Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

Кандуу жылдар: Алты саптагы өмүр


Касым Сагымбаев кырчындай жаш кезинде «эл душманы» катары айыпталып атылып кеткен.

Ошол кезде ал 30 гана жашта болчу. Алдына коюлган канча максаттар, ой-тилектер аткарылбай калды.

Колдон түшпөгөн кетмен

Эмнеликтен жана эмне үчүн совет бийлиги бейкүнөө миллиондорду атып-асып жок кылып, сүргүнгө айдап, тынч ыраатында келаткан элдин турмушун будуң-чаң түшүрүп, канабайрамды күчөтүп ийген?

Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде, совет бийлигине нааразы болгондор арбып баратканына кабатыр болгон жергиликтүү коммунист төбөлдөр «бардык мезгилдер менен элдердин атасы» Сталинге жазалоону күчөтүү зарыл экенин айтып, андан талап кылган. Кан күсөгөн ошол аткаминерлердин талабы менен эле эңгезер өлкөдө кызыл кыргын күчөп кеткен эместир? А бирок бул жүйө кандуу кыргындын негизги себепкерлеринин бири болушу мүмкүн.

Саясий система зордук-зомбулук, катуу күч менен гана кармалып турчу. Анткени социализм менчикке карата кылымдап калыптанган түшүнүк көз карашты теңирден тескери буруп, идеалында ишке ашышы күмөн түзүмдү күч менен орнотууга киришкен. Мындайда каршылык болору турган иш, бирок да саясат, башкаруу системасынын кандай экени менен дегеле чатагы жок карапайым адамдарды кайсы себепке такап жок кылышты экен? Репрессия эмгекчи адамдардын көбүн, совет бийлигине чын дили менен кызмат кылган азаматтарды жок кылган. Коммунисттик идеяга берилген ишмерлерди кыйгас жок кылуунун артында кандай максат-мүдөө турган?

30 жашында атылган Касым Сагымбаевдин кыска өмүр баяны тууралуу кеп кылар алдында ушундай суроолор жаралбай койбойт. Анын турмуш жолу жаңыдан башталып жатканда, кедей-кембагалдарды жакшы заманга жеткирчү коомду курууга жанын берип иштеп атканда жок кылышкан. Эмне үчүн? Касым Сагымбаевдин өз колу менен толтурган өмүр баяны болгону алты сапка батырылган. 1908-жылы Чүй районунун Кызыл-Суу айылында кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. Сары Өзөн Чүйдүн чыгыш тарабында жайгашкан бул кенен айыл - кыргыз тарыхына кызыккан адистерге белгилүү, көөнө эстеликтерге бай аймак.

Тогуз жашынан тартып жетишпеген турмуштун айынан жалданып иштей баштаган. 1921-1924-жылдары айылындагы дыйкандардын мектебинде окуган. Мектепти бүткөндөн кийин көнүмүш ишин улантып, кетмен чаап дыйканчылык кылган.

Кара жумуштан качпаган мээнеткеч улан айылындагы комсомолдук иштерге аралаштырып, айылдык комсомол уюмун жетектеген. Анын аракети жогоруда отургандардын баамына илинип, кийин 1931-1932-жылдары Чүй райондук комсомол комитетинин катчысынын кызматына көтөрүлгөн. Андан соң эки жыл райондук даярдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1933-1934-жылдары Алмалуу колхозунун ферма башчысы болуп дайындалган. 1934-жылдан 1937-жылга чейин Касым Сагымбаев Фрунзедеги жогорку айыл чарба мектебинде окуган. 1931-жылы ВКП(б)нын катарына өткөн. Окууну аяктап Токмок шаарында иштеп жаткан кезинде камакка алынып, 1938-жылдын ноябрында атылган. Касым Сагымбаевдин сөөгү Чоң-Таштагы чуңкурдан табылып, 1991-жылы мамлекеттик сый-урмат менен көмүлгөн.

Мына ушул отуз жаштын тегерегиндеги кыргыз интеллигенциясынын каймактары репрессияга туш келип атылып кетишкен. Алардын өздүк маалыматтары мамлекеттик архивде сакталат. Кыргызстан саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышева ырастагандай, бул жерде кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон саясий ишмерлер тууралу баалуу маалыматтар топтолгон.

«Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон, ал ишке аралашып калган мамлекеттик ишмерлердин өздүк иштери сакталат, - дейт Айнагүл Табышева. - Аны биз көздүн карегиндей сактайбыз. Алардын кыргыз элинин тарыхындагы орду бийик. Мурда жашыруун болуп келген документтердин баары азыр эгемендик тушунда ачыкка чыгып, тарых изилдөөчүлөрдү, тарыхка кызыккандарга таанышууга ачык.

