Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Европарламент Орусиянын «Түндүк агым - 2» газ куруунун курулушун токтотууну талап кылат


Евробиримдиктин туулары.
Евробиримдиктин туулары.

Европа парламенти 21-январда Орусиянын «Түндүк агым - 2» газ куурунун курулушун токтотууну талап кылган резолюция кабыл алганы жатат. Бул долбоор аркылуу Орусия Балтика деңизинин түбү аркылуу табигый газды Германияга жеткирүүнү көздөп жаткан.

Ошондой эле европалык парламентарийлер оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камакка алынышына байланыштуу санкцияларды кеңейтүүгө камынышууда. Жаңы резолюцияга ылайык, Европанын Орусияга карата буга чейинки санкциялары кеңейтилип, ага Навальныйды камакка алууга катышкан орус аткаминерлери кошулушу мүмкүн. Санкциялар «орус президенти Владимир Путиндин жакынкы чөйрөсүн», «орус олигархтарын» жана «пропагандисттерди» камтыйт.

Документте Европа Биримдигинин мүчөлөрү тышкы саясаттагы ар кыл аянтчаларда Орусия менен кызматташтыкты карап чыгып, «Түндүк агым - 2» сыяктуу долбоорлорду токтотушу керек экени жазылган.

Резолюцияны Европарламенттеги көпчүлүк партиялардын мүчөлөрү колдошу күтүлүүдө.

Европа менен Орусиянын мамилесин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камакка алышы кайрадан начарлатты. Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.

Орус бийлигин туруктуу сындап келаткан адамдын камакка алынышын Европадагы бир катар өлкөлөр сынга алып, Кремлди аны бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG