Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Сот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгарды


Дамир Мусакеев. 2018-жылдагы сүрөт.
Дамир Мусакеев. 2018-жылдагы сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 31-декабрда үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Тиешелүү чечимди Мусакеевдин ишин караган Бишкектин Свердлов райондук соту ошол күнү чыгарганын Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» 21-январда билдирди.

Жогорку сот 9-декабрда Дамир Мусакеев боюнча мурдагы эки инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти башка соттук курам менен кайра караш үчүн Свердлов райондук сотуна кайтарган.

Мусакеев 2019-жылдын 24-майында УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге «2016-2017-жылдары аталган башкармалыкты жетектеп турган кезде мыйзамды одоно бузган. Анын кесепетинен алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге үй тийбей калган. 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон, ал эми муктаж 18 киши турак жайсыз калган» деген негизде айып койгон.

37 жаштагы Мусакеев өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келатат.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде бир нече жыл анын жеке жансакчысы болгон. Кийин УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG