Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда болот.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Азыр инаугурацияга даярдык башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров шайлоого келген элдин 79,20% добушун алды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

Боршайкомдун расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду. (NT)

XS
SM
MD
LG