Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:55

Баткенден АКШга жеткирген согуш


Баткенден согушка кеткен Сыдык Алдашев.

«Азаттык» үналгысы менен «Эсимде» мултимедиа борборунун биргелешкен долбоору. Элмира Ногойбаеванын согуш туткуну тууралуу баяны.

1. Туткун – козголбос тема болчу

Экинчи Дүйнөлүк согуштун туткундары - постсоветтик айдыңда дагы эле көп козголбогон темалардын бири. Туткунга түшкөндөрдүн эки жагы тең: «биздикилер» немистерде туткунда болушун, тигилер советтик түрмөдө көргөн азап-тозокторун эстегиси келбейт.

Анткен менен Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Советтер Союзунун аймагында аскер туткундары эң көп топтолгон. Аскер командирлери сталиндик репрессияга туш келип азайып кеткендиктен, кадрларды даярдоодогу алешемдиктерден улам СССР катаал согушка даяр эмес эле. Үчүнчү рейхтин капыс кол салышынан кыйын кырдаалга кабылган Кызыл армиянын ири аскердик бөлүктөрүнүн жоокерлери (туткундардын көбү «чоң канабайрамдарда» душмандын колуна түшкөн) каршылык көрсөтүүгө шаасы келбей, аскер жетекчилеринин башкаруу жөндөмүнүн начардыгынан улам топ-тобу менен туткунга түшкөн.

Расмий немис булактарынын маалыматына караганда, согуш башталгандан 1945-жылдын 1-февралына чейин немистерге туткунга түшкөн советтик аскерлердин саны 5,7 миллиондон ашуун кишини түзгөн (5 754 миң адам). Бул аябай көп экенин, чын-чынына келгенде ушу тапта Кыргызстанда жашаган калкка бир аз жете бербеген кишинин душман колуна туткун болушун элестетип көрүү эле жетиштүү го.

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда тартылган сүрөт.
Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда тартылган сүрөт.

Мына ушу миңдеген, миллиондогон адамдардын тагдыры кантти? Ар биринин өз тагдыры эмне болду? Көбү курман болгон, өлгөндөн калганы жерине кайтып «эмгек-жаза лагерлерине» жөнөтүлгөн, башкаларын «Мекендин чыккынчысы» деп ошо союздун тушунда, кан майдандын өзүндө эле атып салышкан. Туткундардын азыраак бөлүгү гана аман калган. Алар болсо тилин тишине катып, көргөн азап-тозогун айта албай арманда кете берди.

Орусиялык «1941–1945-жылдардагы немис туткунуна түшкөндөрдү издөө» долбоорунун тескөөчүсү Григорий Скворцовдун маалыматы боюнча, Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдарында душман басып алган Советтер Союзунун аймагында аскер туткундары үчүн 400 лагерь салынган. 1941-жылы аскер туткундарын чыккынчыларга кошуп, алар тууралуу маалыматтарды жашырып, туткунга түшкөндөрдү дайынсыз жоголгондордун катарына кошкон. Фашисттик лагерлерде 4 миллионго жакын советтик туткундар курман болгон. 2004-2005-жылдары архивдик маалыматтар ачыкка чыгарылды. Бирок каза болгондордун жакындарынын 70 пайызы жакын адамынын тагдырын, анын качан, кайсы жерде каза болгонун билбейт.

Кыргызстанда мурдагы аскер туткуну Азамат Алтайдын кайгылуу тагдыры белгилүү. Анын өмүр баянына байланыштуу 1985-жылы «Толкундар жээкте өлүшөт» аттуу көркөм тасмасы тартылган, китептер, макалалар жарыяланды.

Жакында «Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматов: темир тордун кош тарабындагы эки тагдыр» деген китеп жарыкка чыкканы турат.

2. 17деги улан кан майданга аттанганда

Сыдык Алдашев Баткен районунун эң кооз айылы Кара-Булакта төрөлгөн. Ал жер мазар болуп калган Суу-Башыга бараткан жолдо капчыгайдын оозунда жайгашкан. Сыдыктын апасы Турду Батырова кырчындай кезинде төрт баласы – үч уул, бир кызы менен жесир калган. 1942-жылы 17ге чыккан Сыдык аскерге алынган. Үйдөгү балдардын чоңу болчу, кол арага жарап калган чырымтал боз улан эле. Өзү курактуу чырымтал балдар менен көнгөн үйүнөн миңдеген чакырым алыста кайнап аткан кан майданга аттанган.

Экинчи Дүйнөлүк согуш. Толгон-токой кыйынчылыктар, аёосуз кан майдан, туткун. 1943-жылы Сыдык туткунга түшкөндө кызыл аскерлер «Мекен чыккынчыларын» аянбай атып салышары тууралуу каңшаар тарады. Айласыз туткунга түшкөндөр фронттун бул тарабында аларды эмне күтүп турганын жакшы билишчү. 1945-жылы «согуш аяктагандан кийин жериме кайтам» деген үмүтү биротоло өчтү. Бул жылы башка туткундар менен кошо качып чыгуу аракети ишке ашпай калган акыркы мүмкүнчүлүк да өчтү.

Согуш аяктап, аскер туткундарын союздаштар бошоткондон кийин ал ооруканага түштү. Согуштан алган жарааты, лагердеги ачкалык, кыйноонун залакасы акыры аны алып жыкты. Тоолуу жерден келген сергек уландын саламаттыгы начарлап, арыктап сөлөкөтү эле калган эле. Алыскы Азиядан келген жарадарды ооруканада тал чыбыктай немис кыз карап, экөөнүн жылдызы келишип калат.

Ошол 1945-жылы туткундарды кандай тагдыр күтүп турганын уккан Сыдык СССРге кайтпоону чечет. Динге берилген мусулман болгондуктан жашай турган жери катары Түркияны тандайт. Сүйгөн кызын ээрчитип ошол жерге келет. Немис кызга үйлөнүп, ал ислам динин кабыл кылып, эки жаштын жаңы турмушу башталат. Түркияда төрөлгөн балдарына алыста жүрүп сагынган жакын адамдарынын атын коёт. Кызы – Айша, таежесинин атына коюлган, уулунун аты Сейитмурат, абасынын аты. Ал кезде Түркия деле тынч эмес эле. Согуштан, кыйроо-талкалоодон, ачарчылыктан азап чеккен дүйнө тынч турмушка көчүп аткан. Кыйынчылыктарга карабай Сыдык ишке баш-оту менен киришет, үй-бүлөсүн багыш, туткундан аман калгандарга жардам көрсөтүш үчүн акча керек эле.

Ал кезде туткундан бошонгондон кийин союздаштар менен кошо кетип, АКШдан башпаанек алган Азамат Алтай татаал тагдырга туш келген жердештерине колунан келишинче жардам көрсөтүүгө киришкен. Ошонун демилгеси менен Сыдык Алдашев 1958-жылы АКШга көчүп барып, бала-чакасы менен жашап калат. Согушка эч кандай кесиби жок эле аттангандыктан Америкада айдоочулукту үйрөнүп, таксист болуп иштейт. Балдары чоңоюп, коллежге окууга өтүштү. Ал балдарына кол жеткис болуп алыста калган туулган жерин сүйүүнү, кыргыз экенин унутпоону үйрөтөт.

Сейитмуратты кыргызчага үйрөтөт, туулган жеринин кооздугун айтып берүүдөн тажабайт. 1967-жылы Монреалда өткөн эл аралык «Экспо-67» көргөзмөсүнүн Кыргыз маданият күндөрүн көрүшүп, Сейитмурат ал жерде Мекенди билүү викторинасында сыйлыкка ээ болот. Балакеттүү согуштан Сыдыктын баласы да четте калган жок, бирок канабайрамдан аман калды. Сейитмурат - Вьетнам согушунун ардагери.

3. 30 жылдан кийинки жолугушуу

Турду апа тун уулун үмүт үзбөй күттү. «Эне жүрөгү алдабайт, уулум тирүү» деп жүрдү. Кийин Сыдыктын инисинин кызы Назгүл Алдашева абасы тууралуу маалыматтарды сурап архивдерге кайрылат. Ошондой каттарынын бирине расмий жооп келет, анда Сыдык Алдашев Украинанын Житомир облусундагы урушта курман болгондордун тизмесинде экени маалымдалган болчу.

Согуштан келген катты окуп жаткан адам.
Согуштан келген катты окуп жаткан адам.

Бирок алардын үй-бүлөсүн аң-таң кылган кабар алыскы Америкадан 1962-жылы келди. Ал жердеги Сыдык жакындарына кат жазыптыр. Сыдык кирилл тамгасында жаза алчу эмес, алар мектепте латын тамгасында окушкан, кийин баары орус тамгасына өтүшпөдүбү. Кыязы, ага кат жазышка Азамат Алтай жардам кылган окшойт же өзү жазып бергендир. «Өлдү» деген баласы алыскы Америкадан табылып атканына сүйүнгөн үй-бүлө Кудайга ыраазы болуп аксарыбашыл чалып түлөө өткөрдү. Бул эми совет бийлиги күчүндө турган кезинде болгон иш. Ошондон кийин жылына бир-эки жолу Сыдыктан айылына кат келе баштады, анда ал аман-эсендигин, үй-бүлөсү менен жакшы жашап жатышканын жазчу. Эненин санаасы тынды. Турду апага уулунун амандыгы, жашоо-турмушу эл катары өтүп атканы гана керек болчу. Энеге мындан артык бакыттын кереги барбы? Уулунун амандыгын билгенден кийин «көрсөм экен» деп дегдей баштады. «Жок дегенде бир көрүп алсамчы» деген эңсөө пайда болду.

Турду апа 17 жашта чырымтал бойдон кеткен уулу менен аны согушка жөнөткөндөн туптуура 31 жыл өткөндөн кийин жолугушту. Бул 1973-жыл болчу.

Чет жерде мусапыр турмуш кечирген Сыдык, ошол эле Азамат Алтай, башка кыргыздардын баары туулган жерин сагынып, Ала-Тоо көздөн уччу. СССР менен АКШнын ортосундагы «темир тор» кыйла жыл бою жерин сагынгандардын демине суу сээп, келе албай отурушчу. Жазган каттарынын баарында Сыдык туугандарына калаты суроолорду берчү. «Баткенде жакшы мейманкана барбы, ага токтой аламбы?» дечү. Буга таң калган туугандары: «Ээ, айланайын, Баткендеги мейманкананын сага мине кереги бар, айылың турат, багың, үйүң бар, келсең бактын ичине төшөктү калың салып, дасторконду жайнатып, чайды алдыңа коюп тосуп алышка жарайбыз» дешчү. Ак көңүл айылдыктар четтен келгендерди карап, аңдып турганга мамлекеттик имарат – мейманкана болушун, ал жерде мейман тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө турушу керек экенин, байкоо жүргүзүүгө баары ылайыктуу болуш керек экенин билишпейт да.

Сыдык Алдаштын энеси жана бир туугандары. Баткен, 1963-жыл.
Сыдык Алдаштын энеси жана бир туугандары. Баткен, 1963-жыл.

1973-жылы Сыдык Алдашев Орто Азия боюнча туристтик саякатка чыгып, анын үч күнү ал кездеги Фрунзе – азыркы Бишкекке бөлүнгөнүн, ушунча убакыт башкалаада болорун катында баяндаган. Туугандарына ушундай кат жазат. Жолугушууга даярдык башталат. Ага жалаң эле Сыдыктын туугандары эмес, башка тийиштүү кызматтар да киришет. Ошол белгилүү органдар, парткому да, туугандардын жолугушуусун даярдачулардын бардыгы толгон-токой кеп-кеңештерин берип, байкоо салып турушат, жолугушчу жерди даярдашат – ишенимдүү деген тааныштын үйүн даярдап күтүп калышат. Бир чети кызык, анан да көрсөтмөлүү окуя болгону жатпайбы. Туугандардын баарын парткомго чакырышып, аларды узакка эмне кылышарын кулагына куюшат, баарынан да Турду апа «жакшы кийиниши» керек экендиги катуу тапшырылат. «Четтен келгендер СССРдеги турмуш мыкты экенин, советтик адамдар жакшы жашап жатышканын билип, жерине мактап кетсин» деген далбаса го. Бирок жолугушууга болгону үч-төрт саат гана убакыт беришет.

Эне менен бала бири-бирин тиктеп катып көпкө туруп калышты. Анан кучакташып алып ыйлап атышат...

Турду апа ошол учурда катуу ооруп жаткан. Согуш убагы, андан кийинки оор мезгил, кендирди кескен жетишпестик, чөжүрөгөн балдарын чоңойтом деп жанын аябай иштеген кездердин залакасы ушул оору болчу. Ошондон Турду апаны Фрунзеге учак менен алып келишти, калган жакын туугандар Тажикстандын Канибадамынан поюзга отуруп эки күн жол жүрүп шаарга жетишти. Апанын көңүлүндө тумардай бекем каткан ысык тилеги бар эле. «Баламды көрүп өлсөм арманым жок» деп басса-турса Кудайга жалынып, баласын күттү. Айткандай эле уулу менен көрүшкөндөн бир ай өтүп-өтпөй Турду апа бу жарыкчылыкты таштап кете берди.

Турду апанын келини, кичүү уулунун аялы Раат Абдиеванын эскерүүсүнөн:

«Жолугушууда сөз деле көп сүйлөнгөн жок. Эне менен бала бири-бирин тиктеп катып көпкө туруп калышты. Анан кучакташып алып ыйлап атышат... Бир топтон кийин Сыдыктын карындашы акырын аны-муну сурай баштады.

Апасынын абалы абдан начар экенин Сыдык түшүндү. Бул кездешүүнү ал аябай күткөн эле, ал мынчалык оор болорун, ден соолугу үчүн катуу сыноо болорун ойлогон эмес эле. Коштошуп жатып апасын жакшы карашын кайра-кайра тапшырды.

Ал баарын, майда-чүйдөсүнө чейин эстеп отурду. Коңшуларды, классташтарын, айылдаштарын сурап атты. Абам баарын эч унутпай, мээсинде сактап келиптир, кийин айтам деп эч нерсени унутпаптыр. Кийин 1991-жылы Баткенге, өзү туулуп-өскөн айылы Кара-Булакка келгенде айтты. «Бу биздин кыштак 50 жылда деле өзгөрбөптүр. Мен айылдын башынан этегине чейин жөө кыдырып, баарын - мектепти, туугандардын үйлөрүн, талаа менен бакты эч адашпай таап бере алам. Баары мурдагыдай, эч өзгөрбөптүр» деди».

4. Өз алдынчалык жана өзгөрүлбөстүк

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ортону тосуп турган «темир тор» да кулап түштү. Узак убакыт камалып жаткан адамдар бири-биринен окчун калган дүйнөнү кайрадан өз алдынча ача баштады: бул жер советтик, тиги «дөңдүн артында» капиталисттик дүйнө. Ал жерден мындан 50 жылдай илгери жоготуп алган адамдарын таба башташты.

1991-жылы Сыдыктын чакыруусу менен АКШга иниси менен келини, бизге Сыдык аксакалдын оор тагдырын айтып берген Раат эже барып келишти. Азыркыга чейин туугандар ортосундагы катыш үзүлө элек.

Эгемендик келгени Сыдык аксакал өзү үч ирет Кыргызстанга келип кетти. Ар кыл адамдар, коомдук ишмерлер менен жолугушту.1994-жылы анын уулу Сейитмурат Кыргызстанга келди. Ал ошол кездеги алдыңкы илимий борборлордун бири болуп эсептелген Ишкерлик мектебинде, ушу тапта Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясында дарс окуган. Мүмкүн окуу жайынын архивинде ошол лекциянын жазуусу сакталып калган чыгаар.

Азамат Алтай менен чогуу жүргөн Сыдык Алдашев мезгил ырайын жакшы билген болуш керек. Анткени бир жагынан ачык-айкындык менен кайра куруу мурда тыюу салынып келген темаларды жок кылып, окуяларды бир тараптуу, анын ичинде Экинчи Дүйнөлүк согушту бир жактуу баяндоону жок кылды. Экинчи жагынан ушул кезге чейин бийлик башында турган советтик коммунисттик төбөлдөр, дымактуу элита объективдүү маалыматты жактырып ийген жери жок.

Эгемендик менен өз алдынчалыктын 26-жылында деле ошолордун идеологиясы үстөмдүк кылып отурбайбы. Алар сырткы дүйнөгө, өлкөгө өздөрүнө көнүмүш үгүт аркылуу, коммунисттик көз караштан мамиле кылышат. Өзүнүн тарыхына, өз элине эркин, көз каранды эмес коомдун позициясынан чыгып карай алышпайт. Мына ушул кош түстүү, баарын ак же кара деп бөлүү үстөмдүк кылгандыктан Азамат Алтай, Сыдык Алдашев сындуу инсандар эркин Кыргызстандын расмий тарыхынан четте калып отурат. Аларды ачууга мезгил жетти. Мунун баары өткөндү эстеп, анын сабактарын кайталабаш үчүн керек.

1994-жылы Сыдык Алдашев бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ага чейин ал эчен жыл эңсеген тууган жерине келип, Суу-Башынан капчыгайды жарып аккан көк кашка тоо суусунан ичип, айылында, элинин арасында жүрүп, апасынын көкүрөгүнө башын жөлөө ыкыбалына туш келди.

[i] Шнеер А. Часть I. Глава 2. Военно-организационные причины // Плен. Советские военнопленные в Германии, 1941-1945. — Мосты культуры / Гешарим, 2005. — Т. 1. — 624 с. — ISBN 5-93273-195-8.

[ii] 3 Dallin A. Deutsche Herrschaft in Russland 1941-1945: Eine Studie uber Besatzungspolitik. Dusseldorf, 1958. S. 440.

[iii] Тайна советских военнопленных. Радио «Азаттык». 28.04.15 Казиз Тогузбаев. https://rus.azattyq.org/a/sovetskie-voennoplennye-poisk/26982909.html

Элмира Ногойбаева

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG