Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

СПИД борбору акысыз тест тапшырууга чакырат


Бишкектеги лабораториялардын бири, 2018-жыл.
Бишкектеги лабораториялардын бири, 2018-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борбору ВИЧти шилекей аркылуу үй шартында аныктоого мүмкүнчүлүк берген тест январь айынын этегине чейин акысыз экенин маалымдайт.

Борбор ВИЧке жыл сайын тест тапшыруу бул оорунун алдын-алуунун натыйжалуу ыкмасы экенин белгилейт. Тест тапшыруу боюнча толук маалымат бул жакта.

Дүйнөдө 1-декабрда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жеткени кабарланды. Оорудан 2170тен ашуун адам каза тапкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG