Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Британ премьери Жонсон Брекзиттин жыйынтыкталганына зор баа берди


Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон өз өлкөсүнүн Евробиримдик менен Брекзиттен кийинки доордогу соода алакалары боюнча келишимге кол коюлушун кубаттап жатат. Лондон. 2020-жылдын 30-декабры.
Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон өз өлкөсүнүн Евробиримдик менен Брекзиттен кийинки доордогу соода алакалары боюнча келишимге кол коюлушун кубаттап жатат. Лондон. 2020-жылдын 30-декабры.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон 31-декабрда өз өлкөсү Европа Биримдиги менен жаңы соода келишимин түзүү аркылуу бул биримдиктен чыккан соң, эми Британия «ачык, берешен, интернационалисттик жана эркин базар мамилелерине негизделген Бириккен падышалык болот» деп убада берди.

Улуу Британия менен Европа Биримдиги тогуз айлык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кол койгон соода келишими Гринвич убактысы боюнча 2020-жылы 31-декабрда кечки саат 11:00де (23:00дө) күчүнө кирди. Бул салтанаттуу окуя Лондондогу Биг Бендин коңгуроосу аркылуу да белгиленди.

Улуу Британиянын парламентинин имараты. 2020-жылдын 31-декабры.
Улуу Британиянын парламентинин имараты. 2020-жылдын 31-декабры.

Эми Улуу Британия Европа Биримдигинин орток базарына жана бажы биримдигине мүчө болбой калды.

Босогодон кирип келе жаткан 2021-жылга карата куттуктаган кайрылуусунда премьер Жонсон Евробиримдиктен чыгуу жүрүмүнүн жыйынтыкталышын «бул өлкө үчүн өзгөчө татынакай учур» деп жогору баалады. Улуу Британиянын өкмөтүн жетектеген консерваторлор партиясынын демилгеси менен 2016-жылы июнда референдум өткөрүлүп, калайыктын көпчүлүгү өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгышын жактап добуш берген.

«Эми өз эркиндигибиз өз колубузда, биз бул жагдайды эң жогорку деңгээлде колдонууга тийишпиз», – деди Жонсон мырза.

Ал эми француз президенти Эммануэл Макрон баары бир Улуу Британия Евробиримдиктин «досу жана шериги бойдон» кала берет деген пикирин айтты.

Улуу Британияда COVID-19 илдетине каршы өзүнүн да атамекендик вакцинасы өндүрүлүп чыкты. Бул окуяга дээрлик тушташ эле, өлкөдө коронавирустун жаңы түрү жайылып жатат. Алдыда дагы эле «катаал күрөш күтүп жатат» деп айтуу менен бирге, премьер Жонсон: «Эртең, 2021-жылдын алгачкы таң заарында бул вакциналар жаатында тастыкталган пикирге ээ болобуз», – деп айтты. Бул жергиликтүү вакцинага шилтеме жасап, Жонсон мырза айрым учурларда кээ бир иштерди Улуу Британия Европа Биримдигиндеги «өз досторубуздан да мыктыраак» жасай алат, деп кошумчалады.

Британиянын азыркы премьеринин атасы Стэнли Жонсон (Stanley Johnson) Лондондун Трафалгар аянтында климаттык өзгөрүүлөрдү чектөөнү талап кылган нааразылык жыйынында. 2019-жылдын 9-октябры.
Британиянын азыркы премьеринин атасы Стэнли Жонсон (Stanley Johnson) Лондондун Трафалгар аянтында климаттык өзгөрүүлөрдү чектөөнү талап кылган нааразылык жыйынында. 2019-жылдын 9-октябры.

Өкмөт башчы Жонсондун «Брекзиттен кийинки жагдай Улуу Британияга зор мүмкүнчүлүк берет» деген пикирине көлөкө түшүргөн окуя да орун алды. Премьердин өзүнүн атасы Стэнли Жонсон баласынын тушунда кол коюлган келишимге ылайык Улуу Британиянын жарандары үчүн Европа Биримдигине келүүгө кыйла чектөө киргизилип жатканын айыптап, эми өзү Франциянын жарандыгын алууга далалат кыла тургандыгын 31-декабрда калайыкка жарыялады.

Европа парламенти Улуу Британия менен Европа Биримдиги түзгөн жаңы соода келишимин 2021-жылдын февралынын соңуна чейин ратификация кылышы керек.

«Брекзит» расмий түрдө 11 ай мурда жүзөгө ашырылган, бирок иш жүзүндө Улуу Британия 2020-жылдын 31-декабрынын акыркы саатына чейин Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө таандык эрежелерге ылайык соода карым-катнашын жүргүзүп келди. (TT)

XS
SM
MD
LG