«Ата-Бейитте» сөөгү жаткан биздин көрүнүктүү инсандарыбызга жалган жеринен жалаа жабылган. Аларга «Совет бийлигине каршы, улутчул, Социал-туран партиясынын мүчөсү» деген күнөөлөр коюлган. Ошондой инсандардын ичинен бизде 33 ишмердин өздүк иши сакталып турат. Аларды биз элге жарыялагыбыз келет. 33 инсан Чоң-Таштагы «Ата-Бейитте» коюлган. Ошол өздүк иштери бар адамдар кимдер? Абдыкадыр Абдраимов, Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Азис Алимов, Осмонкул Алиев, Абдрахман Булатов, Юсуф Булатов, Асанбай Жамансариев, Асан Жээнбаев, Омар Жумаев, Токтосун Дастаев, Дали Зульфибаев, Мукаш Иманбаев, Баялы Исакеев, Сакмамбет Исмаилов, Курман Камбаров, Абдулла Качибеков, Керим Кенебаев, Акимжан Молдогазиев, Касым Сагымбаев, Мурат Салихов , Чөкүш Сулайманов, Эшбай Султанбеков, Григорий Транченко, Касым Тыныстанов, Сыдык Чоңбашев, Султанкул Шамурзин, Кожокан Шоруков, Эркинбек Эсенаманов, Каримжан Юлдашев, Нуркул Кулназаров, Абдыкадыр Орозбеков. Булар Чоң-Таштагы тизмеден чыккандар. Ошону менен катар аты чыкпай калган, «советтик бийликке каршы чыккан Социал-Туран партиясынын мүчөлөрү» деп болбогон бир айыптар коюлуп, репрессияга кеткен инсандарыбыздын өздүк иштери да бар. Алар партиялык-комсомолдук кызматкерлер».

Касым Сагымбаев - мына ушул алгачкы муун тарыхый инсандардын катарындагы ишмер. Ал өтө эле жаш кезинде «кызыл кыргынга» туш келип жок кылынган. Фрунзеде НКВД түрмөсүндө адам чыдагыс кыйноо көрүп, республиканын белгилүү жетекчилеринин катарында атылган.

Ага кандай айыптарды коюшканы, кайсы партиянын мүчөсү же кайсы өлкөнүн тыңчысы деп айыпташканы да белгисиз. Ал кезде колго тийген кишилерге ойдон табылган күнөөлөрдү илип, кыска убакыттын ичинде атууга алып кетишчү. Андай жазага туш келгендер жогорку соттук кызматтарга арыздана да алчу эмес. Себеби «үчилтик» же «өзгөчө кеңешме» тарабынан чыгарылган өкүм акыркысы болчу, даттанууга жатчу эмес. Ал кезде сталиндик «кызыл кыргындын» токтоо билбес конвейери тынбай иштеп, миллиондордун өмүрү кыйылып турган.

Ошол кыргын күчөгөн 1937-жылдын 23-февралынан 5-мартка чейин Жалпы Орусиялык коммунисттер партиясынын (большевиктердин) Борбордук комитетинин белгилүү пленуму өткөн. Партиялык чоң жыйында Иосиф Сталин «Партиялык иштердеги кемчиликтер жана троцкийчилер менен башка куйтуларды жок кылуу чаралары» боюнча кенен баяндама жасаган. ВКП(б)нын жетекчисинин мына ушул баяндамасы буга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген кандуу кыргынды ого бетер күчөтүп, «эл душмандарын» көбүрөөк таап, калк арасында жашырынып жүргөн троцкийчилерди тезинен жок кылууга жол ачкан.

Кыргызстандагы НКВДнын жетекчиси М. Лоцмановдун ашынган канкордугу мына ушул кезде билинген. Сталиндин баяндамасынан кийин партиялык пленум «жапан-немис-троцкийчил тыңчылардын бүлгүнчүлүк бузукулук иштерине каршы туруу» боюнча резолюция кабыл алган. Мына ушул токтом аркылуу НКВД органдары буга чейин дегеле ойго келбеген опсуз укуктарга ээ болушкан. Партиялык, советтик жетекчилер коопсуздук кызматынын айткан-дегенин гана аткарчу уюм болуп калган, өлкөдө мурда болуп көрбөгөн массалык жазалоо башталган. НКВДчыларга «троцкийчилерди, зиновьевчилерди, оңчулдарды, оппортунисттерди, буржуазиялык улутчулдарды» табуу милдети коюлуп, алар кыска убакыттын ичинде андайларды табышкан. Касым Сагымбаев мына ушул кезге туш келген. Аны «троцкийчи, зиновьевчилер тарапкери, оңчул же оппортунист, буржуазиячыл улутчул» деп каалаганча айыптоого саясий негиз түзүлүп калган.

Айыл чарбасындагы азап

Партиялык токтом жол ачып аткандан кийин айыптууну табыш оңой болчу. НКВД кызматкерлеринин ортосунда кайсы бир «фашисттик» же «антисоветтик» топту табуу, «алашордочулардын бетин ачуу», «социал-туранчыларды» айыпка жыгуу боюнча тымызын атаандаштык башталган. «Эл душмандарын» арбын тапкандар кызмат тепкичинен жогорулап, материалдык жагынан туйтунган. Коопсуздук кызматтарынын активдүүлүгү карапайым калк арасында коркууну, ишенбестикти жараткан. Кургак жердин алтыдан бир бөлүгүн ээлеген өлкөдө шүйү качкан калктын дагы сесин алып коюш үчүн кезектеги канабайрам күчөгөн.

Кимди курмандыкка чалууну коопсуздук кызматтары белгилүү социалдык жана саясий чен-өлчөм аркылуу тандашкан. Алардын саны канча болуш керек, байлардан канча, кедейлерден канча, улуттук курамы кандай болушу керек – мунун баары башында эле эсептелип чыккан. Ошон үчүн репрессияга кайсы бир партиялык же чарбалык ишмер гана эмес, бүтүндөй бир улут, эл, социалдык топтор кабылган.

Жеке адамды айыпка жыгып, ага күнөө артуунун себеп-жөнүн аңдаса болот. Касым Сагымбаев кедейдин баласы экени, боорун жерден көтөргөнү жалаң кара жумушта жүрүп, эмгекчилдигинин аркасы менен комсомолдук жетекчиликке көтөрүлүп, айыл чарба, даярдоо кызматтарын аркалап, жаңы бийликке жан дили менен кызмат кылганы эске алынган эмес. Ырааттуу жолго салынган «кызыл кыргын» планын аткарыш үчүн нукура кедей-кембагалды катаал жазага тартышкан. Жазалоонун социалдык чен-өлчөмү деп атышыбыздын бир себеби ушундай.

Кылмыш жоопкерчилигине карапайым калк арасынан чыккан эмгекчини деле тартып, советтик жазалоодон эч ким кутула албасын дагы бир ирет ырастап коюш үчүн ар кыл социалдык топтордун тизмесин түзүп коюшкан. Өкүнткөн жагдай - Касым Сагымбаевге окшоп жалпы тизмеге «жөн эле» кошулуп калгандар ал кезде көп болчу. Бийлик ачык каршылык көрсөтүп, мамлекет коопсуздугуна коркунуч келтирген «жат элементтерди» жок кылууну 1920-жылдары эле баштаган. Бай-манап, басмачы, болуш-бийлерди атып, сүргүнгө айдап, андан соң коммунисттердин өзүн жазалоого өткөн. Арийне, социалдык «жат элементтердин» көбү жаңы бийлик келгенде кара башын калкалап чет жерге көчүп кеткен, айрымдары колуна курал алып ачык каршы чыккан. Анан совет бийлиги бекем орун-очок алып, башкаруу системасы жолго салынган соң күчөгөн жаңы кыргынды согуш коркунучуна байланыштырышкан.

Касым Сагымбаев ушундай аёо билбес кандуу жазалоого туш келген. Ал репрессияга туш келип элине «душман» болуп каларын ойлогон деле эместир. Кадыресе билим алып, кызмат тепкичине аз-аздан көтөрүлө баштаганда атып салышкан. Ал өзү айыл чарбасын мыкты билчү, ушул тармактын көйгөйлөрүнө көңүл оорутуп, аны кантип алдыга жылдырса болорун ойлончу.

Совет бийлиги бекем орун-очок ала электе жаңы экономикалык саясаттын ооматы жүрүп, дыйкан менен малчыга бир топ эркиндик берилген. Мээнеткеч адамдарга идеалдуу дегидей шарт түзүлүп, малчы-дыйкандардын кыйласы ошол учурдан пайдаланып, үй турмушун оңдоп, байлык топтоого жетишип калган. Жер деп жүргөн дыйкандар көксөгөнүнө жетип, өстүргөн түшүмүнүн көбүн мамлекетке төгүп, калганын өзү каалагандай акчага сатууга жетишкен.

Базар экономикасынын маанилүү мыйзамы жакшы иштей баштаган. Бекерге берилген жерди жакшылап иштегендер байый башташкан. Анан кийин колхоз чыкканда бечара дыйкан өндүрүш каражатынан толук ажырап, жамааттык чарбага көз каранды болуп калган. Колхоздо эгин жакшы болсо планга төгүлгөндөн артканы колхозчуларга эмгек акы катары берилген. План толбой калса эгин да жок, колхозчулар түшүмдөн кол жууп куржалак калышкан. Бирок буга карабастан, совет бийлиги дыйкандарды зордоп колхоздорго киргизип, айыл чарбасын реформалоону баштаган. Анын натыйжасы кандай болгонун Касым Сагымбаев билбей калды, кайран жигит 1938-жылы атылып кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG