Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 15:16

Совет душманы деп атып салышкан


Совет бийлигине кызмат кылгандардын көбү кийин "эл душманы" катары жок кылынган.

Тагай Эсенаманов жооптуу кызматтагы аткаминер деле эмес болчу.

Карапайым колхозчу, алыскы Ат-Башынын айтылуу Чеч-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келип, ошол жерде өмүр кечирип аткан. Репрессия чалгысы аны кыйгап өткөн жок. 1938-жылы камакка алынып, ноябрда атылган. Сөөгү “Ата-Бейитте”.

Иши жүрүшпөгөн айыл чарбасы

1929-жылы 27-декабрда Иосиф Сталин кулактарды тап катары жоюу чакырыгын алдыга жайган. Айтылган сөз аткарылышы керек эле. СССРде оокаттуу дыйкандарды камакка алуу, сүргүнгө айдоо, катаал куугунтуктар күчөгөн. Жаңы бийликтин айыл чарбасындагы саясаты жакшы жүрбөй, бирде бул, бирде тигил аймакты ачарчылык каптап, элдин большевиктерге ишеними өчкөн. Мындайда кимдир бирөөлөр күнөөлүү болушу керек эле. Лениндик жаңы экономикалык саясат тушунда кадыресе ирденип алган дыйкандар бийликтин айныгыс душманы болуп чыга келген. Чоң борбордон келген буйрук Кыргызстанга да жетип, оокаттуу дыйкандарды алыс жактарга сүргүнгө айдоо, жер которуу башталган.

1934-жылга чейин тап күрөшү бир топ жумшагыраак жүргөн. Бала-чакасы, туугандары менен алыс жерге айдап жиберүү “эл душманы” деп атып салганга караганда алда канча жеңил эле.

Коммунисттик өкүмдардын чакырыгына жооп кылып бир жылдан кийин Кыргызстандан алты миң үй-бүлө алыскы Украинага айдалган. Айрымдары Кавказга кеткен. Жеке чарбадан коллективдүү чарбага - колхозго өтүү кандай кыйынчылык, карама-каршылык менен жүргөнү тарыхый адабияттарда кенен-кесир сыпатталган. Социализм заманында бул кез коллективдешүүнүн кеңири жайылышы, бактылуу дыйкандардын жаңы чарбага жапырт өтүшү, андан соң ийгиликтерден баш адашып жалаң өнүгүү менен келе жатышканы катары сүрөттөлчү. Иш жүзүндө өлкөнүн көп жерлеринде азык-түлүк жетишпей, ачарчылык каптап, нааразы болгон дыйкандардын жаалдуу каршылыгы чыга баштаган, айыл чарбасында оор жагдай түзүлгөн.

Бийлик андан чыгуунун бир жолу катары катаал жазалоону тандап алган. Каршылык кыймылдары күч менен басылган. Репрессиянын алгачкы толкуну ошентип айылдан башталган. Айыл чарбасындагы оор жагдайдын түзүлүшүнө ошол кездеги кадрлардын сабатсыздыгы, ишти билбегендиги да себепчи болгон. 1930-жылдын мартында ВКП(б) БК саясий жана чарбалык, мамлекеттик кызматтарга төмөнкү социалдык топтун өкүлдөрүнөн дагы тартуу жөнүндө токтом чыгарган. Токтомго ылайык жетекчи кызматтарга ата-теги кедей, жашоо-турмушу оор, байлардын кызматын кылып, отунун алып, отун жагып келген томаяктар коюлушу керек эле. Кыргызстанда 1931-1932-жылдары жетекчи кызматтарга 1023 адам коюлган. Алардын ичинен 710 адам куур тонунан башка колго илинер кийими деле жок, буга чейин эл башкарууну эмес, кара курсагын кантип тойгузууну көбүрөөк ойлогон жардылар болчу. Ойдо жок жерден опсуз мүмкүнчүлүккө ээ болуп калган “жаңы манаптардын” кылык-жоругу, жасаган иштери көпчүлүктү таңданткандан башкага жараган эмес.

Арийне, кызмат тепкичинен кескин көтөрүлүп кеткен башкаруучулар арасында ишти ыкчам өздөштүргөн, жооптуу ишти камчы салдырбай тың жөндөп кеткендери деле чыккан. Тилекке каршы, андайлар аябай эле аз болчу. Мына ушул социалдык катмар, жарды-томаяктардын көбүнүн иш билбестигинен улам жогортон түшкөн буйрук, көрсөтмөлөр жеринде так аткарылбай калган. Атүгүл бурмаланып, кемчиликтерди жаап-жашыруу күчөгөн. Айыл чарбасындагы оор жагдай көбүнесе иштин көзүн таба албаган ошондой кокуйгүн жетекчилердин кесепетинен улам түзүлгөн. Репрессия андайларга көктөн издегени жерден табылган мүмкүнчүлүк болуп, бейкүнөө эчендерди жок кылышкан.

Айыл чарбасындагы кырдаал кылоосунан жана электе большевиктер өнөр жай өндүрүшүн көтөрүү - индустриялаштыруу демилгесин алып чыгышкан. Жалпы элдик жыргалчылык, бел оорутуп мээнет кылбай май көл-сүт көл жыргалга – коммунизмге өтүп кетүү демилгеси өнөр жай революциясынын натыйжасына байланыштуу эле. Социалисттик мамлекеттин экономикалык турмушундагы толгон-токой проблемалар, карама-каршылыктар кемчиликтердин баарына күнөөлүү душманды табуу маселесин алдыга алып чыккан. 1934-жылга чейин өлкөдөгү жаңылыкка каршы чыккандарга, жаңыны түшүнбөгөндөргө “эл душманы” деген уйгактай жабышып калчу айыптар тагылчу эмес. Катаал жаза катары советтик түзүлүштүн артыкчылыгын баалабагандарды кызматтан кетирип, партия катарынан чыгарып коюшчу.

Анын үстүнө ал кезде Сталиндин өзү чоң бийликке бекем орун-очок ала элек болчу. Партия түптөлгөндөн бери ага ишеним артылып, коммунизм Орусияда бийлик алынса эле курулуп калчудай көргөн дымакчыл большевиктер ортосунда тымызын бийлик талаш жүрүп жаткан. Ошол 1934-жылдын аягында, большевиктер партиясынын ишенген уулдарынын бири Сергей Киров киши колдуу болгондон кийин мурда тымызын каршылашып келген партиялык топтор арасындагы эрегиш күчөп, Сталин менен Бухаринди колдогон топ солчул оппозиция катары сыпатталган Троцкий, Зиновьевдин тарапташтарын жок кылууга өтүшкөн. Бир айдын ичинде Сталин мурдатан кыйынчылык-оорчулукту бирге тартып келген партиялык жолдошторунун 16сын аттырып, “кызыл кыргындын” кезектеги барагын ачып берген.

Кыргызстанда да башталган

Кыргызстанда 40 миңден ашуун адам репрессияланган. Ошол 1934-жылдын башынан апрелге чейин республиканын партиялык уюмунун 16 миң мүчөсү 6 миңге чейин азайган. Репрессия күч алган. Кыргызстан компартиясынын ошол кездеги башчысы Морис Белоцкий катаал жаза - республиканы башкаруунун ыктуу куралы деп эсептечү. Катуу кол партия баштыгы ВКП(б) Кыргыз обкомун 1933-жылдын сентябрынан 1937-жылдын мартына чейин башкарып турган. 1936-жылдын 28-мартында ошол кездеги ВКП(б) Борбордук комитетинин катчысы Ежовго 41 адамды Кыргызстандан башка жакка кетирүү жөнүндө сунуш жөнөткөн. Көп өтпөй Ежов НКВДнын жетекчиси болуп дайындалып, Белоцкийдин тизмесинде көрсөтүлгөн жетекчилердин баары атылган. Кыргызстанга келер замат борбордон өзү менен кошо ала келген өнөктөштөрүн партиянын жетекчилик кызматтарына дайындап, кыргыз кадрларын жок кылуу, ага улай “кыргызчылык” деген жаман адатты элдин эсинен чыгаруу аракетине киришип, ага жетүүнүн ылайыктуу жолу катары катаал жазаны, баш көтөргөн билимдүү кадрлардын көзүн тазалоонун аракетине киришкен.

Анын Москвада кандуу кыргындын башында турган Ежовго жазган каттарын окуган адамдын төбө чачы тик турат. Республикадагы НКВД жетекчиси менен биргелешип жүздөгөн бейкүнөө адамдарды жок кылышып, кандуу ишти берилип аткарып жаткан чагында Белоцкийдин өзү репрессиянын кылтагына илинген. Москвада отуруп жалпы совет өлкөсүн канга чакаткан Ежов, ага улай Белоцкий, анын оң колу болуп калган Лоцмановдор камалып, атылып, абактан чыкпай жок болушту. Мына ошол репрессия күчөп турган чакта республикага белгилүү жетекчилер, жооптуу кызмат адамдары эле эмес, карапайым колхозчулар да жок кылынган. Ошолордун бири Тагай Эсенаманов болчу.

Тагайды Фрунзеде атышты

Тагай Эсенаманов тууралуу маалыматтар аябай эле аз. Репрессия курмандыктарын эскерүү китебинде ал тууралуу кыскача маалымат берилген. Эсенаманов Тагай 1887-жылы Ат-Башы районундагы Чеч-Дөбө айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Ошол эле айылдагы Чеч-Дөбө колхозунун мүчөсү болгон. Совет бийлигине каршы иши үчүн 1938-жылы 13-мартта камакка алынып, 6-ноябрда эң оор жазага – атууга өкүм кылынган.

Бир адамдын өмүр жолу - кыйын кезеңге туш келген оор заманда жашаган адамдын кыска баяны мына ушул алты сапка сыйдырылган. Тагай Эсенаманов эч кандай совет өкмөтүнүн душманы, антисоветтик элемент эмес экени арадан кыйла жыл өткөндөн кийин 1989-жылы 31-майда ырасталып, толук акталган.

Ал өзү горбачевдук ачык-айкындык заманы келип, ак жеринен атылып жок кылынгандар акталып, кыйла жылдар бою жашырылып келген чындык ачыкка чыгып, большевиктик желдеттердин колунан курман болгондордун аты аталып, кылмыштуу иштер бир четтен чубалып чыга баштаган кез эле.

Тагай Сулаймановдун сөөгү “Ата-Бейитте” коюлган. 1938-жылдын ноябрында атылган азаматтардын катарында 1991-жылы табылып, август айында сый-урмат менен жасаты кайрадан жерге берилген. Совет өкмөтүнүн душманы деп аталып, Ат-Башыдан ал кездеги Фрунзе шаарына түз алынып келип, 6-ноябрда ак жеринен атылган азаматтардын бири.

Ошол кыргындагы карапайым адамдарга коюлган айыптардын баары коёндой окшош. Буржуазиячыл улутчул, пантүркчү, алаш ордочу, социал-туран партиясынын мүчөсү, ошол айыптардын баары биригип келип “эл душманы” деген өмүр бою жабышып калчу, атасынан баласына өтчү тикенек айыпка айланчу.

Миллиондогон бейкүнөө азаматтарды жок кылгандардын анабашында тургандардын көбү кийин атылып, башкаларга көрсөткөн азаптарды өздөрү да тартып, жазадан кача алышпады. Бирок уккан адамдын үрөйүн учурчу кандуу системаны ишке киргизип, бекем көзөмөлдөп, коммунисттик коомдун канын алып турган өкүмдар Сталиндин ишмердиги ушу кезге чейин так баасын ала албай, аны жерге-сууга тийгизбей мактачулар, жер-жеберине жеткире сындап жек көргөндөрдүн ит жыгылыш күрөшү дале токтоло элек. Атүгүл орус коомунда кийинки кездери колу канга малынган коммунист жетекчини актоо аракети жасалууда.

Кыргызстанда болсо эгемендиктин алгачкы жылдарында кыйла эле активдүү башталган иш бара-бара солгундап, репрессия курмандыктарын эскерүү күндөрүнөн башка учурда совет тарыхынын карама-каршылыктуу учуру эскерилбей калууда. Ушундай тоңмоюн мамиле өкүм сүрүп турган учурда Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин илимпоздорунун аракети менен репрессия курмандыктарын эскерген китеп жазылып, даяр болду. Колдоого аларлык жөрөлгө. Эстелик китеп жарык көрүүнүн алдында турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG