Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Британия менен Жапония каттамды токтотту, Франция болсо кайра ачты


Британия менен Франциянын чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.
Британия менен Франциянын чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.

Британияда коронавирустун жаңы штаммы тарап жатканына байланыштуу бул өлкө менен каттамдарды токтоткон өлкөлөр көбөйүүдө. Жапония бейшембиден тартып Бириккен Падышалыктан келген жарандардын киришине чектөө киргизет. Бул тууралуу жапон өкмөтүнүн баш катчысы Кацубо Като 23-декабрдагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча, Британиядан келген жапониялыктардан башка жарандардын киришине убактылуу чектөө салынат.

Ушул эле күнү Түштүк Корея да Улуу Британияга учкан авиакаттамдарды токтотконун жарыялады.

Ал ортодо Франция 23-декабрь эртең менен Британия менен чек арасын ачып, авиа, темир жол жана деңиз аркылуу каттамдарды жандантты. Эми Европа Биримдиги менен Британиянын жарандары коронавирус жугузбаганын далилдеген тест менен өлкөгө кирүүгө болот.

Француз бийлиги мындай чечимди Евробиримдигин чек арадагы чектөөлөрдү алуу боюнча сунушунан соң кабыл алды.

Расмий Париж Британия менен каттамдарга 20-декабрда чукулунан чектөө киргизген. Бул Англиянын түштүгүндө миңдеген жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын пайда кылып, Рождество майрамынын алдында сапарга чыккан көп адамдарга түйшүккө салган.

Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Британияда көп каттала баштаган соң Европа жана башка аймактардагы ондогон өлкөлөр каттамдарга чектөө киргизген. Британ саламаттык сактоо мекемеси жаңы штамм мурдагыга караганда 70% жугуштуу деген божомолун тараткан.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, азыркы учурга дүйнөдө 78 миллиондон ашык адам коронавирусту жугузса, 1 миллион 718 миңден ашууну анын кесепетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG