Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Британия жаңы премьерин тандады


Борис Жонсон шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин сөзүн сүйлөп жатат, Лондон, 23-июль 2019-жыл.
Борис Жонсон шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин сөзүн сүйлөп жатат, Лондон, 23-июль 2019-жыл.

Борис Жонсон Британиянын бийликтеги Консерваторлор партиясынын лидери жана өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп тандалды. Ал өкмөт башчы катары 24-июлда расмий түрдө ишке киришмекчи.

Британиянын Консерваторлор партиясы шейшемби күнү өзүнүн лидери катары күтүлгөндөй эле 55 жаштагы Борис Жонсонду тандады.

Кезинде Лондон шаарын башкарган Жонсон атаандашы, учурдагы тышкы иштер министр Жереми Ханттан эки эсе көп добуш алды. Аны Консерваторлордун өлкө аймагындагы 160 миңдей мүчөсүнүн 65 пайыздан ашыгы колдоду.

Британияда бийликтеги партиянын төрагасы өлкөнүн премьер-министри болот. Эми Жонсон бул кызматка расмий түрдө шаршемби күнү киришкени турат. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийинки сөзүндө Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын же Брекзитти аягына чыгарууга убада берди.

"Биз 31-октябрга чейин Брекзитти ишке ашырабыз. "Биздин колдон келет" деген сезимди жарата турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Натыйжада биз кайрадан өзүбүзгө жана бир нерсе жетише алаарыбызга ишене баштайбыз", - деп билдирди Жонсон.

Брекзиттин башында турган саясатчы

Британиянын Евробиримдикке мүчө бойдон калышын жактагандардын Лондондогу акциясы, 22-ноябрь 2018-жыл.
Британиянын Евробиримдикке мүчө бойдон калышын жактагандардын Лондондогу акциясы, 22-ноябрь 2018-жыл.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдошкон. Борис Жонсон бул референдумда Британиянын уюмдан чыгышын жактаган тараптын башында турган.

Элдик добуш берүүдөн кийин ал премьер-министр болот деген жоромолдорго карабастан консерваторлор ал учурда ички иштер министри болуп иштеп жаткан Тереза Мэйди өкмөт башчы кылып тандашкан.

Жонсон болсо Тышкы иштер министрлигинин башына келип, эки жылдан кийин Мэйдин саясатына каршылык иретинде кызматтан кеткен.

Акыркы бир жыл ичинде 62 жаштагы Мэй Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаары жазылган Брекзит келишимин бир нече жолу парламенттин ратификациясынан өткөрө албай коюп, быйыл май айында иштен кетерин жарыялаган.

Жол картасына ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу зарыл эле. Бирок британ парламенти орток пикир таба албагандыктан Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуу мөөнөтүн алты айга узартып, расмий Лондонго 31-октябрга чейин убакыт берген.

Куттуктоо менен коштолгон каршылык

Жонсон үйүнүн жанында турган журналисттерге чай сунуштап жатат, 12-август 2018-жыл.
Жонсон үйүнүн жанында турган журналисттерге чай сунуштап жатат, 12-август 2018-жыл.

Расмий Брюссел Британиянын жаңы премьери менен Брекзит маселеси боюнча иштешүүгө даяр экенин билдирди.

"Биргелешип чечүүнү талап кылган түрдүү жана татаал маселелер көп. Бизди кыйын мезгил күтүп турат. Менимче, бекем жана жакшы иш мамилесин түзүүнүн мааниси чоң. Себеби биз Европа элине да, британ элине да пайдалуу боло турган ишти аткарышыбыз керек. Андыктан мен аны менен иштешүүнү күтүп жатам", - деп билдирди Европа комиссиясынын шайланган президенти Урсула фон дер Ляйен.

Борис Жонсонду дароо эле АКШ президенти Дональд Трамп, француз лидери Эммануэль Макрон баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер куттукташты. Бирок өлкө ичинде Жонсондун тандалышы боюнча пикирлер бир кылка эмес.

Юстиция министри, башкы казыначы, билим берүү министри баш болгон британ өкмөтүнүн кеминде төрт мүчөсү Жонсон менен иштешүүнү каалабай турганын айтышып, өз ыктыяры менен кызматтан кетишти.

Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин Борис Жонсон Консерваторлор партиясынын 100 миңге жетпеген мүчөсүнүн добушун гана топтогонун, бирок "бүтүндөй өлкөнүн колдоосуна ээ боло албаганын" "Твиттерге" жазды.

"Биздин өлкөнүн эли кийинки премьер-министр ким болоорун жалпы элдик шайлоодо чечиши керек", - деп белгиледи Корбин.

Депутаттарынын басымдуу бөлүгү Британиянын Евробиримдикке мүчө бойдон калышын жактаган Либерал-демократиялык партиянын жаңы лидери Жо Суинсон: "Жонсон биздин өлкөнүн премьер-министри болууга татыктуу эмес экенин бир нече жолу анык көргөзгөн", - деп билдирди.

Талаштуу саясатчынын таржымалы

Борис Жонсон Лондондун мэри кезинде Токиодо балдар менен регби ойноп жаткан учур, 15-октябрь 2015-жыл.
Борис Жонсон Лондондун мэри кезинде Токиодо балдар менен регби ойноп жаткан учур, 15-октябрь 2015-жыл.

Чынында Борис Жонсон дипломатияга жатпаган кескин билдирүүлөрү жана талаштуу чечимдери менен көпчүлүккө таанымал. Анын ата жагынан түпкү теги осмон түрктөрүнө барып такалат. Анын чоң-чоң атасы Али Кемал Осмон империясынын акыркы ички иштер министрлеринин бири болгон.

Жонсон ата-энеси Британиядан убактылуу кетип, АКШнын Нью-Йорк шаарында жашап жатканда төрөлгөн.

1987-жылы Британиядагы Оксфорд университетин аяктап, карьерасын гезит-журналдардын кабарчылыгынан баштаган.

2001-жылдан 2008-жылга чейин Хэнли аймагынан депутат болуп шайланган.

2008-жылдан 2016-жылга чейин Лондон шаарын башкарып турду.

2016-жылдан 2018-жылга чейин тышкы иштер министри болуп иштеп, андан бери Аксбридж округунан депутаттык кызматын улантып келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG