Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

«Чиеш тагдырлар»: ыйга жуулган жылдар


Китептин ачылышында көргөзүлгөн сүрөттөр

Бишкекте Элмира Ногойбаеванын «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун алкагында жарык көргөн «Чиеш тагдырлар» китебинин бет ачары өттү. Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашап, ар кандай жүйөлөр менен саясий куугунтукка кабылган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган.

Аны менен бирге алардын үй-бүлөсү, бүтүндөй уругу, балдары көргөн азаптуу тагдыры тууралуу сөз болот. Бул аталган долбоордун алкагында чыгарылган экинчи китеп.

Ооба, китепте айтылгандай мурда да, азыр да постсоветтик аймакта мамлекеттик, расмий көз караш өтүмдүү. Алардын тарыхка болгон мамилеси баарын басып кетет. Мамлекеттик идеологиянын башында тургандардын айткан-дегени алдыга чыгып, калганына анчалык деле маани берилбей калат.

Сөз болуп жаткан китепте тарыхтын ошол ак тактарына абай салынып, каармандар аркылуу Борбор Азияга зордоп көчүрүлгөн этникалык топтордун, кулакка тартылып алыска айдалгандардын, большевиктик зордук-зомбулукка кабылгандардын, 1916-жылкы алааматка туш болгондордун армандуу тагдыры баяндалып берилет. Үркүн, кулакка тартуу баштаган кандуу окуяларда жабыркаган үй-бүлөлөр тууралуу сөз болот.

Мисалы, «Мамыркандын урпактары: Үркүн менен репрессия» деген даректүү баянда каармандын Үркүндөн кайтып келгенден кийин көргөн азап-тозогу тизмектелет.​

«Мамыркан үч уулу менен ошол кездеги совет бийлигине жакпаган «күмөндүү жарандардын» катарына кошулуп калган. Ата-балдар пландуу түрдө атылчу азаматтардын тизмесине киргизилип, адамдарга жык-жыйма толгон камерага киргизилген болчу. Төрт баланын кенжеси, катуу дартка чалдыккан Дүйшөмбү гана чоң үйдө калды. Аны да жуп Экинчи Дүйнөлүк согуш башталарга чукул камакка алышты. Ага чейин ичи арман менен азапка толгон түрмөнүн бит, бүргө баскан камераларынын биринде балдарын алып Мамыркан жатты. Адам эмес, айбан да чыдагыс оор шартта жатышты. Сасык, ысык камераларда шыкалган айыпкерлердин катарында жашамал Мамыркандын абалы оорлошуп, күндөн-күнгө өчүп баратты...».

Мамыркандын тагдыры ошол кезде ар кандай себептер менен камакка алынган жүз миңдеген тагдырлардын бири гана.

Китепке «Азаттык» үналгысынын журналисттери Амирбек Усманов, Бекташ Шамшиев баштаган он автордун 12 макаласы кирген. Публицист Шамшиев жазган «Туюктагы муңдун айыкпас жарасы» аттуу макаланын каарманы Шертай Субанов - манасчы Талантаалы Бакчиевдин таятасы.

- Таятама 1937-жылы февраль айында "эл душманы" деген айып коюп, ошол кездеги 58-берене менен Сыдык Карачевдин, Касым Тыныстановдун, Боогачынын, Сакен Сейфулиндин чыгармаларын, эмгектерин окутканы үчүн соттолуп кеткен. Алты жылга өтө катаал режимге соттолуп, кат жазууга, эч жакка чыкпоого уруксаты жок дагы алты жыл кошулуп, жалпы 12 жыл табигый шарты катаал Колым крайында алтын кендеринде иштеген экен. Ал жүргөн жерде эки-үч ай эле жай болуп, калган учурда түкүрүгү жерге муз болуп түшчүдөй суук болуп турчу экен.

Шертай Субанов кийин өз мекенине кайтып келип, бул жерден да кыйла жыл коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө жүрүп, жашы сексенден ашканда, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин гана акталган. Ошентип тек гана балдарды окутууну көздөгөн элеттик мугалимдин бир өмүрү өз мезгилинин курмандыгына чалынган. Субанов кийин баштан өткөн азаптуу күндөрүн «Туюктагы муң» китебинде баяндап калтырган экен. Китептен үзүндү:

«Көзүмдү ачсам эки кишилик бөлмөдө жатам. Оодарылайын десем бүткөн боюм ныл болуп, сезимге баш ийбей, жаны жоктой туюлат. Аздан соң колум кыймылга келди. Колумду бутума араң жеткирип, кармалап көрсөм, бутум мупмуздак. Тынымсыз жөтөлө баштадым. Сууда жана бул бөлмөдө канча убакыт жатканымды билбейм. Тапчанда жатып демигем. Кийимим тоборсуп калганын сездим. Бутумдагы булгаары өтүгүмдү чечип, ордуна ным чылгоону ороп коюшуптур. Коридордон кобур-собур үндөр, адамдардын басканы угулат. Кээде туруп, «туугандар, кош!» деген катуу кыйкырыктар угулуп жатты».

Кулакка тартылып же сталиндик куугунтукка учурап сүргүнгө айдалгандар Шертай Субанов баяндаган азап-тозокко кабылып, атылганы атылып, өлгөнү өлүп жок болсо, алардын балдары узак жылдар бою коомдон четтетилип, укугу тепселип, "эл душманынын" баласы деп кемсинтилип келген. Бул тууралуу аталган китептин бет ачарына келген Роза Айтматова сөз кылды.

- Биздин башыбыздан өттү да. Дайыма атабыз камалып кеткенин жашырып жүрчүбүз. Азыр баары ачык айтылып жатат. Мен 2006-жылы чыккан «Тарыхтын актай барактары» деген китебимдин алгачкы вариантында «мурда тарыхта жазылбаган окуяларды эскерип жатам, эми мындан кийин бул теманы жазган китептер көп болот. Бул теманы козгогон китептер канчалык көп чыкса биздин тарыхыбыз ошончолук ачык-айкын боло баштайт» деп жаздым эле. Азыр ошол жазганым туура чыкты деп кубанып отурам.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев кыргыз-совет тарыхында ошол кездеги мамлекеттик идеологиянын экинчи жээгинде калып кордук көргөн жөнөкөй жарандар жүз миңдеп саналарын айтып, ал маалыматтардын ачыкка чыгышы кийинки муун үчүн эгемендиктин баркын түшүндүрөт дейт.

- Биз азыркы күндө өзүбүздүн өлкөбүздө эркиндиктин, эгемендиктин баркын сезбей жатабыз. Ошондуктан өлкөбүз үчүн күйбөйбүз. Ал үчүн көп нерсе жасабайбыз. Бизге эгемендик бекер келип калган нерседей сезилет. Чындыгында биздин эгемендигибиз үчүн канчалаган адамдар ичте, сыртта жүрүп салым кошуп, күрөшкөн. Мына, бүгүн эле канчалаган тагдырлар айтылды. Биз алар тууралуу билбей туруп, азыр кай жерде турабыз, келечекте кайда барабыз деген суроолорго жооп бериш кыйын. Сөзсүз түрдө "Өткөн тарыхыбызда кандай чоң окуялар болду? Алардын келип чыгуу себеби эмне? Азыркы тапта биз андай окуяларга жол бербей жатабызбы?" деген суроолорго жооп берүү өтө маанилүү. Андыктан биз мындай китептерди келечек муунга жеткиришибиз керек.

Нурбаев Кыргызстандын совет мезгилиндеги, андан кийинки тарыхы ар тараптуу ачууга, аңдап билүүгө тийиш экенин айтып, «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын демилгесине ийгилик каалады.

«Чиеш тагдырлар» - «Эсимде» долбоорунун экинчи китеби. Буга чейин аталган долбоор америкалык изилдөөчү Жефри Лилинин Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматовдун тагдырын чагылдырган «Темир тордун артындагы эки тагдыр» аттуу иликтөө китебин чыгарган.

Ал эми «Чиеш тагдырлар» китебинин кыргызча таржымасынын редактору - Бекташ Шамшиев.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG