Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Бишкек ЖЭБин токтоосуз газга өткөрүү боюнча демилге көтөрүлдү


Бишкектин шаар сыртынан көрүнүшү.
Бишкектин шаар сыртынан көрүнүшү.

Жогорку Кеңештин 21-январдагы сессиясында Бишкектеги ыш маселесин чечүү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жыйында «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, ышка негизинен машинелер эмес, Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) себеп болуп жатканын айтты.

«Акыркы 15 күндө Бишкекте ыш азайганы байкалды. «Ыш эмнеден улам чыгып атат?» десе, өкмөт машинелерди себеп катары көрсөтөт. 15 күндөн бери ыш жок. Машине түгөнүп калдыбы же киргизбей койдуңарбы? Демек, ышка ЖЭБдин таасири чоң болуп жатат. Мына, күн жылыганда алар ишин азайтты. Финполиция 15 күндөн бери ошол жакта отурат. Ыш жоголду десек болот».

Маматалиев ыштан арылыш үчүн Бишкек ЖЭБин токтоосуз түрдө газга өткөрүш керек деп эсептейт.

«Өкмөт жылуулук сезону боюнча атайын программа иштеп чыккан. ЖЭБди үч ай болсо да газга өткөрөлү. Бирок анын баасы көтөрүлүп кетет. Аны элге жүктөбөй, бюджеттен субсидия кылып, жаап берели», - деди Маматалиев.

Сессияда КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева абаны тазартыш үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүүнү сунуш кылды.

Баш калаада бир нече жылдан бери жыл сайын кыш мезгилинде ыш, абанын булганышы негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы кооптуу чектен ашканын көрсөтүп келет.

Аталган уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, 21-январда шаарда абанын сапатынын индекси (AQI) 175 болуп, Бишкек дүйнөлүк рейтингде тогузунчу ээледи. Бул аба зыяндуу дегенди түшүндүрөт.

Эреже боюнча индекс 50дөн ылдый болгондо гана ден соолукка коопсуз деп эсептелет.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында индекс учурда 184тү көрсөтүүдө.

Январдын башында Бишкектин тегерегинде индекс 1000ге чейин жеткен. Сокулук, Новопавловка, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашып кеткен.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан январдын ортосуна чейин дээрлик алдыңкы он саптан түшкөн жок. Экологдордун пикиринде, апта башында күн жылып, абанын сапаты бир аз жакшырганы байкалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG