Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Байдендин инаугурациясына катышкан экс-президенттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Байдендин инаугурациясына катышкан президенттер

Жо Байден президент катары биринчи сөзүндө АКШ демократиянын жеңишин белгилеп жатканын билдирди. "Кошмо Штаттарда демократия назик экенине күбө болду, бирок бүгүн ал жеңди", - деди.

Байден элди биримдикке чакырып, ар бир америкалыктын президенти болууга убада берди. Ага добуш бергендердин да, добуш бербегендердин да кызыкчылыктарын тегиз коргой турганын белгиледи.

Жо Байден Жогорку соттун төрагасы Жон Робертстин маңдайына туруп, оң колун жогору көтөрүп, сол колун аялы кармап турган Инжилге коюп, мамлекет алдында ак дилден кызмат кылууга, Конституцияны коргоого ант берди.

Жо Байден жана Биринчи айым Жилл Байден. 20-январь, 2021-жыл.
Жо Байден жана Биринчи айым Жилл Байден. 20-январь, 2021-жыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG