Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Дүйнө жүзү жана Жо Байден


Дүйнөдөгү карыя мамлекет башчылар.
Дүйнөдөгү карыя мамлекет башчылар.

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Жо Байдендин АКШнын президенти кызматына кирип жаткандыгына байланыштуу өз пикирлерин ортого салууда.



Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондондо өлкө парламентинде чыгып сүйлөп жатып, мындай деди:

“Мен (Байден) жана анын жаңы администрациясы менен кызматташууну, биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоону, орток артыкчылыктуу багыттарыбыз: климаттын өзгөрүшүн ооздуктоо, пандемиядан оңолуу, өзүбүздүн трансатлантикалык коопсуздугубузду бекемдөө жаатында иш алып барууну чыдамсыздык менен күтөм”.


Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен “Твиттерде” жазды:

«Америка Кошмо Штаттары кайтып келди. Ал эми Европа болсо даяр турат. Эски жана ишенимдүү өнөктөш менен кайрадан байланышуу үчүн, биздин бөпөлөнтүлүп келген ынтымагыбызга жаңы дем киргизүү үчүн [кайтып келди]. Мен @JoeBiden менен биргеликте иштөөнү шыктанып күтүп жатам».

Германиянын президенти Франк-Валтер Штайнмайер видео кайрылуу жасады:

«Бүгүн – демократия үчүн жаркын күн. Ал Америка Кошмо Штаттарында эбегейсиз зор чакырыктарга туш болду жана туруктуулугун камсыздады. Американын институттук түзүлүшүн быт-чыт кылуу далаалаттарына карабастан, шайлоо кызматкерлери жана губернаторлор, сот бийлиги жана Конгресс кубаттуу экендиктерин далилдешти. Бүгүн Жо Байден президент катары ант берип, Ак Үйдүн босогосун аттаган жатканына өзүмдү абдан тынч алгандай сезип турам. Германияда көптөгөн калайык дал меникиндей сезимге батып жатканын билип турам».


НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг “Твиттер” барагында Байденди куттуктоо менен бирге мындайча жазды:

"Кубаттуу #NATO – Түндүк Америкага да, Европага да пайдалуу, анткени эч кимибиз жалгыз өзүбүз туш болчу кыйынчылыктарды чече албайбыз. Бүгүн – жаңы баптын башаты ачылды жана мен тыгыз кызматташтыгыбызга карай үмүттөнө карайм!"

Франциянын өкмөтүнүн басма сөз катчысы Габриэл Аттал мырза Байдендин АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана Париж климаттык келишимине кайрадан кошулат деген сөзүнө карата канааттанган пикирин билдирди:

“Биз президент Байден менен бекем, пайдалуу жана жаңыланган мамилелерди курууга өзгөчө ашыгып турабыз. Бизде биргелешип иш-аракет кылуу үчүн мүдөөлөрүбүз жана эбегейсиз зор чакырыктарыбыз бар", – деди Аттал министрлер кабинетинин отурумунан кийин.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Перес-Кастехон коомдук жыйын маалында мындай деп айтты:

«Байдендин (шайлоодогу) жеңиши – демократиянын ашынган оңчулдардын жана алардын үч ыкмасынын: массалык алдамчылык, улуттук жиктелүүчүлүк жана демократиялык институттарды кыянаттык менен пайдалануу, ал түгүл зомбулук түрдө пайдалануу ыкмаларынын үстүнөн болгон жеңишин билдирет... Беш жыл мурда биз Трампты жөн гана калпыс такмаза катары кабыл алганбыз, бирок беш жылдан кийин биз ал дүйнөдөгү эң кубаттуу демократиялык мамлекетке карата коркунуч туудургандай коркунуч жаратканын аңдап билдик».

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте шейшембиде өлкө парламентинде мындай деп сүйлөдү:

“Биз Байдендин президенттигин шыктануу менен күтүп жатабыз. Биз, Чоң жыйырмалыктагы төрагалыгыбызды назарда тутуу менен бирге, аны менен дароо иш-аракет баштамакчыбыз. Биз – бекем жана орток күн тартибине ээбиз, ал күн тартиби – эки жагыбыз тең каалаган натыйжалуу көп тараптуулуктан тартып климаттык өзгөрүү, экологиялык жана санариптик өткөөл жана социалдык көйгөйлөргө чейинкилерди өзүнө камтып турат”.

Орусияда болсо Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков курал-жарактарга көзөмөл келишиминин узартылышы жаатындагы жаңы башталыш ыктымалдыгы тууралуу кабарчыларга мындай деп айтты:

“Орусия жана анын президенти бул келишимди сактоону жакташат... Эгерде биздин америкалык кесиптештерибиз бул келишимди узартуу жолу менен сактап калуу үчүн саясий эркти иш жүзүндө көрсөтчү болсо, анда аны жактыруу менен гана кабыл алууга болот”.

Ирандын президенти Хасан Роухани бул инаугурация күнү мурдагы президент Д.Трампты эң катаал сынга алды. Трамптын учурунда Вашингтон Тегеран менен болгон 2015-жылдагы өзөктүк келишимден чыгып кеткен жана Иранга каршы жазалоочу чектөөлөрдү киргизген. АКШ менен Ирандын өз ара мамилелери өзгөчө кастык маанайы менен айырмаланган.

"Зулумдун доору аяктап, бүгүн анын каргашалуу башкаруусунун акыркы күнү келди", – деди Роухани.


Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху мындай деп билдирди:

“Президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис, Сиздерди тарыхый инаугурацияңыздар менен куттуктайм. Президент Байден, сиз экөөбүздүн ортобузда бир нече ондогон жылдардан бери келе жаткан жекече достук мамилебиз бар. Мен сиз менен АКШ-Израил ынтымагын мындан ары чыңдоо, Израил менен Араб дүйнөсүнүн ортосундагы тынчтыкты кеңейтүү жана жалпы чакырыктарга каршы туруу үчүн кызматташууга үмүттөнөм, алардын баш сабында – Иран тарабынан келтирилген коркунуч турат”.

Ал эми Палестинадагы исламчы “Хамас” тобунун басма сөз өкүлү Фавзи Бархум мындайча каалоосун айтты:

“Трамптын (кызматтан) кетишине эч кандай өкүнүч жок, анткени ал дүйнөдөгү адилетсиздиктин, зордук-зомбулуктун жана экстремизмдин эң чоң булагы жана демөөрчүсү жана биздин элибизге каршы баскынчылыктын жүрүшүндө Израилдин жерибизди ээлеп алуусунун түздөн-түз өнөктөшү болуп келди... АКШнын президенти Жо Байден элибизге каршы жүргүзүлүп жаткан туура эмес жана адилетсиз саясаттын нугун өзгөртүүгө жана чөлкөмдө коопсуздук жана туруктуулуктун пайдубалын түзүүгө тийиш”.

XS
SM
MD
LG