Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Британия: Брекзит дагы артка жылды


Брекзитке каршы чыккандар парламент алдында. Лондон, 27-октябрь, 2019-жыл.
Брекзитке каршы чыккандар парламент алдында. Лондон, 27-октябрь, 2019-жыл.

Европа Биримдиги Брекзиттин мөөнөтүн кийинки жылдын 31-январына жылдырууга макул болду. 

Ал ушуну менен үчүнчү жолу артка жылдырылып жатат. Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнү Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Андан бери өкмөт менен парламент уюмдан чыгуунун шарттары боюнча мунаса таба албай келе жатат. Ал арада премьер-министрдин өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу сунушу Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан жок.

Еврошаркет Брекзиттин мөөнөтүн жылдырууга макул болгону тууралуу уюмдун төрагасы Дональд Туск кабарлады.

«Европа Биримдиги Британиянын Брекзит мөөнөтү боюнча 2020-жылдын 31-январына чейин ийкемдүү график берүү тууралуу өтүнүчүнө макул болду. Бул процедура жазуу түрүндө бекитилет», - деп жазды Дональд Туск «Твиттердеги» баракчасына.

Тиешелүү расмий документ 28-октябрда кабыл алынмакчы. Британ парламенти шаркеттен чыгуу боюнча келишимди ошол күнгө чейин ратификацияласа, «ийкемдүү графикке» ылайык, анда Брекзит 31-январдан эрте да ишке ашып кетиши мүмкүн.

Британ премьери Борис Жонсон Брекзитти которууга каршы болуп, 31-октябрга чейин уюмдан келишимсиз болсо да өлкөнү чыгарып кетүүгө убада берген. Бирок парламент өкмөттүн келишимсиз чыгуусуна тыюу салып, анын мөөнөтүн жылдырууга милдеттендирген. Борис Жонсон өзү каалабаса да Брекзиттин мөөнөтүн жылдырып берүү өтүнүчү менен Еврошаркетке ушундан кийин кайрылган. Эми Брекзит маселеси парламенттен көз каранды.

28-октябрда британ парламенти премьер-министр Борис Жонсондун мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу сунушун да карады. 12-декабрда шайлоо өткөрүү боюнча маселе Өкүлдөр палатасында добушка коюлуп, бирок колдоо тапкан жок. Ага 299 депутат гана "макул" деп добуш берди. Мыйзам долбоору колдоо табуу үчүн 434 добуш керек эле.

Британ парламенти.
Британ парламенти.


Премьер-министр жыдып калганына карабастан мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштай турганын дароо билдирди. Анын айтымында, эми ал жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган мыйзам долбоорун алып келет.

Жонсон депутаттар өлкөнү мындан ары "барымтада кармап турбашы керектигин" айтып, "парламент чечим кабыл алуу дараметин жоготту" деп билдирүүдө:

- Биз бул туңгуюк абалдын уланышына жол бербейбиз. Каалайбызбы, каалабайбызбы шайлоого барышыбыз керек. Ошондуктан биз бүгүн кечинде Брекзитти акырына чыгаруу үчүн 12-декабрда шайлоо өткөрүү туралуу "кыска" мыйзам сунуштайбыз. Палата мындан ары өлкөнү барымтада кармап тура албайт.

Премьер-министр мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоодо анын Консервативдик партиясы жеңет деп үмүттөнөт. Жонсондун оюнча, бул Брекзиттин айынан өлкө кептелген туңгуюк кырдаалдан чыгууга жардам бермекчи.

Би-би-синин жазганына караганда, азыркы тапта Консервативдик партияны колдогондор оппозициядагы Лейбористтер партиясынан көбүрөөк. Борис Жонсондун партиясы, сурамжылоолорго ылайык, шайлоочулардын 35 пайыз колдоосуна ээ жана бул атаандашы Жереми Корбиндин партиясына салыштырганда аны 10 пайызга көбүрөөк шайлоочу колдойт дегенди түшүндүрөт.

Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин буларга токтолду:

- Биз премьер-министрдин мыйзам долбоорун дыкат карап чыгабыз. Бирок биз Европа Биримдигинен келишимсиз чыгуудан баш тартууну талап кылабыз. Бул тууралуу так айтылышы керек. Буга чейин премьер-министр ушул нерсени айтпаштын аргасын кылып, ар нерсени сүйлөгөн.

Эгер мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү колдоо таппаса, анда парламент Борис Жонсондун октябрдын ортосунда Европа Биримдиги менен түзгөн Брекзит тууралуу келишимин ратификациялоо маселесин талкуулоого кайтмакчы.

Бирок министрлер кабинети парламенттеги оппозиция үчүнчү окууда келишимге өзгөртүү киргизип, өкмөт каалабаган, анын ичинде Европа Биримдиги менен Бажы союзунда калуу тууралуу шарттарды кабыл алып салат деп чочулашууда. Ошондуктан Борис Жонсон биринчи мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл алууга, андан кийин Еврошаркеттен чыгаруу тууралуу келишимин кароону сунуштап келе жатат.

Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнү Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Ага ылайык, адегенде Британия Евробиримдиктен 29-мартта чыгышы керек эле. Парламент буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэйдин Брюссел менен түзгөн келишим долбоорун да үч жолу четке каккан. Ошондон кийин Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган. Бирок Брекзит бул мөөнөттө да ишке ашпай, ал ушуну менен үчүнчү жолу артка жылдырылып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG