Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Брекзит: Евробиримдик менен Улуу Британия соода келишимине кол койду


Британ премьер-министри Борис Жонсон. Лондон шаары, 2020-жылдын 24-декабры.
Британ премьер-министри Борис Жонсон. Лондон шаары, 2020-жылдын 24-декабры.

Европа Биримдиги менен Улуу Британия Брекзиттен кийинки соода алакасы боюнча келишимге кол койду. Бул документ Лондон менен Брюсселдин ортосундагы деңиздеги балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду.

Улуу Британиянын өкмөтү тараткан билдирүүдө «2016-жылы референдумда жарандарга айтылган бардык убадалар аткарылды» деп айтылат. Британ премьер-министри Борис Жонсон Лондон шаарында 2020-жылдын 24-декабрында өткөргөн басма сөз жыйынында бул жаңы келишим тараптардын «өз ара көпкө созулган достугу менен кызматташтыгы үчүн пайдубал болуп каларын» канааттануу менен айтты.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Лайен болсо бул келишим жалпы базарга чыгууда жана балык уулоо тармагында бирдей шарттарды камтый турганын билдирди. Ал 27 мүчө өлкөдөн турган Евробиримдик менен Улуу Британия «орток мүдөөлөрдү жүзөгө ашырыш үчүн бири-бирине ийиндеш бойдон тура бермекчи» деп 24-декабрда баса белгиледи.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Лайен. Брүссел ш. 2020-жылдын 24-декабры.
Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Лайен. Брүссел ш. 2020-жылдын 24-декабры.

Улуу Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Ал 2021-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек.

Эгерде бул документ жаңы жылга чейин кабыл алынбаса, анда эки тарап Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык соода жүргүзмөк. Анда бардык төлөмдөр жана квоталар ишке кирип, мындай кырдаал Улуу Британиядагы ишкердикке зор сокку урушу мүмкүн болчу.

2019-жылы Улуу Британия менен Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жалпы соода жүгүртүүсү 668 миллиард фунт стерлинг, же 900 миллиард долларга жакын көлөмдө болгон.

2016-жылы Улуу Британиянын жарандарынын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу боюнча демилгени жалпы референдумда колдогон. Бул өлкө Европа Биримдигинен кайра чыгып кеткен биринчи өлкө болуп калды. Аталган жүрүм «Брекзит» деп аталып калган (бул «Британия» жана «чыгуу» сөздөрүнөн куралган).

Улуу Британиянын Евробиримдиктен толугу менен чыгуу жүрүмү 2017-жылы башталып, эки жылга созулат деп күтүлгөн. Бирок иш жүзүндө анын чыгуу мөөнөтү бир нече жолу узартылды.

Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Тереза Мэй эки жылга жакын бул багытта сүйлөшүү өткөрүп, ал башында туруп түзүлгөн келишимди парламент үч ирет четке каккан. Бул өз кезегинде Мэйдин кызматтан кетишин шарттаган.

Ал эми 2019-жылдын июлунда британ өкмөтүнүн башына келген Борис Жонсон Евробиримдик менен келишим түзүлсө да, түзүлбөсө да бул уюмдан өлкөнү чыгарууга убада берген.

Улуу Британиянын азчылыкта калган жарандарынын топтору өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу боюнча чечимге каршы бир катар нааразылык акцияларын майнапсыз уюштуруп келишти.

XS
SM
MD
LG