Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкка үмүт артат


АКШ менен Кыргызстандын желектери.
АКШ менен Кыргызстандын желектери.

Бишкек кыргыз-америка алакасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, АКШнын жаңы администрациясы менен жемиштүү иштешүүгө даяр. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 21-январда ушундай билдирүү таратып, Жо Байденди АКШ президенттигине киришкени менен куттуктады.

Бишкек эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган мындан аркы биргелешкен кадамдарды колдойт жана АКШ президентинин Кыргызстандын жарандарына 2020-жылы киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салган чечимин кубаттайт.

Расмий кабарга ылайык, эки тарап Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоо, адам укуктарын илгерилетүү, коррупцияга, криминалга каршы кызматташууну уланта берет.

Жо Байден 20-январда кызматка киришер замат мурдагы президент Дональд Трамп бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына киргизген иммиграциялык виза чектөөлөрүн жокко чыгарды.

Байдендин жарлыгына ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирет, Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат.

Бишкек АКШнын жаңы президентинин бул эл аралык маанидеги жарлыктарын кубаттап, климаттын өзгөрүшү жана экология жаатында жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG