Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Байден дипломатияда “бышкан” ардагерлерди жогорку кызматтарга сунуштайт


АКШнын Мамлекеттик департаментинин (Тышкы иштер министрлигинин) баш кеңсеси. 2008-жылдын 13-августу.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин (Тышкы иштер министрлигинин) баш кеңсеси. 2008-жылдын 13-августу.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 2015-жылы Иран менен өзөктүк долбоор жаатындагы сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн башкы өкүлү болгон дипломат Венди Шермандын талапкерлигин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги экинчи ири жетекчилик кызматка – мамкатчынын орун басарлыгына сунуштады.

Ал эми ардагер дипломат Виктория Нуланд айым мамкатчынын саясий иштер боюнча орун басары болуп, өлкө тышкы иштер мекемесинде үчүнчү ири кызмат ордун ээлемекчи. Нуланд айым 2014-жылы Украинанын жемкорлукка баткан президенти Виктор Януковичти бийликтен кулаткан элдик ыңкылапка бекем колдоо көрсөткөн дипломат болчу.

Шерман мырзанын дипломатиялык аракети менен расмий Тегеран жана дүйнөдөгү кубаттуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү Ирандын өзөктүк долбоорду өтө чектелген деңгээлде жүзөгө ашыруусу тууралуу макулдашууга жетишилген. Ал эми Батыш, өз кезегинде, Иранга карата чектөөлөрдү кыйла жумшарткан.

Бирок 2018-жылы президент Дональд Трамптын өкмөтү бул келишимден АКШны чыгарып салды. Андан тышкары, Иранга карата катаал чектөөлөрдү киргизүү жолуна түштү. Иран болсо, өз кезегинде, өлкөдөгү долбоор өзөктүк отунду тынч максатта колдонуу максатын көздөп жатканын белгилөө менен бирге, өзөктүк келишимдин айрым бөлүктөрүн акырындап буза баштады жана бул кадам үчүн Батыштын өзүн айыптады.

Ал эми Обаманын тушунда Орусия жаатындагы негизги дипломат болгон Нуланд айым Украинадагы демократиячыл өзгөрүүлөрдү талап кылган элдик толкундоолордун жана Орусия Крымды каратып алган окуялардын учурунда Чыгыш Европада дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргүзгөн тажрыйбалуу адис.


2014-жылы башталган Украинанын чыгышындагы жаңжал 13,200дөн ашуун кишинин өмүрүн алды. Украинанын айрым бөлүктөрүнүн Орусия тарабынан басып алынышы, Кремлдин өлкө чыгышындагы жикчилдерди колдоого алышы Орусия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы мамилелерди өзгөчө салкындатып койду.


Байдендин Сенаттагы мурдагы жардамчысы Брайан Маккеон Мамкатчынын башкаруу жаатындагы орун басары болуп калмакчы.

Обаманын тушунда Мамлекеттик департаментте жана Ак Үйдө иштеген Бонни Женкинс айым Мамкатчынын курал-жараккка көзөмөл маселелери боюнча орун басарлыгына сунушталды.

2018-жылдан бери Мамлекеттик департаментте иштеп келген тажрыйбалуу дипломат Узра Зея Мамкатчынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары кызматын аркалашы күтүлөт.

Байдендин өткөөл тобу бул талапкерлер тууралуу 16-январда билдирди. Шерман, Маккеон, Нуланд, Женкинс жана Зея өз кызматтарына АКШ Сенаты бекиткен соң гана киришүүгө тийиш.

Ал эми Трамптын тушунда анын саясатына каршы чыгып, ыктыяры менен кызматтан кеткен Нед Прайс мурдагы президент Барак Обаманын тушунда президенттик мекемеге караштуу Улуттук коопсуздук кеңешине мүчө болгон. Эми Прайс Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы катары келечектеги мамкатчы Энтони Блинкендин маалымат жайылтуу жаатындагы оң колуна айланмакчы.

Обаманын тушундагы көп аткаминерлердин Мамлекеттик департаментке кайтып келиши тышкы саясатта да Байдендин жаңы өкмөтү Трампка чейинки доордогу дипломатиялык багытты калыбына келтирээрин ишарат кылып турат. (TT)

XS
SM
MD
LG