Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Дүйнөнүн Байденден үмүтү чоң


Президент Жо Байден. 20.1.2021.
Президент Жо Байден. 20.1.2021.

АКШнын 46-президенти Жо Байдендин ант берип кызматка киришүүсүнө дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүк жетекчилери өз турумдарын билдиришти. Жо Байден кызматка киришкен соң Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Вашингтон менен мамилени жакшыртууга үмүттөнүп жатышат. Бакыт Асановдун сереби.

АКШнын буга чейинки президенти Доналд Трамптын европалык лидерлер менен соода алакаларынан баштап, коргоо тармагына кеткен чыгымдарга чейинки маселелер боюнча кайым айтышкан учурлары көп болгон.

Байден Европа өлкөлөрү менен мамилени жакшыртып, президенттикке киришкен соң алгачкы 100 күнүндө “Эски континенттеги” өлкөлөрдү кыдыра турганын билдирген.

Президент Байден ант бергенден кийинки сөзүндө мамилени мурдагы калыбына келтирип, жалпы дүйнөнүн келечеги үчүн аракет көрөөрүнө убада кылды:

“Чет өлкөлөрдөгү элдерге мен төмөнкүдөй кайрылат элем: Америка сыноолордон өттү жана биз ал сыноолордон мурдагыдан күчтүү болуп чыктык. Биз өнөктөштүктү калыбына келтирип, жалпы дүйнө менен кайрадан мамилени курабыз. Ал кечээки маселени чечүү үчүн эмес, бүгүнкү жана эртеңки көйгөлөрдү чечүүгө арналат”, - деди.

Мурдагы президент Трамп НАТОнун алкагындагы кызматташтыктын “эскиргенин” айтып, Европадагы өнөктөштөрдү коргоо тармагына көп каражат бөлбөйт деп сындап келген. Ал түгүл Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон экс-президент Кошмо Штаттарды Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымакатын курамынын чыгарууну көздөгөнүн айтып чыккан эле.

Ал эми АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси Ник Бернс Трамптын билдирүүлөрү жана аракеттери Европа менен Американын ортосундагы мамилени Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң начар деңгээлге түшүргөнүн билдирген.

Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел Кошмо Штаттар менен Евробиримдикти транс-атлантикалык карым-катнашта жаңы пайдубал курууга үндөдү.

Байден ант берээрдин алдында Мишел аны Брюсселдеги болочокку саммитке катышууга чакырды:

«Акыркы төрт жылда бир топ зыянга учураган транс-атлантикалык мамилелерибизди кайра чыңдаганга бүгүн мүмкүнчүлүк бар, – деди Мишель – Мен АКШнын жаңы президентине анын ыйгарым укуктарынын биринчи күнүндө салтанаттуу сунуш менен кайрылам: Келгиле, кубаттуу Европа үчүн, кубаттуу Америка үчүн жана мыктыраак дүйнө үчүн пайдубал болчу жаңы келишим түзөлү

Ал эми жакында эле Евробиримдиктен чыккан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон:

«Мен (Байден) жана анын жаңы администрациясы менен кызматташууну, биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоону, орток артыкчылыктуу багыттарыбыз: климаттын өзгөрүшүн ооздуктоо, пандемиядан оңолуу, өзүбүздүн трансатлантикалык коопсуздугубузду бекемдөө жаатында иш алып барууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп билдирди.

Трамп Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып кетишин жактап, Евробиримдикке сыртын салууга далаалат кылган.

Кошмо Штаттардын жаңы президенти Байден кызматка кириши менен алакалар дурус жолго түшө турганына Германия, Франциянын жетекчилери, НАТОнун баш катчысы өз ишеничтерин билдиришти.

Ошол эле учурда АКШ менен мамилеси начарлаган Орусия, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн Вашингтон менен мындан кийинки алакаларында кандай өзгөрүүлөр болот? деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.

Орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 20-январда эртең менен Москва Вашингтон менен жакшы алака түзүүгө умтулаарын билдирди. Бирок АКШ бийлиги да дал ошондой максатты көздөйбү же жокпу, ал - “Байден жана анын тобунан көз каранды”, - деп Песков кошумчалады.

Мурдагы президент Трамп өлкөнү башкарып турган учурда Орусия менен АКШнын ортосундагы алакада чыңалуу сакталса да, ал Владимир Путин менен жакшы санаалаш катары саналчу.

Экс-президент Трамп Орусиядагы адам укуктарынын бузулушу, АКШнын чалгын кызматы ашкере кылган киберчабуулдар аркылуу шайлоого кийлигишүү сыяктуу айыптоолор боюнча Кремлге карата кескин сын айтпай келди.

Ал эми соңку жылдары мамиле курчуп кеткен Ирандын президенти Хасан Роухани Байдендин инаугурациясы күнү Трамптын дарегине абдан ачуу сын айтты. Ал Трамптын кызматтан кетип жатканын кубаттап, аны «зулум» деп атады.

Хасан Роухани Жо Байденди Тегеран менен дүйнөлүк ири мамлекеттер 2015-жылы түзгөн келишимге кайтууга жана санкцияларды алып салууга үндөдү.

«Топ - азыр АКШ тарабында. Вашингтон Ирандын 2015-жылкы өзөктүк келишимине кайтса, биз да документте каралган милдеттенмелерибизди толук аткарабыз», - деп Роухани министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Сөз болгон келишимге кол коюлганда, Байден вице-президент болуп турган. Эми Байдендин өкмөтү Иран менен тирешүүнү басаңдатуу, шериктер менен мамилелердеги өксүктөрдү жоюу, Кытай менен улам салкындап кеткен карым-катнашты жөнгө салуу сыяктуу иштерди жүргүзүшү күтүлөт.

Байдендин кызматка келишин Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын эки тарабы болгон Израил менен Палестина өкүлдөрү кубаттап, чөлкөмдө тынчтык орнотууга Байдендин өкмөтү салым кошот деген үмүтүн билдиришти.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG