Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Ирактагы жардыруудан жети киши мерт болду


Жардыруудан кийинки көрүнүш. Багдад, 21-январь, 2021-жыл.
Жардыруудан кийинки көрүнүш. Багдад, 21-январь, 2021-жыл.

Ирактын борбору Багдадда жанкечти жардырган бомбадан улам кеминде жети киши каза болуп, дагы 20дан ашыгы жабыркады. Расмий органдардын маалыматы боюнча, Багдаддагы Таяран аянтынын жанындагы эл көп жүргөн базарда эки жардыруу болгон. Ирактын мамлекеттик телеканалдары жанкечти өзүн-өзү жардырганын кабарлашты. Анын кесепетинен жарадар болгондордун көпчүлүгү оор абалда экени белгилүү болду. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Диний пикир келишпстиктен улам тиреш күчтүү болгон Иракта кийинки убакта мындай окуялар азайып калган эле. Акыркы жолу 2019-жылы жайында жардыруу катталып, бир нече адам каза болгон. Ал учурда террордук чабуулдарды көбүнчө «Ислам мамлекети» тобу уюштуруп келген.

Ирак бул террордук топту 2017-жылдын аягында толугу менен жеңгенин жарыялаган. Бирок согушкерлер айрым тоолуу аймактарда иш жүргүзгөнү боюнча маалыматтар айтылып келет.

XS
SM
MD
LG