон. «Элдердин атасы»: «Бизде согуш туткундары жок, бизде чыккынчылар бар!» деген эле. СССРде туткунга түшкөндөрдү эмгек түзөтүү лагерлерине, көпчүлүгү ГУЛАГ системасына кирген абакка кесишкен. Бул эми жакшы дегендегиси. Ээң жаманы - туткунга түшкөндөрдүн көбүн атып салышкан.

Немис туткунунда жүргөндө Исмат жердештери менен сүрөткө түшкөн экен. Туткун азабын көрүп аман калган жоокерлердин бири ошол сүрөттү катып жүрүп үйүнө ала келет. Сүрөттү көрсөтүп мактанып да койгон шекилдүү. Ошол балакеттүү сүрөткө Исмат да түшкөн. Мына ушул сүрөткө байланыштуу Исматты үйүнө келгенден бир жылдан кийин камакка алышат.

Исматты ГУЛАГ системасына кирген Сибирдин Норильск шаарындагы катаал режимдеги лагерге абакка айдашат. Тү деген түкүрүк жерге түшпөгөн катаал шартта, катуу суукта карагай кесишет. Сибирдин суугун көтөрө албай канчалары ал жерде ооруп, жарыкчылык менен кош айтышат. Согушта, немис туткунунда көрбөгөнү көр болуп, арыктап баса албай калган Исмат да өзөктөгөн дарттан өйдө боло албай, 1953-жылкы хрущевдук мунапыска бир жума жетпей каза болот. Мунапыска Исматтын саруулук айылдашы Үкөн туш келип, араң жан аман кайтат. Экөө бирин-бири колдоп, аман калганы жердешинин аманатын айтууга убада кылышкан экен. Азаптан башы бошогондон кийин Үкөн Дарканга келип туугандарына Исматтын акыркы күндөрүн, көз алдынан өткөн азапты айтып берет. Туугандары менен Исматка арнап куран окуп, өткөндү эскеришет.

Мамыркандын небереси Исмат:

1914-жылы төрөлгөн;

Үркүн (1916-жыл) – ата-энеси менен Кытайга качышат, Исмат эки жашта болчу;

1918-жылы ата-энеси менен Көлгө келишет, ошондо 4 жашта болчу;

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка алышат, 27 жашта;

1946-жылы согуштан кайтып келет, 33 жашта болчу;

1947-жылы камакка алынган, ГУЛАГ – 34 жаш;

1953-жылы түрмөдө өлөт, 41 жашта болчу.

Ажар жалгыз уулу Исматтан ажырайт. Анын жалгыз кызы Мария менен небереси Абакир гана калат.

Абакир

Абакир ата.
Абакир ата.

​Абакир ата, Мамыркандын урпактары тууралуу кайгылуу, катаал баянды айтып берген адам Ата Мекендик согуш башталарга беш күн калганда төрөлгөн. Абакир - алты баланын атасы, Мамыркандын урпактарынын аман калгандарынын баарынын алтыдан баласы бар. Эки кайраттуу эне – Ажар байбиче менен энеси Абакир Исмат уулун эрезеге жеткирип, билим алсын деп окууга жөнөтүшкөн. Ал да чоң ата болду. Абасынын балдары менен чоң атасы, анын балдары тууралу маалыматты издей баштайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Мамлекеттик архивине кайрылып, Мамыркан Шопоковдун акталгандыгы тууралу тастыктаманы алышат. Мамыркандын балдары Мамырканов Актан, Мамырканов Аалы менен Мамырканов Ысмайыл атылып кеткен.

Азыр алардын аты саясий репрессия курмандыктарынын Каракол шаарында коюлган эстелик ташында жазылган. Эстелик өзгөчө кооз Даркан айылынан 40 чакырымдай алыс. Жалаң эле Ысык-Көл облусунан репрессияланган 2546 адамды эскерген жай, куугунтукка кабылгандардын 400ү атылган. Бул расмий булактар аркылуу билгендерибиз гана.

Карaкол шаарындагы Жеңиш багында дагы бир эстелик жай ачылган. Үркүндүн (Чоң алааматтын) 100 жылдыгынын урматына коюлган эстелик, 1916-жылдын алааматы таш бетине чегилген. Кайгыны билдирген түстөгү ташта кыргыз элинин башынан өткөн алааматтын сүрөтү тартылган. Ал алааматтан Мамыркан үй-бүлөсүн сактап, жерине аман-эсен алып келген. Эңсеп келген жеринде анын өзүнүн, бакандай төрт баласынын өмүрүн кыйып салышкан.

Үркүндүн (Чоң алааматтын) 100 жылдыгынын урматына коюлган эстелик (Каракол шаары).

Элмира Ногойбаева, «Эсимде: өз тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн негиздөөчүсү

Бактыгүл Жумакадыр кызы, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивдин жетектөөчү кызматкери

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG