Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:40

Анна Германдын Таласта калган балалыгы


Анна Германдын балалык кези.

«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхын изилдөөгө кызыкчылык» акыл дөбө долбоору Элмира Ногойбаеванын Анна Герман аттуу кичинекей немис кыздын белгилүү поляк жана советтик ырчысына айланышын баяндаган макаласын сунуш кылат.

Буга чейин жашыруун-жабык келген тарых бүктөмдөрүн айрым адамдардын тагдыры аркылуу айтып беребиз. ​

Жерден жер которгон советтик немистердин башына түшкөн мүшкүл, СССРдеги үч жолку аргасыз көчүүнүн азап-тозогу - ушу кезге чейин көпчүлүктүн баам сыртында калып келаткан темалардан.

- // -

Чаччы жарык, жаркын жылдызым,

Махабатым, сүйүүм, нур кызым!

Жалгызымсың, жашым акпасын,

Табалбасмын сенден башкасын.

Түбөлүккө батпас күнүмсүң,

Ырдаганда өчпөс үнүмсүң.

Сен ошолсуң…

(Гори, гори, моя звезда.
Звезда любви приветная!
Ты у меня одна заветная,
Другой не будет никогда.

Ты будешь вечно незакатная
В душе тоскующей моей!
Ты будешь…)

​Анна Герман ырдап атканда ар бир угармандын көкүрөгүнө сагыныч менен арман толуп, толкундап турчу. Кайдадыр алыста унутулуп калган арман пайда болчу. Анын үнү көңүлдүн тээ тереңинде калган армандуу сезимди козгоп ийчү. Жашып кетишчү. Бул ырды Анна Герман атасына арнаганын бир да угуучу билчү эмес. «Махабатым, сүйүүм, нур кызымды» атасы айтчу, аны СССРдин Ташкен деген шаарында 1937-жылы жок кылышкан. Анна үчүн бул ыр - жөнөкөй бир романс эмей эле, ырайымсыз жок кылынган атасына арналган кызынын арманы болчу[i].

Анна Герман Чыгыш Европа менен СССРде көптөгөн угармандардын сүйүктүү ырчысы болгон. Анна Герман совет заманында аты аталбагандардын бири болгонун ким билиптир?! Анын тек-жайы немистер менен голландиялык меннониттер тукумунан чыгат. Угармандар болсо аны ырчылык өнөрүнүн аркасы менен атак-даңкка жетишкен поляк ырчысы деп гана билишчү.

СССРдеги немистердин мүшкүлү

Бул эл туш келген азап-тозок тууралу эч кимдин айткысы келбейт. Анын үй-бүлөсү башынан кечирген мүшкүлдү эскерген деле киши жок. Шордуу калк кезинде немис болгону үчүн эле «эл душманы» деген жарлык тагылып, куугунтукка алынган. Башында Орусиянын аймагында, кийин СССР заманында жер которууга мажбур болуп жашашкан. Башында меннониттер – Нидерлан менен Германиядан чыккан калк, уруш-жаңжал, согушту жактырбаган тынч эл, диний ишениминен улам колуна курал кармабаган жөн-жай пенделерди каныша Екатерина II тээ XVIII кылымда Орусияга келип жашоого чакырган. Ал кезде аларды аскерге чакырышчу эмес. Ошол эле себеп менен алар XIX кылымдын экинчи жарымында Орто Азияга көчүп келишкен. Бул жерде аларга жер берилген, жоош-момун калкты аскерге да алышкан эмес. Алгач немистер Кыргызстандын Талас жана Чүй өрөөндөрүндө отурукташкан. Иштин майын чыгарган иштемчил мыкты дыйкан калк экен, жарак-шаймандары менен кайсы жерге келсе ошол жерди гүлдөтүп, Кыргызстандын элинин маданиятына опсуз чоң салым кошту.

Анна Герман апасы Ирма Мартенс менен.
Анна Герман апасы Ирма Мартенс менен.

Тилекке каршы Кыргызстандын немистери СССРдин аяк-башы көрүнбөй жаткан аймактарындагы башка калктар туш келген куугун-сүргүндөрдөн четте калган жок, зордук-зомбулукка туш келип, аргасыз жер которуп жашашты. Кыйла убакыт аларды «эл душманы» деп айыптап келишти, буга мамлекеттин немистерди кодулап камакка алып, сүргүнгө айдап же сырт жакка чыгарып ийиши кошумча болуп, азапты аябай эле көрүштү.

Орус падышалыгынын тушунда меннониттер өз ыктыяры менен жаңы жерлерге көчүрүлгөн, кийин совет бийлигинин тушунда болсо үч ирет аргасыз башка аймактарга сүрүлүүгө дуушар болушту.

Биринчи сүргүн 1936-жылы башталган, немис менен поляктардын 15 миң кожолугу (65 миңге жакын киши) Польшанын чек арасына жакын Украинадан Түндүк Казакстан менен Караганды облусуна көчүрүлгөн.

Экинчи сүргүн 1941-1945-жылдарга туш келген. Анда немистерди жаш-карысына, аял-эркегине карабай эмгек лагерлери менен эмгек майдандарына чегеришкен. Ал жерлердин шарты түрмөдөгүдөн анча деле айырмаланган эмес.

Анан үчүнчү сүргүн өтө эле кайгылуу болгон. Эдил (Волга) боюндагы немистердин автономиялык району жок кылынган. 1941-жылдын 28-августунда немистер отурук алып, гүлдөтүп койгон Эдил боюндагы жерлеринен толук чыгарылып, башка жактарга мажбурлап көчүрүлгөн. Немистердин баары Сибирдин алыскы аймактарына, Кавказ менен Орто Азияга айдалган. Согуш маалында жалпысынан 950 миң немис көчүрүлгөн.

Атасы. Биринчи Герман

Анна Германдын үй-бүлөсү ошол кездеги советтик немистердин башына түшкөн мүшкүлдөрдүн баарын көргөн. Украинадан айдалган Аннанын үй-бүлөсү алгач Үргөнчтө жайгашкан, болочок ырчы чоң энеси, апасы, атасы, таякеси менен чогуу турган. 1937-жылы бир убакта атасы менен таякесин камакка алышкан. Ушул жерден урук-туугандары менен чогуу жашаган меннониттердин үй-бүлөсү жакындарынын баарынан, агалары менен эжелеринен ажырашты, чоң мүшкүл түштү.

«Экөөнү камакка алышты. О, Кудай! О, Жараткан! Асманыбызда кара булут айланды! Менде кандай коркунуч пайда болгонун, маанайым чөккөнүн айта албайм. Энтиге чуркап прокурорго бардым, төрөтүм жакындап калган. Ушул жерден камалгандар тууралуу жакшы кабар угамбы дегем! Күйөөм Евгений Герман менен иним Вильмар Мартенс кайда экенин сурадым. Мага минтип айтышты:

- Күйөөңүздү 10 жылга кат жазуу укугунан ажыратып сүргүнгө айдаганбыз!

- Эмне үчүн? Эмне үчүн?

Мага жооп беришпеди…

- Мен артынан бара аламбы?

-Жок…»[ii]

Атасын – Евгений Германды (Ойген Хёрманн) Ташкенде жок кылышкан. Кийин таякесин атышыптыр.

Ирма, Ойген, Анечка менен Аннанын чоң энеси. 1936-жыл.
Ирма, Ойген, Анечка менен Аннанын чоң энеси. 1936-жыл.

​Ирма – Аннанын апасы, кенжеси Фридрих чарчап калган, кызы ич келте дартына чалдыккан. Бардык жерде немистерди куугунтуктай башташкан. Ирма апасы менен кызы Аннаны алып Кыргызстанга, мурдагы Орловка, азыркы Ак-Дөбө айылына келген.

Талас

Такай коркунуч алдында жашаган немистер бири-бирине кайсы жерде улутташтары чогуу жашаганы тууралу маалыматтарды айтып турушкан болуш керек, бул да өзүнчө бир немис почтасы го. Ошентип Ирма апасы менен кичинекей кызын алып Кыргыз ССРинин Талас облусуна качып келет. Бул жерде касиеттүү Талас жериндеги төрт айылда жарым кылымдан ашуун убактан бери меннониттер менен башка келгин калктар көп болчу.

Бул убакыттын ичинде немистер чарбаларды тикелешти, маданий мейкин түзүштү. 1936-жылы аларга сыйынуу жайларына барууга тыюу салышканы менен жалпы маданиятын сактап калууга жетишкен. Согуш башталганы топуктуу элдин кыйласы азайып, экономикалык жагдайы начарлады, сактык менен кошо коркуу сезими күчөгөнү ал кезде байкалып турчу.

Мунун баарын бизге Талас облусундагы Ак-Дөбө (мурдагы Орловка) айылындагы география мугалими Исраил Кондубаев менен мектеп директору Акчал уулу Дүйшөн айтып беришти. Анна Германдын музейин түзүү идеясын да Исраил көтөрүп чыккан. Исраил Кондубаев мугалим эжей Ирма менен анын окуучу кызы Анна Герман тууралуу документтерди издеп таап чогулткан. Мына ушул мектепте Анна биринчи класска барган.

Мугалим, анан да ышкылуу изилдөөчү Исраил Кондубаев немистер, поляктар, орустар, кыргыздар тууралуу материалдарды иликтеп, айылда жашаган бардык улут өкүлдөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуп, айыл менен айылдыктар жөнүндө кенен баян жазууда. Айыл арасындагы санжыргалуу кептер, анда жашаган адамдар тууралуу баяндар унутулбай узакка сакталышы үчүн ушундай иш жасалышы керек. Аларды эстен чыгарбай, баасын аныкташ абзел. Анан да аларды өзгөрүлүп турчу идеология менен саясатка байлабай көрсөтүү зарыл. Ошондо гана Кыргызстандагы улуттардын тарыхы жазылат, алардын баары биригип келип өтмө катар жуурулушкан бай маданиятка айланат.

Исраил Кондубаев - бул өзүнчө баян, өткөндү жадынан чыгарбай жазып, тарых барагына каттап жаткан азамат. Анын арасында ушул айылда жашап кеткен немистер тууралуу баяндар да бар. Ал айылдан алыска кеткен, Таластын Орловкасын эсинен чыгарбаган айылдаштары, Анна Германды, Теодор Герценди эстеп жүргөндөр менен кат жазышып келет.

Исраил Кондубаев Германиядан белек катары алган китеп. Ушул айылда жашап кеткендер «Die alte Heimat im Talas-Тal» (Талас жеринде, эстен кетпес Мекенимде).
Исраил Кондубаев Германиядан белек катары алган китеп. Ушул айылда жашап кеткендер «Die alte Heimat im Talas-Тal» (Талас жеринде, эстен кетпес Мекенимде).

Китептин баш сөзүндө акын Вадим Шефнердин мына бул саптары жазылган:

Келечекке кеткен өмүрлөр,

Өткөн сайын кымбат көрүнөр.

Биз ошондон алып ырахат,

Бейиш болуп баары төгүлөр.

(Чем дольше в будущее входим,

Тем больше прошлым дорожим

И в старом красоту находим,

Хоть новому принадлежим).

Исраил Кондубаев менен анын архиви.
Исраил Кондубаев менен анын архиви.

Исраил Кондубаев Анна Германдын балалыгы, апасы менен Орто Азияда жашаган кезин баяндаган материалдарды жыйнап өзүнчө эле айылдык архивди түзүп салган. Мектептен анча алыс эмес жерде сүрөтчү Теодор Герцендин музейи турат. Исраил музей директору Ашымбек Айтышев менен бирге ошол музейдин биринчи кабатында Анна Германдын бурчун түзгөн. Исраил менен Ашымбек кесиби боюнча тарыхчы деле эмес, булар ышкыбоз илимпоздор, ушундай азаматтардын аракети менен биздин тарыхыбыз түзүлүп, арымы артып баратат. Мындай азаматтарды мамлекет баш болуп баарыбыз колдоо көрсөтүп, тарыхый баяндарды жыйнап сактап келаткандарга жардамдашышыбыз керек го.

Таласта Ирма көптүн арасында билинбей калышым мүмкүн деп ойлогон. Ошондон улам ал фамилиясын апасыныкына өткөрүп Мартенс болуп алган, айылдагы мектепке мугалим болуп орношуп, турмуштун кыйынчылыгына баш бербей тиричилигин өткөргөн. Кыйын кезең болчу. Согуш, ач-жылаңач заман, кычыраган аяздуу күндөр... Аннанын апасы Ирма ал күндөр тууралу күндөлүгүнө минтип жазган:

Ирма Мартенстин мектепте мугалим болуп иштеген эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
Ирма Мартенстин мектепте мугалим болуп иштеген эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

«Колума тийчү бир сындырым нан, кара буудайдан жасалган кара нан эле. Иштейин десем иш жок, жээрге да эч нерсе жок, баарыбыз жалпак үйдө турчубуз, анда атам тааныбаган алты адам менен чогуу кысылып жатабыз. Кийин биз Кыргызстанга Орловкага келдик. Ал жерде колхоздогу ишим үчүн арпа-буудайдын аралаш кебегин беришчү, апам ошондон нан жапчу. Бизде үйдү жылытыш үчүн отун да жок эле, көк муштум болуп тоңуп отурчубуз. Мындайда колумдан эмне келет? Бир күнү уурулук кылайын дедим. Биринчи ирет уурулукка бет алдым. Колхоздун саманын уурдап келдим. Өтө эле опурталдуу иш болчу – түндөсү бүкчүңдөп талаага барып, кырманда жаткан саманды көтөрө качып келиш керек, бирок айла жок. Бутум калтыраганына карабай уурулукка бардым. Өчөшкөнсүп ал түнү ай жаркырап чыгып, асман ачык болчу, үйүлгөн саман жылтырап, талаага алтын менен күмүштү чачып койгонсуп бир укмуш. Кулагым шырп эткен дабышты тыңшап… Милиция же колхоздун корукчусуна түшүп калсаң иштин бүткөнү! Мени эч ойлонбой атып салышмак! Бир кучак саманды жонума артып үйдү көздөй шаштым».[iv]

Уруштун укмуш күндөрү

Ушул Орловкада жүргөндө Ирма дагы бир Герман менен таанышат – Герман Гернер менен. Оорудан жетигип, сөөгү эле калган жөөт улутундагы поляк офицери экен, ал шордуу да ошол кезде Таласта жашырынып жүргөн. 1939-жылы Польшадагы өз шаарында жөөттөрдү аёосуз кырган канабайрамдан кара башын калкалап качып чыккан жигит эле. Герман Гернердин тагдыры да кыйла табышмактуу, аянычтуу болчу. Жөөт кыргындан качып чыккан, Польшада аларды немис аскерлери көрүнгөн жерден атып жок кылып, Чыгыш Европада бийлик апыл-тапыл алмашылып кеткенде аман каламбы деген үмүт менен Таласка келген экен.

Аннанын сабактан жетишкенин көрсөткөн сабак.
Аннанын сабактан жетишкенин көрсөткөн сабак.

Бул жерде ага жергиликтүү немистер жардам кылып, аз-аздан өзүнө келе баштайт. Мектепте мугалим болуп иштеп атканда Ирма менен таанышып, ошол кезде СССР аймагында куралып жаткан Польша Аскерлерине (Польско Войско) кошулуп кайрадан кан майданга жөнөп кетет. Ага чейин Кыргызстанда калып аткан советтик немистерге жардам кылып, Ирма менен жасалма никеге туруп, аны «аялым» деп калтырат.

Ирманы баары бир немистер үчүн түзүлгөн эмгек лагерине жөнөтүшөт, бирок 1946-жылы Герман Гернерге турмушка чыккандыгы тууралуу күбөлүктүн пайдасы тийип, кичинекей кызы менен апасын алып Польшага туш келет. Өмүр бою алар Герман Гернерге ыраазы болуп жашашат, бирок тагдыр жолу аларды кийин жолуктурбаптыр.

Мына ушул жерден ырчы кыз Аннанын жылдыздуу тарыхы башталат. Курбу кызынын туулган күнүндө ал католиктердин айтылуу «Ave Maria» ырын ырдап, ошону менен таанымал ырчы болуп калат. Ырчы кыздын жан дүйнөнү толкундатчу укмуш үнү пенде баласынын тээ тереңде катылган көңүл сырын козгоп, укмуш таланты бүр ачат.

Айтылуу ырчы Анна Герман.
Айтылуу ырчы Анна Герман.

[i]Анна Герман. Сто воспоминаний о великой певице. Иван Ильичев. 2016 г.

[ii] Анна Германдын биографы Иван Ильичёв ырчынын СССРде өткөн учурун, чыгармачылыгынын башталышын изилдеп бир нече китептерин жарыялаган. Ушу тапта Иван Ильичёв басмага «Орто Азия – Анна Германдын Мекени» деген китебин даярдоодо, анда улуу ырчынын СССРде өткөн балалыгы, 1936-1946-жылдардагы учуру баяндалмакчы. https://www.kp.kg/daily/26723.7/3748626/

[iii] Исраил Кондубаев иш бөлмөсүндө бизге архивин көрсөтүп жатат.

[iv] Ирма Германдын күндөлүгүнөн. Иван Ильичёв https://www.kp.kg/daily/26723.7/3748626/

Элмира Ногойбаева

(Которгон Бекташ Шамшиев)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG