Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Токтогулов: Байдендин администрациясы адам укуктарына көңүл бурат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00

АКШнын салттуу өнөктөштөрү Жо Байденге чоң үмүт артып, анын келиши менен ортодогу мамилелердин оң жакка өзгөрөрүнө ишенишет. Мындай пикири менен Кыргызстандын Вашингтондогу мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов бөлүштү. Анын айтымында, АКШнын Борбор Азия саясаты дайыма стабилдүү болуп келгендиктен, бул жагынан чоң өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Мурдагы элчинин пикиринде, жаңы адимнистрация адам укуктары маселелерине көбүрөк көңүл бурат.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кошмо Штаттар менен Евробиримдикти трансатлантикалык карым-катнашта жаңы пайдубал курууга чакырды. 20-январда Мишел АКШнын жаңы эле ант берген президенти Жо Байденди Брүсселдеги болочок саммитке катышууга чакырды.

Евробиримдик менен Кошмо Штаттар – дүйнөдөгү эң ири соода шериктери жана алар өз ара маданий, тарыхый, ишкердик, коопсуздук тармактарындагы тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүп келишет. Бирок АКШнын жаңы эле кызматтан кеткен президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып кетишин жактап, Евробиримдикке сыртын салууга далалат кылган.

«Акыркы төрт жылда бир топ зыянга учураган трансатлантикалык мамилелерибизди кайра чыңдаганга бүгүн мүмкүнчүлүк бар. Мен АКШнын жаңы президентине анын ыйгарым укуктарынын биринчи күнүндө салтанаттуу сунуш менен кайрылам: Келгиле, кубаттуу Европа үчүн, кубаттуу Америка үчүн жана мыктыраак дүйнө үчүн жаңы пайдубалдык келишим түзөлү!» – деди Мишел.

Евробиримдиктин аткаруу бийлигинин бутагы болгон Европа Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен да ушундай маанайда сүйлөп, Европа Биримдиги расмий Вашингтон менен трансатлантикалык мамилелерди жаңы сереге чыгарууга даяр экендигин айтты.

Инаугурациядан кийин Байден менен Харрис Арлингтондогу улуттук көрүстөндө белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюшмакчы. Андан кийин президент биринчи токтомдор менен буйруктарга кол коёт.

Байдендин өткөөл мезгилдеги командасы билдиргендей, кеп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташтыкты калыбына келтирүү, Париж келишимине кайра кошулуу, бир нече мамлекеттин, көбүнчө мусулман өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөөнү алуу, расалык теңдикти камсыздоо иштерин күчтөндүрүү жана башка чечимдер тууралуу жүрүп жатат.

Байден америкалыктарды “патриоттук милдетин” аткарып, коронавирус менен күрөшүү үчүн беткап тагынып жүрүүгө үндөйт деп күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG