Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Бишкек-Вашингтон кызматташтык келишимине байланыштуу иш уланууда


Кыргызстандын жана АКШнын желектери.
Кыргызстандын жана АКШнын желектери.

Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер уланууда. Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ тарап сунуш кылган долбоор өкмөттө каралып жатканын, анда Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алууга көңүл буруларын белгиледи.

Бул тууралуу ал 2-ноябрда медиа өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер ортолоп калганы июлда расмий кабарланган.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң эки тараптуу кызматташууну үзүү демилгесин көтөргөн. Мындан улам кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган.

АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет жана ири донорлордун бири. Вашингтондун расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн. (Azk\SE)

XS
SM
MD
LG