Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Жонсондун жеңиши


Британ премьер-министри Борис Жонсон шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин партиялаштарынын алдында сүйлөп жатат, Лондон, 13-декабрь 2019-жыл.
Британ премьер-министри Борис Жонсон шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин партиялаштарынын алдында сүйлөп жатат, Лондон, 13-декабрь 2019-жыл.

Британиядагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Брекзитти жактаган Консерваторлор партиясы чоң жеңишке жетти. Эми партия лидери Борис Жонсон Британия менен Евробиримдиктин "ажырашуу жараянын" аягына чыгаруу үчүн күчтүү мандатка ээ болду.

Соңку бир кылым ичинде биринчи жолу декабрь айында өткөн чукул шайлоонун башкы жеңүүчүсү Борис Жонсон экени талашсыз.

Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Даунинг-стритке" же премьер-министрдин резиденциясына күчтүү мандат менен кайтып келди. Анын жетеги менен Консерваторлор партиясы Маргарет Тэтчердин 1987-жылкы жеңишинен бери биринчи жолу парламентте эң көп мандатка ээ болуп, көпчүлүктү түзүп калды.

"Брекзитти ишке ашырабыз!" деген ураан менен шайлоого катышкан бул партиянын талапкерлери жалпы 650 округдун кеминде 364үндө жеңишке жетишти. Парламенттеги көпчүлүк үчүн 326 мандат жетиштүү болчу.

Эми мындай жеңиш менен премьер-министр Борис Жонсон Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгары жазылган, мурдагы чакырылыштагы депутаттар бир нече жолу жактырбай койгон Брекзит келишимин парламенттен оңой эле өткөрө алат.

- Бул шайлоодо силердин добушуңар угулду, убагында угулду. Себеби биз, саясатчылар, соңку үч жарым жылда Брекзит боюнча ызы-чуу түшүп жатып, көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгардык. Керек болсо кантип талашып-тартышуу керек деген маселени да талашып жаттык. Мен акылга сыйбаган бул жорукту токтотом жана биз Брекзитти өз убагында - 31-январга чейин ишке ашырабыз, - деп билдирди Жонсон.

Бат шаарындагы добуш саноо, 13-декабрь 2019-жыл.
Бат шаарындагы добуш саноо, 13-декабрь 2019-жыл.

2016-жылдагы Брекзит референдумунан кийин экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Лейбористтер партиясы 59 мандатынан ажырап, 203 депутаттык орунга гана ээ болду. Бул Брекзиттин шарттарын Европа Биримдиги менен кайра сүйлөшүүнү, керек болсо кайра референдум өткөрүүнү сунуштаган партиянын 1935-жылдан берки эң начар көрсөткүчү. Мындан улам лейбористтердин лидери Жереми Корбин шайлоонун жыйынтыгына өкүнгөнүн билдирип, партиянын төрагалыгынан кете турганын билдирди.

- Мен болочоктогу бир дагы шайлоо өнөктүгүндө партияны жетектебей турганымды так айтып койгум келет. Шайлоонун жыйынтыгын ойлонуу жана биздин келечектеги саясатыбызды аныктоо жолдорун партия менен талкуулайбыз, - деди Корбин.

Бирок Шотландиянын улуттук партиясы өз аймагында Консерваторлордон кем калбаган жеңишти камсыз кылды. Бул партия 2016-жылкы референдумда Брекзитке каршы добуш берген Шотландиянын көпчүлүк округдарында жеңишке жетишип, жалпы 48 депутаттык мандатка ээ болду.

Партия лидери Никола Стержен Шотландия консерваторлорго добуш бербегенин айтып, Британиянын курамындагы бул аймак көз карандысыздык тууралуу референдум өткөрүшү мүмкүн экенин ишара кылды.

Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин, Лондон, 31-октябрь 2019-жыл.
Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин, Лондон, 31-октябрь 2019-жыл.

Бейшемби күнкү шайлоодо Брекзитке каршы чыккан Либерал-демократиялык партиянын лидери Жо Свинсон өз округунда шайлана албай калды. Натыйжада партия мурдагы чакырылышка салыштырмалуу бир мандатынан ажырап, парламентте 10-орунга ээ болду.

Айтор, Британиядагы бул шайлоодо Брекзит маселеси үстөмдүк кылды. Адистер шайлоонун жыйынтыгын партиялардын бул маселе боюнча позициясы аныктап койгонун белгилеп жатышат.

Борис Жонсон айткандай, Британия 31-январга чейин Евробиримдик менен "ажырашуу" келишимин кабыл алып, Брекзит ишке ашса, бул өлкөнүн уюмдагы дээрлик 46 жылдан берки мүчөлүгү токтойт.

Европа кеңешинин жаңы президенти Шарль Мишель британ парламенти Брекзит боюнча тез арада добуш берет деп үмүт артып турганын айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп Борис Жонсонду 13-декабрда "Твиттер" аркылуу куттуктап, Брекзиттен кийин Британия менен Кошмо Штаттар ири соода келишимдерин түзө аларын белгиледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG