Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Коронавирус жуккандардын көбү Чүйдө жана Бишкекте катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-январга карата Кыргызстанда дагы 155 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду.

Ооруга чалдыккандар кийинки күндөрү кайра көбөйө баштады.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83585 киши болду. Жалпы ооругандардын 79 509у сакайды. Соңку бир күндө 136 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1394 киши болду.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган бейтаптардын аймактык көрсөткүчү:

  • Чүй облусунда – 63;
  • Бишкек шаарында - 42;
  • Ош облусунда – 12;
  • Ысык-Көл облусунда - 11;
  • Жалал-Абад облусунда - 11;
  • Нарын облусунда - 6;
  • Ош шаарында - 6;
  • Баткен облусунда - 3;
  • Талас облусунда - 1 киши.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 708 бейтаптын 33үнүн абалы өтө оор, 225и оор, 442си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Андан тышкары, 1044 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 21-январда 96 миллион 857 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 74 миңден көп, ал эми сакайгандар 53 миллиондон ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG