Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Британия «BioNTech» менен «Pfizer» жасаган вакцинаны коронавируска каршы колдонууга уруксат берди


Британия 2-декабрда алгачкылардан болуп «BioNTech» менен «Pfizer» фармацевтикалык компанияларынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул өлкө жапырт эмдөөнү келерки аптадан тартып баштаганы жатат.

Британия германиялык «BioNTech» компаниясы америкалык өнөктөшү «Pfizer» менен чогуу жасаган вакцинаны колдонууга Европа Биримдиги менен АКШдан озунуп макул болду. «Pfizer» компаниясынын башкы директору Альберт Бурла мындай чечимди «тарыхый учур» катары сыпаттады. Ал тараткан билдирүүдө «Биз дүйнө жүзүнө жогорку сапаттагы вакцинаны чукул арада коопсуз камсыз кылууга умтулабыз», деп айтылат.

Апта башында британ өкмөтү коронавируска каршы үмүт жараткан бул вакцинанын эки миллион дозасын аларын маалымдаган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок эмдөө калктын аялуу катмарынан башталарын, буга байланыштуу даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.

Британия - коронавирустан көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетти 1,6 миллиондон ашык адам жугузуп алып, оорудан 60 миңге жакын бейтап көз жумду.

«Pfizer» менен «BioNTech» компанияларынын вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгы өткөн айдын ортосунда жарыяланган. Анда бул препарат 95% натыйжалуулукту көрсөткөнү маалымдалган. Андан сырткары аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой алары ырасталган. АКШ бул вакцинаны тез арада каттоодон өткөргөн.

Мунун алдында, шейшембиде Кошмо Штаттардагы «Moderna» компаниясы өзү өндүргөн вакцина коникалык сыноонун соңку баскычында 94% оң натыйжа көрсөткөнүн жарыялаган. Ушундан улам компания АКШда жана Европада чукул арада каттоого уруксат алыш үчүн тиешелүү органдарга кайрыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG