Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Жети талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет


2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдум учуру. Бишкектеги добушканалардын бири.
2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдум учуру. Бишкектеги добушканалардын бири.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышкан жети талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди. Алар - шайлоого келген элдин 1% ашыгынын добушун алган талапкерлер.

БШКнын акыркы жыйынтыгы боюнча, шайлоодо ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров – 79,20%, Адахан Мадумаров – 6,79%, Бабыржан Төлбаев – 2,36%, Мыктыбек Арстанбек – 1,69%, Абдил Сегизбаев - 1,46%, Имамидин Ташов – 1,17%, Клара Сооронкулова – 1,00% добуш алган.

Калган талапкерлер алган добуш 1% жеткен эмес.

Мыйзам боюнча шайлоого келгендердин добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алган талапкерлерге 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш.

Азыр шайлоого байланыштуу БШКнын депозит эсебинде 18 миллион сом бар. Анын жети миллион сому талапкерлерге кайтарылат. Калганы кайтарылып берилбейт, бюджетке чегерилет.

Кайтарылбай турган каражаттын арасында шайлоого аз күн калганда ага катышуудан баш тарткан Рашид Тагаев төккөн күрөө да бар.

Расмий жыйынтыкка караганда, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен кошо өткөрүлгөн башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга катышкан элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

Боршайком расмий жыйынтыкты 20-январда жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG